Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

17- АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Айрым тарыхый маалыматтарда 1848-жылдын бу күнү казак ханы Кененсары кыргыздарга каршы чапкын баштагандыгы кабарланат. Жетисуу областына караштуу Пишпек уездинин адамдары 1905-жылдын бу күнү Аскер старшинасы Шабдан Жантаевдан жер бөлүп берилишин өтүнүштү.

Айрым тарыхый маалыматтарда 1848-жылдын бу күнү казак ханы Кененсары кыргыздарга каршы чапкын баштаган. Айрым кыргыз тарыхчыларынын эмгектеринде Кененсары бу күнү кол топтоп, кыргыздардын солто уруусуна кол салган. Россиянын архивдик материалдарында тескерисинче, Кененсары бу убакта кыргыздар тарабынан туткундалып, анын тагдыры чечилип аткан. Кыргыз санжыраларында Кененсарынын чапкыны жана бейкүнөө калктын азап-шору, согуш аракети, Ормон хандын аскер тактикасы кең-кесири кабарланат.

Пишпек шаар жетекчилиги жана окумуштуулардын демилгеси менен 1902-жылдын 17-апрелинде уезддик борбордо Токой күнү белгиленди. Бу күнү токой маселеси менен шугулданган илим адамдары, пишпектик окууучулар Эмен паркына эсепсиз бак отургузушту.

Жетисуу областына караштуу Пишпек уездинин адамдары 1905-жылдын бу күнү Аскер старшинасы Шабдан Жантаевдан жер бөлүп берилишин өтүнүштү. Алар Шабдан Баатырдан жер маселесин орус падышасына билдирип, кыргыздардын муктаждыгын бийликке жеткиришин суранышкан. Шабдан Баатырдын Пишпек уездинин начальнигине жазган катынын мазмунунуна караганда, ал мындай маселенин көтөрүлүшүн туура көрбөй, жер сураган адамдарга кырдаалды түшүндүрүп жолго салган.


Бүткүл түркстандык мусулмандардын I курултайы 1917-жылдын бу күнү Ташкент шаарында ишин улантты. Курултай өткөрүү демилгесин мусулмандардын буржуазиялык уюму аталган «Шуро-и исламия» көтөрүп, анын ишине 150 депутат катышкан. Курултайда чыгып сүйлөгөн Ахмат Зеки Велиди Тоган, Мустафа Чокаевдер Убактылуу өкмөткө мамиле, мусулман окуу жайларынын абалы, билим берүү проблемалары сыяктуу көйгөйлүү маселелерди козгошкон.

Сүлүктү жергесинде орун алган таш көмүр кени 1924-жылдын 17-апрелинде «Түркстандын келечек жылыткычы» деп таанылды. Түркстан республикасынын борбордук органы эсептелген «Түркстанская правда» гезити Сүлүктү таш көмүрүнүн сапатын жогору баалап, анын күндүк өндүрүмүн 20 миң пудга жеткирүү демилгесин көтөрдү.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1961-жылдын 17-апрель күнкү чечимине ылайык мурдагы Фергана көчөсү Юрий Гагарин атындагы аталышка өзгөртүлдү.

Ош областынын Карасуу районундагы 2003-жылдын бу күнкү жүргөн жер көчкүдөн беш баланын өмүрү үзүлдү. Каргашага кабылган балдар, мектеп жашындагы окуучулар болушкан.

Айрым тарыхый маалыматтарга ылайык 1336-жылдын бу күнү теңдешсиз полководец жана мамлекеттик ишмер эмир Тимур жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG