Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

КЫРГЫЗ АТУУЛУ ТҮРКИЯДА УНИВЕРСИТЕТТИН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ


Кыргызстандык атуул Жаштегин Тургунбаев Түркиядагы Дижле университетинин “Азыркы түрк тилдери жана адабияттары” бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды. Жаштегин Тургунбаев университетте кыргыз жана орус тилдерин окутат. Аны менен “Азаттыктын” кабарчысы маектешкен.



- Жаштегин мырза, өзүңүз тууралуу баяндап бересизби. Кантип түрк жогорку окуу жайындагы кафедраны жетектеп калдыңыз?

- 1993-жылы Кыргызстандан орус тили жана адабияты боюнча мугалимдик адистикти алгандан кийин магистратураны окуганы Түркияга кеткем. Бир жыл түркчө үйрөнгөндөн кийин Чукурова университетинин магистратурасында түркология боюнча окудум. 1996-жылы университетти бүтүрүп, магистр дипломун алгандан кийин, ошол эле университеттин доктарантурасында окуумду уланткам. 2002-жылы кыргыз тили боюнча диссертация жактап, илимдин доктору наам алгам. 2003-2005-жылдары котормо агенттигин ачып иштеп жүрдүм. 2006-жылдан баштап Түркиянын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан байыркы Диярбакыр шаарындагы Дижле университетинин “Азыркы түрк тили жана адабияты” бөлүмүндө кыргыз жана орус тил мугалими болуп иштей баштагам. Анан өткөн айда аталган бөлүмдүн башчысы болуп шайландым.

- Кыргыз жана орус тилдерин кимдерге окутасыз?

- Түрктөргө окутабыз. Негизинен биздин бөлүм түрк тили боюнча мугалимдерди даярдайт. Орус тилин чет тил катары окутабыз.

- Түркияда жалпы билим берүү системасы кандай? Сиздин баамыңызда Кыргызстандагы билим берүүдөн эмнеси менен айырмаланат?

- Билим берүү системасы биздикинен башкачараак десе болот. Биринчи класстан айта баштасам, 1-4 класс биздикиндей эле баштапкы мектеп деп эсептелет. 5-класстан 8-класска чейин орто мектеп, анан 9-10-класс лицей деп аталат. Түркиядагы 8-класска чейин окуу сөзсүз окуталыт. Лицейге болсо борбордук экзаменден белгилүү баллды алгандан кийин гана кирсе болот. Лицейден кийин университетке ташырам дегендер борбордук экзаменден жакшы балл алышы керек. Алган баллына жараша университетти тандап алышат. Медициналык окуу жайдан башка баардык университеттердин программалары төрт жылдык. Аны бүтүргөндөр бакалавр дипломун алышат. Магистр болом дегендер да борбордук экзамендик тесттен өткөндөн кийин гана документтерин магистратурага тапшыра алышат. Тапшыргандан кийин университеттин өзү уюштурган экзаменинен да өтүшөт. Бул экзамендерден өтүү биртоп кыйын. Ошондуктан магистратурага өткөндөрдүн саны аябай эле аз. Магистратурадан кийин доктарантурада окуусун уланткысы келгендер адегенде чет тил боюнча борбордук экзаменден, андан кийин университет өткөргөн экзаменден өтүшү керек.

Докторантурага өткөндөр бир жыл сабак алгандан кийин, диссертациясын жаза башташат. Үч жылдан кийин ишин комиссия алдында жакташат, жактагандан кийин илим доктору наам алышат. Бизде, Кыргызстанда болсо муну илимдин кандидаты катары кабыл алышат.

- Түркиядагы билим берүү тармаганда паракорчулук көрүнүшү жокко эсе дешет?

- Туура айтышат. Бул жакта паракорчулук жокко эсе. Мугалимдер да албайт, студенттер да бербейт. Берсе да абдан уят болот. Анткени бул жакта мугалимдердин алган айлыгы жакшы эле. Пара алганга эч себеп жок. Эми алса, чоңдор, бюрократтар алышы мүмкүн. Бирок мугалимдер арасында мындай окуялар жок.

- Шоколад, гүл өңдүү белек-бечкектер да берилбейби?

- Беришет, майрамдарда куттуктап гүл алып келип беришет. Көп болсо гүл, шоколад алып келишет. Мындан башка нерселер берилбейт.

- Азыр коомчулукта кыргыз тилинин тагдыры тууралуу сөз жүргөндө, көп учурда кейиштүү пикирлер арбын айтылат. Сиз кандай ойлойсуз, кыргыз тилинин келечеги чындап эле кооптонууну жаратабы?

- Кыргыз тили канча кылымдар бою жашап келе жатат. Эми да жок болбойт деп ойлойм. Кыргыз тилибиз, адабият абдан эле өнүккөн. Көптөгөн чыгармалар жазылып жатат. Тилдин келечеги кең, жолу ачык деп ойлойм. Эми шаарда орусча көп колдонулуп жатат. Бирок бул совет доорунан калган көндүм адатыбыз. Заман, убакыттын өтүшү менен кийин кыргыз тили өзүнүн ылайыктуу ордун табат.

- Жалпы түрк тилдеринин арасында кыргыз тилинин алган орду кандай?

- Түрк тилдеринде үч чоң топ бар. Батыш, чыгыш анан түштүк-түндүк тобу. Кыргыз тили батыш түндүк тобуна кирет, казак анан алтай тили менен кошо. Түрк тили батыш группасына кирет. Эки тилдин ортосунда элүү пайыздык айырмачылык бар. Бирок баарыбир теги бир экени көрүнүп турат. Кыргыз үчүн түркчө үйрөнүш абдан оңой. Түрктөр да кыргыз тилин тез үйрөнүшөт. Албетте айырмачылык бар, бирок ал айырмачылыкты аябай эле көп деп ойлобойм. Бир ай сабак алгандан кийин, түрктөр болсун, кыргыздар болсун кыргызча же түркчө тез үйрөнүп кетишет.

- Жаштегин мырза, чоң рахмат маегиңизге.



Сүрөттө: Түркиядагы Диярбакыр шаарындагы Дижле университети.

Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы
XS
SM
MD
LG