Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

М.Ривз: Кыргыз-тажик чегин андагы эл чечиши керек


Кыргыз-тажик чек арасындагы майда чатактардын акыркысы быйыл 18-апрелде болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы майда чатактардын акыркысы быйыл 18-апрелде болду

Ушул айда Тажикстандын Кожент шаарында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясы жолугуп, эки өлкөнүн чек арасын аныктоо боюнча ишин улантмакчы. Ортодо чеги аныкталбаган аймактарда жыл сайын түрдүү майда чатактар чыгып турат. Чек араны аныктоо аракети учурда калк отурукташкан аймактарга жеткендиктен, сүйлөшүүлөр бир топ татаал жүрүп жатканы айтылууда. Фергана өрөөнүндөгү бул аймакта чекти аныктоо ишин кандай жүргүзсө болот? “Азаттык” ал жердеги кырдаалды көп жылдан бери изилдеп, ал аймакта жашаган, учурда ошол изилдөөсүнүн негизинде китеп жазып жаткан британиялык этнолог менен сүйлөштү. Мадлен Ривз – Манчестер университетиндеги Социология институтунун изилдөөчүсү, философия илимдеринин доктору.

Мадлен Ривз менен маек. Төрөкул Дооров. "Азаттык" үналгысы. 10.5.2011.



Мадлен Ривз: Бул өрөөндө жашаган кыргыздар менен тажиктердин турмуш тиричилигинде баланы тарбиялоодон тарта үйлөрдүн курулушуна чейин толгон-токой тарыхый өзгөчөлүктөр бар.

Антрополог катары мага, албетте, этностордун ортосундагы айырма кызыктуу көрүнөт. Бирок мени бул аймакта ийиндеш жашаган эки элдин маданий жактан бири-бирине тийгизип жаткан таасири көбүрөөк кызыктырат.

Кайсыл учурда алар ошол айырмачылыктарын баса көрсөтүп айткысы келет жана кайсыл учурда аларды жашырышат? Маселен, сиз базарга барсаңыз, ал жерде кыргыз же тажик экениңизди айырмалап көрсөтүүнүн зарылчылыгы деле жок.

Мадлен Ривз
Чектешкен райондордо жашаган кыргыздар менен тажиктердин тилинде бири-биринен алынган сөздөр аралашып кетет же жасаган тамагында да, кантип конок тосуп, той беришкенинде да бири-биринен алган маданий таасирди байкайсың.

Бир эле мисал – Баткенден кимдир бирөө Кыргызстандын түндүгүнө барып калса, ал жакта: “Сен кыргызчаны бузуп сүйлөп жатасың, тажик сөздөрүн колдонуп жатасың”, - деши мүмкүн.

Мен өзүм да Бишкекке барганымда адамдар мага: “Ай, сиз эмнеге өзбек, тажик сөздөрүн кошуп сүйлөйсүз?” деп калышчу.

Актадырда, мисалы, адамдар “паста жашайт”, “теппада жашайт” дешет, же “ал касал болуп калыптыр” дешет. Эки элдин ортосунда ушундай маданий жактан бири-биринен алып жаткан таасир бар. Мени этнолог катары ушул ич-ара маданий алыш-бериш кызыктырат.

Азыр ал жактагы чек ара маселеси өтө оор болуп турат. Анткени Тажикстандын анклавтарында ушунчалык эл жыш отурукташкан. Аларда жер жок.

Ал эми айланасындагы кыргыздардын айылдарынан Орусияга мигрант болуп кеткен жаштар көп. Ошонун айынан майда жаңжалдар көп чыгат.

Бул аймакта талаш-тартыштардын чыгышына эки элдин ортосундагы айырмачылыктар себеп болуп жаткан жок. Бул - саясий гана жол менен чечилиши зарыл болгон маселе.
Эмне үчүн бийликтер бизден сурашпайт деп калышат


Төрөкул Дооров: Эки коңшулаш жумурияттын өкмөттөрү ортодогу чегин 10 жылдан ашуун мезгилден бери аныктаганга аракет кылып жатышпайбы. Анан маселеге тезирээк чекит коюлушуна эмне кедерги болуп жатат деп ойлойсуз?

Мадлен Ривз: Бул жерде эки жагдайды белгилесе болот. Биринчиси, сиз айткандай, качан эки тарап бир үстөлгө отуруп эле, картаны алып, “Мына бул – Кыргызстан, бул жагы – Тажикстан” деп чечкенге даяр болушат?

Проблеманын баары ага чейинки процесс өтө татаалдашып кеткенинде. Анткени ортодогу чек ондогон жылдар ичинде жоголуп кетти.

Азыр эми чекти аныктоо учуру калк отурукташкан аймакка жеткен. Бул дегени чек кимдир бирөөнүн үйүн, бакчасын кесип өтүшү керек, же айылды экиге бөлүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул оор процесс болот.

Кыргыз-тажик бийликтеринин акыркы жыйыны, Миң-Өрүк айылы, Баткен. 8-апрель, 2011
Экинчиден, ортодо конкреттүү чекти заматта чийип, аныктап коюу менен эле иш бүтүп калбайт, демаркация ал жерде чыгып кетиши мүмкүн болгон конфликттердин алдын ала албайт.

Анткени чек бүгүн аныкталып, дубалдар курулуп калган күндө деле эки жактын эли чекти аралап өтүшү зарыл болгон учурлар көп.


Жергиликтүү эл балдарын чектин ары жагындагы мектептерге беришет, же “Суунун агымын ким башкарат? Малын кайсыл жайытка айдайт? Кышкыга отунду каерден алышат?” деген суроолор бар.

Ушул өңдүү жергиликтүү элдин күнүмдүк турмушу үчүн өзгөчө маанилүү маселелер чечилмейин, бүгүн чекти аныктап койсоңуз деле эртең талаш чыга бериши мүмкүн.

Менимче, бул маселелерди ашкере саясатташтырбаш керек. Аны талкуулаганда “өлкөнүн көз карандысыздыгы, бүтүндүгү” өңдүү маселе катары атай бергендин кереги жок. Суроону жөн гана “Биз кантип аймакта бирге жашай алабыз?” деп коюш керек. Мен өзгөчө белгилеп айтаар элем – бул талкууларга жергиликтүү элдин тажрыйбасын колдонуш абзел.

Мен Баткенде жашаган учурда көбүнчө адамдар: “Биз бул жерде кантип бирге жашаганды, кантип бирге сууну, отунду бөлүштүрүп, кандайча тил табышууну билебиз. Анткени дайыма бирге жашап келгенбиз. Эмне үчүн бийликтер бизден эмне кылышты бир ооз сурап коюшпайт?”, - деп арызданышчу.

Менимче, дал ушул жагдай маселени чечүүгө ачкыч боло алмак.

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдардын эли бири-биринин тилин түшүнөт, сүйлөй алышат. Кыргыздар тажикче, тажиктер кыргызча түшүнүшөт.

Чек араны бөлүү боюнча талкууларда алардын турмуштук тажрыйбасын колдоно билиш өзгөчө маанилүү деп эсептейм. Анткени анда жергиликтүү калктын кызыкчылыгын коргоп калганга көбүрөөк мүмкүнүчүлүк болмок.

Аймакта иштеген, регионду мыкты билген бейөкмөт уюмдарды да талкууга тарткан оң.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG