Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Кант кызылчасы быйыл да аз эгилет


Кызылчанын оордун быйыл арпа, буудай, жүгөрү, же беде ээлечүдөй

Кызылчанын оордун быйыл арпа, буудай, жүгөрү, же беде ээлечүдөй

Чүйдө акыркы эки-үч жылдын аралыгында кант кызылчасын эккен дыйкандар азайып кетти. Айрым айылдар кызылчадан таптакыр баш тартышкан. Быйыл кант заводдору кызылчаны кымбатыраак сатып алууга мажбур болушат.

Жазгы айдап-себүү иштеринин башталышы менен дыйкандар талааларын айдатып, арыктарын чийдирип канча жерге эмне себерин ойлонуп турган чагы. Дыйкан Күмүшбек Жылчыкбаевдин алты гектар жери бар. Анын бир гектарына ал кант кызылчасын эккени турат.

“Дыйканчылык кылуу кыйын болуп калды. Жерибиз бош калбасын деп карызга батсак дагы иштеп жатабыз. Кант кызылчасын себип, иштетүү көп эмгекти талап кылат. Бирок ага карабай мен быйыл бир гектар айдагыны турам. Үй-бүлөдө беш адамбыз. Жайы менен иштесек, эмгегибиз акталаар”.

Мындан 10 жыл мурда Кыргызстанда 26 400 гектар аянтка кант кызылчасы эгилген болсо, былтыр анын аянты миң гектерга да жеткен жок. Болгону 800 гектарга кызылча эгилген. Башкы себеп - дыйкандардын эмгеги акталбай калууда.

Кызылча эгүүдө жерди айдап себип, тигүүдөн тышкары, бир нече ирет техника колдонуп, үч-төрт жолу кетмен чаап-отоп, сугаруу жана казуу иштери көп эмгекти талап кылат. Бирок кирешеси аз болгондугу дыйкандарды түйшөлтүп келет.

Өткөн жылдары “Кошой” жана “Кайыңды-Кант”заводдору бир тонна кызылча үчүн 1600 сом төлөп келген. Быйыл алар ар бир тонна үчүн 2200 сом төлөгөнгө макул.

Былтыр дыйкандар кызылчадан киреше ала алышкан жок, 5-ноябрь, 2008
Айыл-чарба мнистрлигинин кайра иштетүү жана тамак-аш продукциялар башкармалыгынын жетекчиси Асанкул Искаков: “Дыйкан-фермерлердин сунушун эске алып завод жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздүк. Эми кызылчанын тоннасын 1700 сомдон эмес 2200 дөн кабыл алышат. Азыркы макулдашуулар боюнча кызылча алты жарым миң гектар аянтка айдалчудай. Бирок биз 10 миңге жеткирсек деген максат коюп жатабыз.

Бир гектар жерди айдап, малалап, үрөөн себүү үчүн 50 литр күйүүчү май керектелет. Солярканын акчасы 1200 сом, ал эми техника акысы, үрөөн наркы бул сумманы алда канча көбөйтөт. Кызылчаны өстүрүү үчүн жаздан күзгө чейин талыкпас эмгек керек. Ошондуктан дыйкандар бул өсүмдүктү айдоодон баш тартышууда.

Дыйкандар:

Нарис: Азыр дыйкандардын көпчүлүгү арпа, буудай, жүгөрү жана бедеге өтүшкөн. Алар кызылчадан жалкып бүтүшкөн. Мисалы мен быйыл кызылча тикпейм. Мурда бир гектар аянтка 10 миң сом акча коротулчу. Азыр болсо ал сумма эки эсеге өстү. Кызылчаны үч жолу отоп, эки жолу борозка жүргүзүп, эки жолу түбүн жумшартып, бир нече жолу сугарыш керек. Иши көп, кирешеси аз болуп жатат. Анын үстүнө жерлер дагы арыктап бүттү. Жер семирткичтин баасы болсо асман чапчыды.

Алмаш: Быйыл кызылча айдагыла деп айтып жатышат. Бирок дыйкандар кызылчадан тажап бүтүшкөн. Мурдагы жылдары кабыл алуу бөлүмдөрү таразадан жеп, икир-чикирине деп 15% жакынын чыгарып салышкан. Ошону менен алар дыйкандардын эмгегине кол салып келишти. Эми кызылча тиксек, кайра эле ошол нерселер кайталанат. Ошондуктан биз башка өсүмдүктөргө өткөнүбүз туура.

Эгер өкмөт тараптан тиешелүү башкармалыктар дыйкандар менен иштешип кант кызылчасы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөсө, өткөн жылдагыдай болуп өлкө кантты чет өлкөдөн импорттоого мажбур болот.

XS
SM
MD
LG