Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Фамилияны кыргызчалатуу мезгили келдиби?


Даңазалуу ырчы жана композитор Нурак Абдыракман уулу өз шакирттери менен. 2009-жыл.
Даңазалуу ырчы жана композитор Нурак Абдыракман уулу өз шакирттери менен. 2009-жыл.

Ушул тапта Кыргызстанда фамилияны эне тилге ылайык жазуу мезгили келдиби? Статистикалык эрежелерди бузбаш үчүн кандайча өзгөртүү зарыл? Дегеле кыргызча фамилия алып жүрүүгө кыргыздардын кызыкчылыгы барбы?

Жогорку Кеңеш трибунасында туруп, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын деректири Улан Мелисбек фамилияларды кыргызчалатууга чакырды.

Анын зарылдыгы жөнүндө өзү мындай дейт:

- Казактарды эле карабайлыбы. Казак паспортунун орусча барагында “Нурсултан Абишевич Назарбаев”, ал эми казакча барагында “Нурсултан Абиш уулу Назарбай” экен. Бул эл аралык ченемдерге да туура келет. Биз, кыргыздар, эмне үчүн андай кылбайбыз? Ким тоскоолдук кылып атат?

Улан Мелисбектин сунушун туура көргөндөр да, туура эмес кабыл алгандар да болду.

Депутат Нарынбек Молдобаев Улан Мелисбекти кээде Мелисбек Улан деп да айтышарын, кайсынысы фамилиясы, кайсынысы аты экендигин боолголош кыйын экендигин эскертти.

Андай жагдайларга карата Улан Мелисбек Барак Обаманы мисал тута коёт.

- Элдин бардыгы Барак – аты экендигин, Обама – фамилиясы экендигин жакшы билет, демек, биздикин деле боолголош кыйын эмес.

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын деректири Улан Мелисбек фамилияга эч кандай мүчө, сөз уланбаса жакшы болорун, буга чейин фамилияларын кыргызчалаган кыргыздарда чаташуулар көп экендигин баса көрсөттү:

- Мамлекеттик статистика системасын бузбашыбыз керек. Фамилияларга “кызы”, "уулу", “тегин” дегендерди кошуп жазганда – туура болбойт. Аларды фамилияга эмес, атасынын атына уласа мейли. Анткени фамилия өзгөрбөй калыш керек да, атасынын аты өзгөрө берсе - эч нерсе болбойт.

Азыркы кыргыздардын фамилияларын кыргызчалатуунун башка элге окшобогон жолу бар деп эсептейт, Бишкек шаар тургуну Медет Нураков.

Анын баамдоосунда, кыргыздар патриотторду ээрчип фамилияларын кыргызчалабайт. Андан көрө бийликтегилер өзгөртүп кирсе – бардыгы өзгөртө баштамак.

Фамилиясында орустун “ов”, “ев” деген фамилиялык белгилери жокторду Орусияда каттоого албай кыйнап жатышкандыгы да кыргызча фамилия алууну каалагандардын мизин суутуп койду деген пикирин Таштан Чакиев ортого салды.

Акын Афина Бакирова болсо ошол Орусия сыяктуу өлкөлөргө жаран кылып кетирбеш үчүн кыргыздардын фамилияларын толук кыргызчалатуу зарыл деген ойдо.

Ал эми кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылык-нур кыргыздардын фамилиялык белгиси катары өзгөчө бир сунуш менен чыккан:

- Кыргыз элинин түбү – нур тукуму, күн эли. “Күн” деген нурлуу сөз жүрүп отуруп кийин “гун”, “хун” болуп кеткен экен. Мына түбүбүз ушундай болгондон кийин, анан нур тукуму деп аталып аткандан кийин касиеттүүлүктү өзүбүзгө сиңириш үчүн “нур” деген сөздү биз, кыргыздар, фамилиялык белги кылып алышыбыз керек. Ошон үчүн мен соңку китептеримди “Асан Жакшылык-нур” деген ат, фамилия менен чыгардым. Элге тарап кетсе армяндардын “-ян” дегениндей, грузиндердин “-дзе” дегениндей – кайдан учураса да кыргыз экенин дароо билип турмакпыз.

Канткен менен кыргызча фамилия түзүү, ага көчүү жагы учурда талкууга коюлушу зарыл белем.

XS
SM
MD
LG