Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" келген блогун сунуштайбыз.

Эгемендик күнү эшик ачып, айылдагы үй-бүлөгө келин келгени турат. Даярдыктар шайма-шай.

Айылды аралап аккан суу боюндагы бак-шактуу бул үйдө бир аптадан бери бака-шака. Эртели-кеч кирип чыккандар да арбын, кызуу кыймыл. Ичи-сырты оймо-чиймелер менен жасалгаланган жумурткадай төрт аппак боз үй да тигилди. Тээ ала жаздан тартып гүлдөй баштоочу кызыл-тазыл гүлдөөн тартып, кар түшкөнгө чейин бажырайып ачылып турчу хризантемага чүмкөлгөн үйдүн тегерек-чети бир сыйра акталып-сырдалып ого бетер көрктүү.

Кыязы, алдыда бир шаңдуу окуя болчудай. Ооба, так ошондой. Бул тууралуу алчалуудагылар эле эмес, райондогулар да кабардар. Жакында бул үйгө аппак жоолук салына турган ак никелүү келин келет, айыл дагы бир бактылуу келиндүү болот. Келин ала турган жигит Кыргызбай. Ага ушул ысым ыйгарылып калганынын да жөнү бар. Атасы Эрмек, айылда өз оокатына тың, берешен да, улуу-кичүү урматтап-сыйлаган, жайдары мүнөз жаркылдаган адам. Өмүрлүк жары Толкун экөөнүн баш кошконуна бир топ жыл болсо да перзенттүү боло албай жүрүштү. Пендечилик да. Толкундун согончогу канабай жүргөнүнөн улам, ар нерсени айтышып, Эрмек экөөнү ажыратууга түрткөндөр да болду го чиркин. Баары бир экөө суук ушак-айың кеп-сөзгө, утурумдук абалга көңүл бөлбөй, үмүт менен, тилек менен күтүп, жашоону уланта беришти.

Анан баарыдан мурда 1991-жылдын 31-август күнү наристе үнүн угуп, жытын жытташып, өздөрүн гана эмес бүтүндөй өрөөндөгүлөрдү чексиз кубанычка батырышты. Ошондо, Эрмектин апасы Баалы, неберем кыргыздар эгемендик алган күнү жарыкка келди, кыргызымдын саны артсын, аты Кыргызбай болсун деп азан чакырткан эле. Анда да бүт айыл чогулуп-дуулдап чоң той болгон. Илгери үмүт, ак бата, ак тилек коштолуп Кыргызбай да ойдогудай, таалим-тарбиялуу зыңгыраган, ар бир кишиге менин күйөө балам болсочу дедирткен жигит болуп чыкты. Орто мектеп, жогорку окуу жайын кызыл менен бүтүрдү. Айыл чарбасындагы экономика жана менеджмент адистигин чет өлкөдөн өздөштүрүүгө да жетишти.

Эми түтүн булатып, ата-энени, жандай көргөн Баалы апасын кубантып, келин алып келе турган болууда.

Баса, үйлөнүү тойду адегенде райборбордогу ресторанда өткөрүүнү сүйлөшкөн. Буга Баалы апасы менен чоң атасы карандай каршы чыгышты.

- Ботом, момундай үй-жай, айыл-апа турса ресторан дебегилечи, кесирленбей. Тууган-урук, келин-кесек, небере-чөбүрөлөр кызмат кылат. Кыргызымдын тоюн ата-бабанын каада-салты менен үйдө эле өткөрөлү, айланайындар. Тойдун эмне менен башталып, эмне менен бүтөрүнө чейин ойлонуштуруп койгом, садага кетейиндер, мага каршы чыкпагыла, - деди.

Кыргызбай көнбөскө айласы калган жок. Кайра, алыстан келчү чет өлкөлүк досторум чыныгы кыргыз айылы, каада-салты, үрп-адаты кандай болорун өз көздөрү менен көрүп-сезишсин, таанышсын деп кубанып да калды.

Баалы апа өмүр бою мектепте мугалим болуп эмгектенди. Мектептеги, ал турмак айылдагы ар кандай кече, салтанат ансыз өтпөс эле. Өзү да ыр жандуу, бийди тим эле катырчу. Айылдагылар биздин “Маданият министрибиз” деп бир чети тамашалап, бир чети баалагандары да ошондон. Боло турган той да Баалы апанын программасы менен ачылып, жыйынтыкталат.

Той өз уулу Эрмектин аткаруусунда “Алтынчы күнү кечинде” деген ыр менен башталмакчы. Анан, кошуна сулуу ырчы келин Бүбүкан “Жар-жар” айтат. Абышкасы Керезбек “Ибаратты” чертмекчи. Айтор, борбор тараптан чакырылган ырчы жок. Баштан-аяк айылдагы ырчы-күүчүлөр коштоп, тойдун шаанисин ачышмакчы болууда. Өзгөчө бий, ыр, куттуктоо сөз, мыкты спортчу деген мелдештер болуп, жеңүүчүлөр заманбап кол телефон, ТВ, китептер менен сыйланышат. Мындай шартты алдын-ала угуп калгандар чоң сынакка барчудай болуп шымаланып даярдык көрө баштаганы кызык...

Той 31-августтун кечинде өтөт.

Каап, ошол күнү быйыл көп жааган жамгыр дагы төгүп, свет өчүп калбагай эле. Калганы баары ойдогудай.

Өндүрүш Токтонасыров

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG