Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

КАНТ ЗАВОДДОРУ СЕЗОНГО ДАЯР ЭМЕС


Сапар Орозбаков, Бишкек Былтыр өлкөнүн кант заводдору кызылча кабыл алуунун шарттарын жакшыртышып, быйыл дыйкандар кант кызылчасынын аянтын көбөйтүштү. “Кант кызылчасынын дүң жыйымы 600 миң тоннадан кем болбойт” деген божомолдор бар. Бирок өкмөт кант заводдорунун сезонго даярдыгы канааттандырарлык эмес экенин айтып жатат.

Өткөн жылы “Кошой” акционердик коому кызылчанын баасын бир топ көтөрүп койгон болчу. Ага атаандашып, “Кайыңды-Кант” да кызылча кабыл алуунун шарттарын жакшырткан. Жакшы акча таап кынык алып алган дыйкандар быйыл кызылчанын аянтын көбөйтүшүп, аны 32 миң гектарга жеткиришти. Быйыл жыл да жаанчыл болуп, кызылчанын чыгышы да, өсүшү да жаман эмес.

- Былтыр 549 миң тонна кант кызылчасы алынган. Быйыл болсо болжол менен 600 миң тонна алынат деп күтүп турабыз, - дейт Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин жооптуу кызматкери Бурул Абдылдаева. Анын айтымында, быйыл заводдордун кызылча кабыл алуу шарттары былтыркыдан кем болбойт.

Бирок заводдордун сезонго даярдыгы канааттандырарлык эмес. Өткөн жумада премьер-министр Николай Танаев кеңешме өткөрүп, анда 2 завод тең быйыл ремонт иштерин өтө кечиктирип жатканы айтылды. Кеңешме үчүн даярдалган маалымат кагазында “Кошой” акционердик коому чийкизат сатып алыш үчүн 500 миң доллар которуп берип, жабдууларын ремонттон өткөрүүгө акчасы жок отуруп калганы белгиленет. Ал салыкты төлөй албай калып, Сокулук районунун салык инспекциясы анын банктагы эсебин жаап койгон. Заводдун директору Александр Барбалат болсо андай проблема чыкканын мойнуна алып, бирок анын себебин башкача түшүндүрөт. Анын айтымында, 500 миң доллар чийкизат сатып алууга эмес, заводду реконструкция кылууга кеткен. Өкмөттүн буйругу менен заводду камыш чийкизатын иштеткенге ылайыкташтыруу иштери жүргүзүлгөн.

- Өкмөт ошондой чечим чыгарган болчу. Биз заводду даярдап, келишимдерге кол коюп койгондо, өкмөт ал чечимди жокко чыгарып салды. Анын натыйжасында биз 500 миң доллар зыян тарттык. Өкмөт өзү токтом чыгарып, өзү жокко чыгаргандыктан, мен күндөлүк төлөмдөр боюнча карызды күзгө жылдырып берүүнү сурангам. Өкмөт күнөөлүү экенин билип, макул болгон. Биз ал гана эмес сотко берели дегенбиз, - дейт заводдун директору Александр Барбалат. Анын айтымында, ремонт иштери жакшы эле жүрүп жатат. Күзүндө эч кандай проблема болбойт. Муну Бурул Абдылдаева да ырастайт.

- “Кошойдо” ремонт иштери мурдагы эле темп менен кетип жатат, - деди Бурул Абдылдаева бизге.

Өкмөт даярдаган маалымат кагаздарына таянсак, “Кайыңды-Кант” заводунда абал андан да оор. Заводдун мурунку ээси “Перидот-Анштальт” аны орусиялык “Альянс” компаниясына сатууну көздөп, аны менен келишим түзгөн. “Альянс” заводго жаңы директор дайындады. Бирок ишкананын салык, электр энергия, газ, эмгек акы боюнча карыздары көп болгондуктан, ремонт иштери аксап жатат. Анын жумушчулары акчасы сакталбаган эс алууга кое берилген. Электр энергиясы да кесип салынган. Бирок өкмөттүн маалыматына Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги макул эмес.

- “Кайыңды-Кантты” “Перидот-Анштальт” орусиялык “Альянс” фирмасына сатып жатат. “Перидот-Анштальттын” карыздары көбүрөөк болуп, заводдун иштеп кетишине кичине жолтоо болуп жатат. Аларда деле ремонт жүрүп жатат. Заводдун өзүндөгү жабдуулар ремонт болуп жатат. Кызылча кабыл алуу жайларында гана ремонт баштала элек. “Кайыңды-Кант” кечээ “аны 10-сентябрда бүтүрөбүз” деп бизге кабарлады, - деди Бурул Абдылдаева. Бирок ал да азыр заводдо бийлик жок экенин мойнуна алат. ”Перидот-Анштальт” “Кайыңды-Кант” заводун “Альянска” сатам дегени менен, анын башын биротоло чыгарып ала элек. “Перидот-Анштальт” Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетине 7 млн. 400 миң сом төлөшү керек. Ошону төлөп бергенде гана ал “Кайыңды-Кантка” ээ болуп, башкага сата алат. Жакында премьер-министр Николай Танаев “ал акчаны 10-августка чейин төлөп берсин, төлөп бербесе “Кайыңды-Кант” тендер аркылуу сатылат” деген чечим чыгарды.

XS
SM
MD
LG