Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

А.Улунян: Бишкекте теракттарды динчилдер жасаганына ишенбейм


"Жайшул махди" Бишкектеги спорт ордосунун жанындагы жардыруу үчүн да күнөөлөндү, 30-ноябрь, 2010
"Жайшул махди" Бишкектеги спорт ордосунун жанындагы жардыруу үчүн да күнөөлөндү, 30-ноябрь, 2010

Ушул аптада Кыргызстанда Улуттук коопсуздугу боюнча мамлекеттик комитет соңку теракттар үчүн “Жайшул Махди” деген террористтик уюм күнөөлөңүп жатканын билдирди.

Орусиянын илимдер академиясындагы жалпы тарых институтунун илимпозу, Борбор Азия жана Балкан боюнча эксперт Артем Улунян Бишкектеги окуяларга “саясий исламды” жамынган башка эле күчтөр катышкан болушу мүмкүн деп эсептейт. Улуттук комитеттин билдирүүсүндө жаңы аталган уюмдун максаты Кыргызстанда жана Борбор Азияда халифатты түзүү экени айтылган эле. Эксперт Улуняндын айтымында, халифат идеясы өзү өтө чаржайыт кепке айланууда.

Артем Улунян:
Булардын халифат түзүү идеясы түшүнүксүз болуп турат. Маселен, “Хизб-ут Тахрирдин” так идеологиясы, максаты бар. Ал эми жаңы уюм халифат тууралуу сүйлөгөндө эмнени айткысы келгени белгисиз. Мына ушундай эле максатты Өзбекстандын Ислам Кыймылы деле билдирген. Мунун баары, жалпылап алганда, аймакта исламий башкарууну колго алган жумурияттардын түзүлүшүн жактаган айтылуу “саясий ислам” күчөгөнүнөн кабар бериши мүмкүн. Менимче, ошол саясий исламдын Борбор Азиядагы идеологдору ал өзү эмне экенин жакшы биле беришпейт. Алар жөн гана региондогу авторитардык режимдерге альтернативдүү идеология катары гана каршы чыгып жатышат.

Төрөкул Дооров: Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ошол жаңы уюм тууралуу айтып жатып, анын көпчүлүк мүчөлөрү улуту боюнча кыргыздар экенин, өлкөнүн түндүк аймагынан болушаарын айтты. Дин, адатта, өлкөнүн түштүгүндө кеңири жайылган деп эсептелинип келген эле. Абал өзгөрдүбү?

Артем Улунян

Артем Улунян: Ооба, коомдо “Ислам өлкөнүн түштүгүндө гана өнүккөн, кеңири жайылган” деген миф бар. Муну ушул аймактын мурдатан эле динге жакындыгы, өзбектер көп отурукташканы, Фергана өрөөнүндө экени менен түшүндүрсө болот. Бирок азыр абал өзгөрдү. Социалдык проблемаларды чечүүнүн башка жолдору калбаган жерде ислам күчтөнө баштайт. Муну бир эле исламга эмес, калган диндерге да байланыштуу айта алабыз. Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө жарандык партиялар бийликке дурус оппонент боло албаган учурда, диний уюмдар күчөдү. Ошон үчүн Кыргызстандын түндүгүндө динге берилүү күч алганын өзгөчө жаңылык катары карабайт элем. Бул аймакта диндин тамыр алышы бир топ узагыраак убакытты алган болушу мүмкүн. Бирок мында эч таң калаарлык нерсе жок.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда күч органдары соңку теракттар үчүн айыптагандарды карасак - баары диний уюмдар. Баштап, “Ислам жихады” дешти. Анан кийин салафилер тууралуу айтышты. Эми минтип “Жайшул Махди” деген эч кимге белгисиз уюм жөнүндө айтып жатышат. Айыпталып жаткан уюмдардын аттары улам алмашылып жатканы, негизи, мындай окуяларды иликтөөдө катардагы эле көрүнүшпү же кыргыз күч органдары чыныгы күнөөкөрлөрдү таппай эле, элди ар кайсыл аттар менен сооротуп жатышабы?

Артем Улунян: Мен тигил же бул мамлекеттин укук коргоо органдары же репрессивдүү органдары начар иштеп жатышат деп айткым келбейт. Негизи эле, Борбор Азияда өзү абал өтө айырмаланып турат. Бул жерде кайсыл бир террористтик уюмдун мүчөсү башка да уюмдарга мүчө эмес деп айта албайсың. Анын үстүнө, ар кайсыл уюмдун адамдары кошула калып, жаңы уюм түзүп алышканын деле айтышы ажеп эмес. Менимче, “Жайшул Махди” да ошондой эле маанайда ар кайсыл жактардагы бир нече адамдын түзө койгон уюму болушу мүмкүн.

Төрөкул Дооров: Башта айтылгандай, Кыргызстандын күч органдары жакындагы теракттар үчүн ошондон бери жалпысынан кеминде үч уюмду айыпташты окшойт. Ошол үч уюмду бириктирген жактары барбы?

Артем Улунян: Негизи, булардын ар бири “саясий ислам” деген түшүнүктүн алкагында иштешет. Дээрлик баары аймактагы башкаруу системасын кулатууну самашат. Бирок буларды бири-биринен айырмалап турган жагдайлар да бар. Маселен, “Хизб-ут Тахрир” максатына тынч жол менен гана жетүүнү көздөй турганын айтып жүрөт. Ошол эле учурда, Өзбекстан ислам кыймылы зордук-зобун менен күрөшөөрүн, партизандык кыймылдарды колдой турганын жашырбайт. Бул эки уюм тең аймакта исламга негизделген башкаруу болушун жакташат. Бирок “Хизб-ут Тахрир” өзүн бир эле Борбор Азиядагы эмес, дүйнөлүк уюм катары көрсөткөнгө аракет кылат. Өзбекстан ислам кыймылы болсо, жалаң гана ушул региондо, өздөрүнүн сөзү менен айтканда, Түркстанда иштей турганын айтууда.

Ал эми сиз айткан уюм жаңы болгондуктан, анын максаттары туралуу көп нерсе белгисиз. Менимче, алар исламды саясий максаттар үчүн гана колдонуп жатышса керек. Болгондо да бул уюм жалаң гана Кыргызстанга тиешелүү экени аныкталышы да мүмкүн. Бирок алар Кыргызстанда колдоо табышпайт деп ойлойм. Анткени бул өлкөдө исламга карата мамиле баары бир башкача.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда соңку жардыруулар, чабуулдар үчүн жалаң диний уюмдар айыпталышканын эске алганда, чын эле радикалдуу диний уюмдардын коркунучу жогору десек болобу?

Артем Улунян: Менимче, Кыргызстандын күч органдары диний уюмдарды айыптаганы - мурдатан колдонулуп келген практиканын кайталанышы. Ал өтө ыңгайлуу, баарына түшүнүктүү калыпка түшөт. Мен маселе ошончолук эле жөнөкөй экенине ишенбейм. Радикалдуу уюмдар бириге калып эле Кыргызстанга каршы чабуулун күчөтө калышты дегенде да ишенбейм. Анткени Кыргызстан баары бир башкача мамлекет.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG