Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:41

Этностор аралык мамилелерди бекемдөө, этностор аралык жаңжалдарды алдына-алуу туурасында конфликтолог Руслан Ташанов “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Этностор аралык жагдай Ош, Жалал-Абад облустарында мурдатан келаткан маселе. 1990-жылдары бир кагылыш болсо, былтыр ал кайрадан кайталанып кетти. Мындан ары этникалык маанайдагы жаңжалдар чыкпасы үчүн кандай чараларды көрүү керек? Сиз эмнелерди сунуштай аласыз?

Руслан Ташанов: Биз бул багытта бир топ изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Ошол изилдөөлөрдүн негизинде бир топ сунуштар иштелип чыккан.

Оболу биз көрүлчү чараларды экиге бөлүп карадык. Биринчиси – кыска мөөнөттүк, чукул арада көрүлчү чаралар. Экинчиси – узак мөөнөттүк.

Биринчиси боюнча, июнь коогалаңынан бери имиш-имиштер токтобой, азыркыга чейин эл арасында тынчсыздануу жаратып, этностор аралык мамиленин курчушуна алып келе тургандай ушактар көп таркатылып атат. Ошолорго бөгөт коюу, ошолордун булагын, өзөгүн табуу боюнча коопсуздук кызматтары чукул арада чоң иш-чараларды жасашы керек.

Экинчиден, июнь окуяларынан кийин айрыкча жаштардын толеранттуулук деңгээли абдан төмөндөп кетти. Ошондуктан жаштардын толеранттуулугун жогорулатуу, аларды интернационалдык духта тарбиялоо максатында жалпы комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүсү зарыл.

Ошондой эле көптөгөн массалык маалымат каражаттарында этностор аралык маселеге арналган макалалар көпчүлүк учурда тескерисинче натыйжа берип атат. Башкача айтканда чыңалууларды жаратып атат. Ошондуктан маалымат каражаттары эникалык маселелерди чагылдырууда кандайдыр бир көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы бар. Андан тышкары мамлекеттик, саясий ишмерлер, депутаттар жыйындарда, ММКда этностор аралык мамилелерди курчутууга алып келген сөздөрдү айтканы үчүн жоопкерчиликке тартуу зарыл. Себеби көпчүлүк учурда парламентте же гезит беттеринде этникалык маселелер тууралуу сөз козгогондо абдан эле этикага туура келбеген, башка этникалык топторду кемсинткен сөздөрдү айткан учурлары байкалууда.

Мамлекеттин алдында тез арада этникалык өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу зарылчылыгы турат. Себеби азыр бизде этникалык өнүктүрүү жана жалпы улуттук башкаруу концепциясы жок.

“Азаттык”: Ош шаар бийлиги былтыр этностор аралык мамилени чечүү үчүн аралаш жайгаштыруу саясатын баштоо керектигин айтып чыкты эле. Бул жол боюнча эмне айта аласыз?

Ташанов: Июнь коогалаңы учурунда этностор аралаш жашаган көчөлөрдө жаңжалдын деңгээли абдан төмөн болду. Тескерисинче бир этнос компакттуу, тыгыз жашаган жерлерде кагылыштын деңгээли чоң болду. Ошондуктан кыска жана узак мөөнөттүү иш-чара катары этностордун аралаш жашоосун камсыз кылуу багытында иштерди жүргүзүү зарыл.

“Азаттык”: Айрымдар Кыргызстандын жарандарынын паспортунда “кыргыз жараны” же “кыргызстандык” деп жазууну, азчылыктардын тегин көрсөтпөөнү сунуштап жүрүшөт. Маселен Түркияда ушундай экен.

Ташанов: Албетте эгерде жалпы жарандык паспорттон “улуту” деген жерин алып салсак максатка ылайыктуу болот эле.

Ошондой эле дагы бир олуттуу сунуш, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, аны кеңири жайылтуу аркылуу биз этностордун интеграция болуусуна шарт түзүшүбүз керек. Бул багытта жалпы бир тилдүү, башкача айтканда жалпы кыргыз тилдүү маалымат мейкиндигинин кеңири жайылышын камсыздоо зарыл. Бул мамлекеттин негизги милдети болушу керек.

“Азаттык”:
Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG