Линктер

Тажикстан 30-июнда Кыргызстан менен “Жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жол менен алуу” тууралуу макулдашуусун жокко чыгарды. Билгендер бул ансыз да кыйынчылыкта жашаган Тажикстандын Жерге-Тал, Мургаб райондорундагы кыргыздарды катуу убайымга саларын белгилешүүдө.

Мажлис спикери Шүкүржон Зухуров “Жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жол менен алуу” тууралуу макулдашуусу чек ара маселелеринде талаш-тартыш, түшүнбөстүк жаратышы мүмкүндүгүн эскертип, тажик өкмөтү келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштаганын айтты.

Депутат Азизмухаммад Холмухамадзода “Азаттыкка” мындай деди:

- Өткөн жылы 8-августта “Тажикстан Республикасынын жарандыгы” жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анда тажик жарандыгын алуу же андан чыгуу тартиптери аныкталган. Ошого байланыштуу Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин жоюу маселеси бышып жетилди.

Анткен менен бул кадамдын расмий себептери айтыла элек. Бирок бейрасмий маалыматта тажикстандык жарандар Орусияга жеңил-желпи чыгуу, орус жарандыгын салыштырмалуу жеңил алуу жана армияга барбаш үчүн кыргыз жарандыгын алып жатканы демилгеге негизги себеп болгону айтылууда.

Мурдараак, Лахш же кыргызча Жерге-Тал районунун бийлиги 1200дөй этникалык кыргыз тажик армиясында кызмат өтөөдөн качып, кыргыз жарандыгын алганын маалымдаган.

Анткен менен Тажикстанда төрөлүп, Бишкекте жашап-иштеген журналист Зулпукар Сапанов негизги маселе жумушсуздукта экенин белгилейт. Сапанов тажикстандык кыргыздардын Кыргызстанга келүү жолу кыйындаса, турмуш-тиричилигин кантип өткөрөт деп кыжаалат:

- Күнүмдүк чыгып иштей турган иши жок. Ошолор Кыргызстандан иш таап жатышат. Күн сайын “кул базарларда” иштеп атышат. Ал жакта тиричилиги өтпөй калгандар айласы жок келип атат да.

Ошол жөнөкөйлөтүлгөн жарандык берүү эрежеси алынса, Кыргызстандын жарандыгын алыш, албетте, кыйын болот. Ансыз да тоскоолдуктар бар эле. Бизде мыйзамдар жакшы иштелген. Бирок иш жүзүндө, паспорт столдорго барсаң башкача.

Мисалы, мен жакында эле Кара-Балтадан паспортумду алмаштырдым. Барсаң Тажикстандан келди деп, жапайы сыяктуу карайт да. Адам катары көрбөйт. Тиякка-биякка бар деп атып жалпы жарандык паспортумду эки айда араң алмаштырдым. Эгер жеңилдиктер жоюлса, таптакыр эле четке кагылып калабыз. Анан бечаралардын түйшүгү андан бетер оорлойт.

Эки өлкө сөз болуп жаткан келишимге 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбүдө кол коюшкан. Ага ылайык, Мургаб жана Жерге-Талда жашаган этникалык кыргыздар кыргыз жарандыгын төрт же алты айда, жеңилдетилген шартта алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Мындан улам акыркы жылдары Кыргызстанга кайткандардын саны өскөн. Маселен, Тажикстандагы 2000-жылкы эл каттоодо этникалык кыргыздар 65 миң болсо, он жылдан кийинки эсепте 60 миңден ашкан. Табигый өсүүнү кошуп туруп эсептесек, бу жылдар аралыгында Кыргызстанга көчүп келгендер көп эле болгонун аңдоого болот.

Жеңилдиктер алынса, кыйынчылык канчалык көбөйөрү азырынча беймаалым. Денонсация тууралуу документ келе электигинен азырынча бул маселе боюнча кыргыз бийлигинин пикири да белгисиз.

P/S. Эске сала кетчү жагдай, «тарыхый мекеним» деп Тажикстандан же Өзбекстандан көчүп келгендердин баары эле Кыргызстанда жылуу кабыл алынып, колдоо таба алган жок. Кээ бирлери кайрадан кодуланып, жеңилдиктер тууралуу мурдагы убадалардын чекесин да көрө электери бар. Кайрылмандарга жер эле эмес, документ алуу да кыйынга турууда. Көйгөйлөрдүн айынан айрымдары Кыргызстандан кайра чыгып кетүүгө аргасыз болушууда.

Кайрылмандарды кайгырткан мамиле, Ысык-Ата району.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG