Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Кыргыз ССРи - 80: Эгемендик үрөнү себилген доор


Kyrgyz History Soviet Politics Culture – National Emblem of the Kyrgyz SSR in Latin. 1937.
Kyrgyz History Soviet Politics Culture – National Emblem of the Kyrgyz SSR in Latin. 1937.

Кыргызстандын Советтер Биримдигиндеги союздук жумурият макамын алган кезеңинин 80 жылдык мааракеси өлкөдө белгиленүүдө. Кыргыз ССРин түзүү үчүн күрөш доору – сталинчилер өкүм жүргүзгөн тар жол, тайгак кечүү мезгили болчу. Илимпоздор 2-декабрда Бишкекте бул мааракеге арналган тегерек үстөл өткөрөт.

Майрамдык маанайдан качпайлык.

Айрым замандаштар “сталиндик жазалоолор күчөп турган чакта Кыргыз ССРинин жарыяланышына анчалык кубанып кереги барбы?” деген суроо салганын уктум.

Кыргызстан 1936-жылы 5-декабрда СССРди негиздеген башка союздук жумурияттарга теңата макамга жетишип, Кыргыз ССРи болуп жарыяланганы чын; дал ошол маалда кыргыздын жана башка кыргызстандык этностордун чыгаан өкүлдөрү чет-четинен камала баштаганы да чын.

Бирок бул күн – бештин айынын (декабрдын) 5и – кыргызстандыктар үчүн өзгөчө майрам. Анткени кыргыздын сталиндик доордо өз өмүрүнөн ажыраган нечендеген мамлекеттик ишмерлери өздөрү көксөгөн залкар иштин өтөсүнө чыгууга үлгүрүшкөн: саясий картада Орусия, Украина, Беларус, Казакстан, Өзбекстан ж.б. менен бирдей укукта болгон советтик жумурият пайда болгон.

Бул окуя – 1936-жылы гана орун алган иш-чаралардын жыйындысы десек жаңылаар элек. 1916-жылы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жүрүшүндө эгемен хандык түзүү далаалаттары жана 1917-жылы Алаш Ордо, Түркстан автономияларын негиздөө аракеттери майнапсыз аяктаган соң, бабаларыбыз советтик Түркстандагы кыргыздар жашаган аймактарда өз улуту үчүн советтик автономияны негиздөө мүдөөсүндө ырааттуу күрөш жүргүзгөн. Алардын арасында мурдагы алашчылар, мурдагы эсерлер жана башка коммунист эмес кыргыз саясатчылары да болгон. Алар болшевиктик партиянын мүчөлүгүнө өтүп, жаңы шартта кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшүн уланткан.

Эгерде 1922-жылы Тоолуу облус, 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусу, 1926-жылы Кыргыз АССРи түзүлбөгөн болсо, эгерде 1927-жылдан 1936-жылга чейин Жусуп Абдрахманов сыяктуу чыгаан бабаларыбыз Кыргызстанга союздук жумурият макамын берүү сунушу менен улам-улам Маскөөгө кайрылбаган болсо, анда, балким, 1936-жылы Кыргыз ССРи деген союздук жумурият эч түзүлбөс эле.

Эгерде мындан 80 жыл илгери Кыргызстан союздук жумурият макамына жетпеген болсо, анда 1991-жылы өлкөбүз мамлекеттик көз каранды эместикке жетиши үчүн, балким, кыйла азаптуу сыноолору бар күрөштү талап кылмак жана бул күрөш ийгилик менен аяктаары да күмөн болчу.

Ошондуктан, 1936-жылдын бештин айынын 5инде кабыл алынган СССРдин жаңы Конституциясында Кыргызстандын Советтер Биримдигин курган теңата жумурият макамынын тастыкталышы – 1920-36-жылдардагы советтик Кыргызстандын саясий элитасынын ырааттуу күрөшүнүн таасын мөмөсү болду деп тыянак кылуу абзел.

Бул тарыхый датаны биз Кыргызстанда майрамдабасак, анда аны ким жана каякта майрамдайт?

Бул доорду иликтөө – учурдун милдети.

1917-1936-жылдардагы жана 1937-1991-жылдардагы Кыргызстандагы саясий жүрүмдү жаңыча изилдөө иши эгемендик доорунда гана калыс жүзөгө ашырылууда.

Анын оош-кыйыш жактары тууралуу 2016-жылдын бештин айынын 2синде (2-декабрда) Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында өткөрүлмөкчү болуп жаткан Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган тегерек үстөл (“кереге кеңеш”) маалында кеңири сөз болмокчу.

1937-жылкы жана андан кийин да сталиндик ырайымсыз жазалоого жазыксыз жерден кириптер болгон атуулдарыбыздын – советтик Кыргызстанды негиздөөчүлөрдүн өмүр таржымакалын жана бул сталинчил жазалоо окуяларын жаңыча таразалап, иликтөө жүргүзүү үчүн мурдагы советтик коопсуздук кызматына таандык жана башка архивдик маалыматтарды элге ачыктоону ырааттуу жүзөгө ашыруу зарыл.

Эстутум жагдайы.

Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев сыяктуу чыгаан инсандардын канына забын болгон режимдин башчысы Иосиф Сталиндин жана анын аткаруучуларынын (Молотов, Каганович) ысымдары 1930-40-жылдары Кыргыз ССРинин картасында географиялык аталыш катары жыбырап кеткен. Акын Шайлообек Дүйшеев башка учурду публицистикалык ырында айткандай, алар өзүнчө эле сырттан таңууланган “татуировка” болуп калган.

Эгемендик доорунда Кыргызстанда бул “татуировканын” көп белгилери жоюлду, бирок Бишкектеги Свердлов району сыяктуу аталыштар дагы эле сакталууда (пост-коммунисттик Орусиянын өзүндө Свердловск шаарына Екатеринбург деген тарыхый аталышы кайра кайтарылганын дурус билебиз).

Айтмакчы, “Тарых жана маданият жылында” Кыргыз АССРинин 90 жылдыгын, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгын жана эгемендиктин 25 жылдык мааракесин белгилеп жатып, кыргызстандыктар Кыргыз мамлекетинин ар кыл макамдары үчүн күрөшкөн бабаларды эскерүүнүн жана алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруунун заманбап түрлөрүн да жүзөгө ашырууда.

Менимче, “Ата Бейит” эс тутум жайы – дал ошондой жаңыча эскерүү чордонуна айланды.

Бирок аткарылган иштерден аткарыла элек милдеттер алда канча арбын экендиги да талашсыз.

Өлкөдө Сталинди жана анын диктатордук режимин жактаган калайыктын чакан катмары дагы эле бар экендиги айкын. Биз сыйлап жүргөн жана өзүн бакиевчилерге каршы күрөштүн символу катары баалагысы келген бир эр ортонуна келип калган замандашыбыз жакында өзүн “мен – сталинчилердин ичинен барып турган сталинчисимин” деп компоюу менен атады.

Келээрки, 2017-жылы, пикирибизде, Кыргызстанда 1937-жылкы репрессиялар тууралуу нечендеген жаңы маалыматтар, изилдөөлөр жарык көрөт. Бул багытта изилдөөлөр улантылып жаткандыгынан кабардарбыз. Ал түгүл бул багытта Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын окумуштуулары да алатоолуктар менен кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Кыргызстандагы жана жалпы чөлкөмдөгү бул сыяктуу илимий жана публицисттик аракеттерге эч кандай нео-сталинист жолтоо боло албастыгы да айкын. Демек, болочокку эмгектерде Кыргыз ССРинин пайдубалын куруп, бирок жазыксыз жерден сталинчилер тарабынан жазаланып, өмүрүнөн эрте айрылган улут каймактары тууралуу да улам жаңы архивдик жана башка маалыматтар ачыкка чыгаары бышык.

Албетте, быйыл деле жана мурдагы жылдары деле инсан таануу жаатындагы мындай жаңы маалыматтар калайыкка маалым кылына баштаганын калыстык үчүн айтуу абзел. Мисал кылсак, жакында тарыхчы, профессор Дөөлөт Сапаралиев тээ 1925-жылы бугу (май) айынын 30унан баш оона (август) айынын 1ине чейин Жусуп Абдрахманов Иранга (Мешхед шаарына) дипломатиялык максаттагы иш сапар менен барып кайткандыгы тууралуу архивдик маалыматты жана фото сүрөттөрдү жарыялады.

Көч илгери жыла баштады.

Кыргыз көркөм өнөр, адабият, музыка, кино устаттарынын жана башка айдыңдарынын 1916-39-жылдардагы окуяларга жана тарыхый инсандарга байланыштуу чыгармалар жаратышына эч кандай цензуралык тоскоолдук жоктугу – Ала-Тоодогу азыркы муун үчүн өзгөчө утуш болуп саналат.

Маселе башкада: деги биз Кыргыз ССРин түзүүгө жетишкен бабалардын доорун, күрөшүн жана өмүр таржымакалын калыс таразалап-баалоого мүмкүндүк жараткан заманбап коомдук эстутумду жетишерлик деңгээлде калыптандыра алдыкпы? Коомубузда сталинчилердин дагы эле учурап жаткандыгы – бул суроого өзүнчө эле жооп.

Кыскача адабият тизмеси:

Джуманалиев А. Становление политической системы кыргызского общества: (1920-1930-е годы). – Б.: Илим, 2002. – 329 с.

Джунушалиев Д. Д. Время созидания и трагедий: 20-30-е годы XX века / Отв. ред. К.К.Каракеев. – Бишкек: Илим, 2003. – 256 с.

Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу ред. А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.

Нурбеков К.Н. Возникновение киргизской советской национальной государственности. - Ф.: Кыргызстан, 1964. – 150 с.

Тридцать седьмой год в Киргизии: (Возвращенные имена) / Курманов З. К., Бегалиев С.И., Семенов В.Е. и др. - Фрунзе: Кыргызстан, 1991. - 253 с.

Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болгондугунун 25 жылдык мааракесине арналган илимий макалалар жыйнагы / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2016. – 378+iv б., сүрөт. – Кыргыз Республикасынын Аппаратына караштуу “Мурас” фонду. – “Тарых жана маданият жылын” даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция. – КР Улуттук илимдер академиясы. – “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы. – “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-613-2.

XS
SM
MD
LG