Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Бүгүн окуучу, эртең мугалим


Өлкөдө мугалимдердин жетишсиздигинин айынан, студенттерди да ишке тартуу уланууда. Мектепти жаңы эле аяктап, ЖОЖдо сырттан окуп, бир эле мезгилде мугалим болуп жүргөн жаштар устаздык талапка жооп беришеби?

Мектепти былтыр эле аяктаган Өмүрбек быйыл окуучуларга сабак берет. Ал жогорку окуу жайын толук бүтө элек болсо да, мектеп окуучуларына дарс өткөнгө толук даярдыгы бар деп эсептейт.

- Мен Баткен мамлекеттик университетинин филология факультетинде 1-курста окуйм. Метектепти былтыр эле аяктагандыктан мугалимдер сабакты кантип окутушаарын биллем да. Тапшырма берем, эртеси сурайм. Китептен тушундуром, билбеген нерселерди тажрыйбалуу мугалимдерден сурайм.

Окуучулар болсо мектептеги билимдин сапатынын деңгээли түшүп кеткенин айтышат. Быйылкы бүтүрүүчү Мурат мектептеги билимге канааттанбаганын айтты.

- Эми окуйлу деп эле мектепке барып келебиз. Мугалимдер да бир сабакка жетишсе, экинчисине жетишпейт. Азырынча өздөрү окууну толук бүтө элек жаш мугалимдер сабакты жакшы тушундуро алышпайт.

Дагы бир окуучу Айгүл көп учурда билим деңгээли төмөн, даярдыгы начар жаш мугалимдерди дээрлик өзү курактуу окуучулар укпай коюшат дейт.

- Жаш мугалимдер анчалык деле тажрыйбасы жок. Окуучулар аларга баш ийбей коюушу мумкун. Анан алар бизге керектуу нерселерди айтып бере алышпайт.

Окуучу Гуламдын айтымында, борборго караганда, элетте билим сапаты кыйла начар, аны көтөрүү үчүн тажрыйбалуу мугалимдерди жумушка тартыш керек.

10 жылдан бери мектепте иштеген Уларбек Арапов жаш мугалимдерге окуучулардын канааттанбагына толук кошулат. Анын айтымында, мектептеги билим берүүнүн сапатына мугалимдердин жетишсиздигинин айынан, мугалимдерге сааттардын көп берилип жатканы да себеп.

- Жаш мугалимдерге окуучулардын канааттанбай жатышына мен деле кошулам. Аларда ЖОЖдордо жакшы даярдык болгон эмес. Анан да биздин мектептерде инструкция боюнча бир мугалимге 18 саат берилиши керек болсо, азыр бир мугалим 34-35 кала берсе, 50 саат менен иштеп жаткандар да бар. Мугалим ага интеллектуалдык жактан жетишсе да, чарчап бүтөт. Билим-тарбиянын жетишсиз болгону да ошондон.

Баткен облустук акимчиликтин Билим берүү, маданият, жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Жамалидин Эшанкуловдун айтымында, сырттан окуп жаткандарды мектепте иштетүү - айла жоктун иши.

- Мугалимдер жетишпей жаткандыктан биз ушуга барууга аргасыз болуп жатабыз. Билимдүүлөрдү издеп, алып келип жатабыз. Маянанын аздыгынан тажрыйбалуу мугалимдерибиз жумушту таштап кетип жатышат. Анан бир бала бир эле сабактан жакшы билим ала албай калса эле ал таптакыр билимсиз болуп калды дегенге да кошула албайм. Башка сбактардан жакшы билим алып жатат да ал.

Облустук билим берүү башкармалыктары өткөн жылы кыскартылып, жоюлган. Азыркы күндө мектептер менен атайын алектенген облустук деңгээлде мекеме жок. Аймактагы мугалимдердин жалпы сапаты тууралуу да жаңыланган маалымат табуу оңой эмес.
XS
SM
MD
LG