Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

Сатирик жазуучу жана драматург Садыр Сарыгулов 20 жылдан ашуун “Чалкан” журналында иштеп, коомго жат көрүнүштөрдү сындаган калеми курч жазмакер катарында таанымал. Ал драматургия жанрында комедия аркылуу турмуштун терс көрүнүштөрүн ашкерелеп көрсөтө алган. Кыргыз адабиятында биринчилерден болуп сатиралык-юмордук роман жазган.

«Э-эй, Күрөңкөй! Напсиңди тый! Айоосуз токойду кыйдың, жүз жылдап өскөн жаңгактарды кыйдың, эми каргышына каласың. Кудайдын каарына каласың. Тирүүлөй тозокко барып түшүп, ысык чокко куурдактай кууруласың!»

Бул саптар сатирик, драматург Садыр Сарыгуловдун комедиясы боюнча коюлган «Куу дөңгөч» спектаклинен. Комедиядагы окуя, башкы каарман Күрөңкөй аттуу адамдын жеңил пайда табууну көздөп, Арсланбап токойундагы жаңгактарды айоосуз кыйып бүлдүргөн, алдым-жуттум кулк-мүнөзүн ачуу менен коштолот. Күрөңкөйдүн кошунасы Апсамат аттуу токойчу, анын мындай ээн баштыгын, амалкөйлүк менен токтотууга аракет кылат. Экөөнүн ортосундагы мамилени Апсаматтын ролун ойногон белгилүү актер Күмөндөр Абылов абдан мыскылдуу, күлкүлүү ачып берген.

«Куу дөңгөч» спектаклин койгон белгилүү режиссер Алмаз Сарлыкбеков ал чыгарма тууралуу пикирин мындайча билдирди.

- Садыр Сарыгулов мындан 20 жыл мурда эле Арсланбап токойунун проблемасын жазып, миң жылдардан бери турган жаратылыштын кооздугун сактап калуу, жаңгак бактарын кыйгандарга каршы айоосуз чара көрүү тууралуу маселени көтөрүп чыккан. Анын комедиялары бүгүнкү күндө да актуалдуу. Тилекке каршы, каражаттын тартыштыгынан анын пьесаларын театр сахнасына койууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Азыр менин иш үстөлүмдө анын “Кара теке сүзгөн күн” аттуу пьесасы жатат. Ушул тапта Сакемдикиндей комедиялар менен коомдогу жат көрүнүштөрдү мыскылдап алып чыгыш керек эле, барып келип каражаттын жоктугунан театр көрөрмандарына жетпей жатат.

Драматург Садыр Сарыгуловдун «Убалым уктатпасын» аттуу комедиясы Кыргыз драма театрында маркум Искендер Рыскуловдун режиссерлугу менен коюлган. Ал спектакль бир нече жылы театр сахнасынан түшкөн эмес.

Садыр Сарыгуловдун мындай курч комедияларды жазышына «Чалкан» журналында иштеген 20 жылдан ашык тажрыйбасы таасир берсе керек. Анткени анын комедияларындагы ар бир окуя жасалмалулугу жок, жашоо-турмушта кездешкен нукура табигый көрүнүштөргө бай.

Кийинки он жыл аралыгында анын комедиялары сахналаштырылбай калганы менен, “калемдин сыясын кургаткан жокмун” дейт драматург:


- “Тулпар тушунда, күлүк күнүндө” дегендей, азыр илгеркидей кененчилик жок чар тарабың тарып калган мезгилде, китеп окугандан өткөн ыракат жок экен. Ошол китептерди окуп отурсам, биз сыймыктанган, дүйнөлүк атакка жетишкен акын-жазуучулар жашоо турмуш үчүн жан багуунун аргасы кылып, азыркыча айтканда “коммерциялык” чыгармаларды жазышыптыр.

Мисалы, Анатоль Франс аттуу “Нобель” сыйлыгын алган атактуу жазуучу бар. Ошол кадимки Карл Маркс “Капитал” деген эмгегинин негизинде, он басма табактык “ Пингвиндер аралы” деген чыгарма жазып, ал чыгармасы “Нобель” сыйлыгына татыган. Франстын өмүр баянын үңүлүп окуп көрсөм, ал дагы акча табуу максатында коммерциялык китептерди жазыптыр. Анан ойлодум, дүйнөнү дүңгүрөткөн Анатоль Франц каражат табуу үчүн китеп жазса, мен эмне үчүн каражат табуу үчүн коммерциялык китеп жазбайм, дедим дагы демөөрчүлөрдү таап “Тогузторо баяны” деген китеп жаздым. Ал китепте Тогузторо аймагындагы 70 жыл аралыгында жашап өткөн мыкты адамдар жөнүндөгү баян камтылды. Карапайым дыйкан, аска кезген аңчы, эл башкарган азамат, илимпоз-окумуштууларына чейин жаздым. Экинчиси - нарындык Арабаев деген чоң фермер тууралуу документалдык повестим жарык көрдү.

- Садыр аба, белгилүү бир архитектор тууралуу китеп жазып атам дедиңиз эле, аныңыз өз окурмандарын таптыбы?

- -Ии, ооба. Убагында политехникалык институтту бүтүп, Москвадан 74 чакырым алыстыкта Гагарин деген шаарды курууга катышып, он жыл курулушта жүргөн, кийин Бишкекке келип, башкы архитектор болуп иштеген, дүйнөгө таанымал кыргыздын белгилүү архитектору Кеңешов Төлөбай тууралуу «Талант жана кара көлөкө» деген китеп жаздым. Мында темасы айтып тургандай эле, таланттуу адамдардын көрө албас душмандары көп болот. Мына ушуну тема кылып, жакшынакай бир чыгарма жараттым деп ойлойм.

- Китеп окурмандары жакын арада сиздин калемиңизден жаралган кайсы чыгарманы окуй алышат?

- Жамандыр-жакшыдыр, адабиятта сатираларым калабы деген үмүттө «Күлкү жана ый» даген чыгарма жазсамбы деген максатым бар. Анткени дүйнөлүк адбиятта «кара юмор» деп койот, бир окусаң күлөсүң, китепти жаап коюп ойлонсоң, ыйлайсың, атаңкөрү, турмуш деген ушу турбайбы деп. Кудай буйурса, эмдиги жылы ушул багыттагы китебимди чыгарамбы деген үмүт бар.

- Маегиңизге чоң ырахмат. Калкыңызга ар дайым күлкү тартуулаган чыгармаларды жарата бериңиз.



Айтмакчы, кыргыз адабиятында биринчи ирет жарык көргөн сатиралык-юмордук романдын да автору - Садыр Сарыгулов. Анын 1993-жылы жарык көргөн «Жалган дүйнө» романы тууралуу эл жазуучусу Ш.Бейшеналиев «кыргыз адабиятындагы жаңылык» деп айтып, жылуу баасын берген. Романда жазуучу Совет биримдигинин «баткакка тыгылып, өз жүгүн өзү тарталбай калган мезгилин» сүрөттөгөн. Ал эми 1997-жылы жарык көргөн «Ыркыраков Чыркырак» романында совет түзүлүшү кыйрагандан кийинки карапайым элдин оор тагдыры чагылдырылган.
XS
SM
MD
LG