Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Мыйзамдын бет ачары өттү. Эми кыргыз тилинин тагдыры кандай болоор экен?


Мамлекеттик тил күнүнө арналган Улуттук филармониядагы жыйын. 23.9.2010.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган Улуттук филармониядагы жыйын. 23.9.2010.

29-апрелде Мыйзам чыгаруу жыйынында «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын бет ачары болду. Ага парламент депутаттарынан сырткары жазуучулар, окумуштуулар жана интеллегенциянын дагы башка өкүлдөрү катышып, кыргыз тилинин абалы, жаңыдан кабыл алынган мыйзамдын тагдыры тууралуу сөз козгошту.

Кыргыз тилинин мамлекеттик статусун аныктаган алгачкы мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда СССРдин убагында кабыл алынган.

Андан кийин кыргыз тилине байланыштуу мыйзам быйылкы жылдын 12-февралында кабыл алынып, 2004-жылдын 2-апрелде президент А.Акаев ага кол койду.

Бул мыйзамдын кабыл алынышы коомдо карама-карщы пикирлерди пайда кылып, атургай, Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары ага ачыктан-ачык каршы чыгышты.

29-апрелде Мыйзам чыгаруу жыйынында өткөн бет ачарда ал тууралуу да сөз болуп, бирок алдыдагы негизги маселе - мыйзамдын иштеп кетиши экендиги белгиленди.

Мыйзамдын кабыл алынышы менен чогулгандарды төрага Абдыганы Эркебаев, маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Муратбек Бегалиев куттуктады.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын билим, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы Жангороз Каниметов мыйзамдын башка тилдердин өнүгүшүнө терс таасир тийгизбесин дагы бир ирет белгиледи:

- Менимче, бул мыйзам башка улуттардын укуктарына чек койбойт. Тушоо салбайт. Бул жерде жалпы элдин кызыкчылыгына каршы келген саясат да жок. Элдин тили эл үчүн кызмат кыла берээрине ишенем. Ал үчүн үзүл-кесил эмес, такай аракет керек.

Ал эми окумуштуу, академик Үсөн Асанов тилди сактап калууда намыска келүүгө үгүттөөнүн мындай жолун тандап алыптыр:

- Уй мөөрөйт уй тилинде,
кой маарайт кой тилинде,
уй-койдон артта калдык го,
улуттук тилди билүүдө, - деп чыгаан акыныбыздын жазганы бар.

Мен айтаар элем, Абдыганы Эркебаевич, бул ырды көрүнөө жерге илип коюп, мындан кийин тил жөнүндө кеп салбай, бири-бирибизди үгүттөбөй эле - ушул кабыл алынган мыйзамды чындап ишке ашырыш үчүн шымаланып иштесек
.

Академик Үсөн Асанов, ошондой эле, "кыргыз тили илим менен технологиянын тили боло албайт" деген сөздөргө макул эместигин айтып, ага далил катары химия илими боюнча өзү жазган китептерди көрсөттү.

Белгилүү драматург Бексултан Жакиев болсо мыйзам кабыл алынган менен аны аткарууга аракеттер байкалбай жатканын белгилеп, ага мисал катары Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте жакында өткөн жыйынды мисалга келтирди:

- Интеллектуалдык менчикти коргоо күнүнө карата, агенттиктин жетекчиси Роман Оморов бул жерде отурат, бир конференция өттү. Ал баарын ышкырта орусча өткөрдү. Минте берсек, биздин мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамыбыз эч качан турмушка ашпайт.

Кыргыз тили кыймылынын лидери, «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев кыргыз тилинин жоголуп бараткан тилдердин катарына киргендиги факты экендигин белгиледи.

Ал дагы Бексултан Жакиев сыяктуу эле, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышы үчүн эч кандай кадамдар жасалбай жатканын айтты:

- Абдыганы ага, мына тил мыйзамынын кабыл алынып, 2-апрелде кол коюлганына карабай, бүгүнкү күнгө дейре ал мыйзамдын ишке киргендиги жөнүндө менде туюм жок. Мен жер-жерлерди кыдырып жүрөм, Жалалабаттан кечээ күнү келдим. Ал жерде тил мыйзамын аткаруу боюнча эч кандай чаралар көрүлө элек. Мына сиздердин имаратты эле мисалга алсак, мына бул жерде «пожар», «выход» деп жазылып турат, аларды алмаштыра турган кыргыздын татынакай сөздөрү бар. Абдыганы ага, биринчи ушул жерден баштасаңыз.

Бет ачар жыйында сөз сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мыйзамды турмушка ашыруунун маанилүүлүгү тууралуу ушундай эле ойлорду айтышты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG