Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Стамбулдагы кыргыздар эне тилди сагынат


Түркиядагы кыргыздар кыргызча китептерди калтырбай окуганга аракет кылышат.
Түркиядагы кыргыздар кыргызча китептерди калтырбай окуганга аракет кылышат.

Түркияда жашаган кыргызстандыктар балдарынын өз эне тилин билбей чоңойуп жатканына кабатыр. Бул кемтикти толтуруу үчүн Стамбулдагы кыргызстандыктар атайын кыргыз тил курсун ачып, тил үйрөтүү аракетин көрүп жатышат.

Тогуз жаштагы Нура беш жылдан бери апасы менен Стамбулда жашайт. Түркчө тыкылдап сүйлөп, киши менен оңой тил табыша билген секелек кыз мектепте алдыңкы окуучулардын бири экен. Түрк тилиндеги бакчага барып, соңунан түрк тилдүү мектепте окуп жаткан Нура бишкектик журналисттердин кыргызча суроолоруна түркчө жооп берди.

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта Түркияга окуганы кетип, ал жакта жашап калган кыргызстандыктардын алды учурда очор-бачар. Алардын балдары эс тартып калганы менен көбү Нура сыяктуу кыргызча түшүнсө да, оюн эркин жеткире албайт. Нуранын апасы Нургүл Исаева кызы менен үйдө канчалык эне тилинде сүйлөшкөнүнө карабай, чөйрөнүн таасири басымдуулук кылып жатканын айтты:

- Түрктөрдүн арасында болгон үчүн түркчө сүйлөгөнгө туура келет. Кызымдын мектептеги классташтары, коңшу-колоңдор баары түрктөр. Алар менен ойнойт, баарлашат дегендей. Кыргызча сүйлөшсөң түшүнөт, бирок жооп бере албайт. Үйдөн кыргызча сүйлөшүп турабыз. Бирок чөйрөң түркчө болсо кыйын экен.

Стамбулдагы кыргыз диаспорасынын кеңсеси.
Стамбулдагы кыргыз диаспорасынын кеңсеси.
Нургүл кызын кыргыз тилин унутуп калбасын деп акыркы убакта Кыргызстандагы туугандарына бат-бат жиберүүгө аракет кылып жатканын айтып отурду.

Стамбулда жашаган кыргыздардын көпчүлүгү Нургүл сыяктуу балдарынын кыргыз тилин билбей чоңойуп жатканына кабатыр. 20 жылдан ашык убакыттан бери бул жакта жашаган ишкер Нурлан Мусаев мында ата-энелердин да күнөөсү бар деген ойдо. Мусаевдин айтымында, көпчүлүк ата-энелер үйүндө да түркчө сүйлөшүүгө көнүп калышкан:

- Эми биздин кыргыздар кайда төрөлсө ошол тилде сүйлөп, өз тилин унутуп калат окшойт. Эмне үчүн экенин билбейм. Мисалы, орустар же түрктөр башка жерге барса деле өз тилин унутпай сүйлөп эле жүрөт. Биздики башка өлкөгө бардыбы дароо ошол тилге өтүп, балдарыбыз өз тилин унутуп калат экен. Бул үй-бүлөдөгү тарбиядан окшойт.

Ушундан улам Стамбулдагы кыргыздардын “Достук жана маданият” коому кыргызстандык балдар үчүн кыргыз тилин үйрөтүүчү курс ачышкан экен. Анда сабакты тилчи мугалимдер ишемби, жекшемби күндөрү өтүшөт. Балдар акысыз окушат.

“Достук жана Маданият” коомунун катчысы София Кожоназарова бул курс өз эне тилин унутуп бараткан балдар үчүн пайдалуу эле болуп жатканын айтууда:

- Бул жакта кадимкидей эле шарттар түзүлгөн. Бөлмө керектүү окуу куралдары, китептер менен жабдылган. Сабак окуу үчүн атайын мугалим жалдаганбыз. Ал өзү университетте иштейт. Балдар бул жакка келгени бири-бири менен таанышат, кыргызча баарлашып, аз да болсо сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Чындыгында эле катчы айткандай, Стамбулдун чок ортосундагы имараттардын биринде ачылган курстун бөлмөлөрү бардык керектүү окуу куралдары менен жабдылыптыр. Керектүү китептер да алынган. Буга кошумча коомдогулар жакындан тарта Түркиядагы кыргыз жеткинчектерге арнап “Бүчүр” деп аталган журнал чыгара баштаган экен. Журнал кыргыз тилин үйрөнүп жаткандарга ыңгайлашкан:

- Журналыбыздын алгачкы саны чыкты. Анда балдарга арналган жомоктор, аңгемелер анан тил үйрөнүп жаткандар үчүн атайын тапшырмалар бар. Журналды ай сайын үзгүлтүксүз чыгарып туралы деп жатабыз. Алар балдарга акысыз таратылып жатат.

Түркиядагы кыргыздар чыгарган балдар журналы.
Түркиядагы кыргыздар чыгарган балдар журналы.
​Мындай журналды чыгарууга, тил курстарын уюштурууга Түркиядагы кыргызстандык студенттер активдүү катышат. Алар тил үйрөнүп жаткан балдарга ар кыл маданий программадагы иш-чараларды уюштуруп турушат. Мындай демилгени ишке ашыргандардын бири - Стамбул университетинин студенти Азиз Кайыпов:

- Биз журналды чыгарганга жардам берип турабыз. Анан дем алыш күндөрү балдар үчүн сахналаштырылган оюн-зоокторду уюштурабыз. Бул балдардын кыргыз тилин өздөштүрүүсүнө жакшы шарт түзөт экен.

Негизинен Түркияда расмий маалымат боюнча 2000ден ашык кыргызстандык бар. Алар университеттерде окуган студенттер, аны аяктап же ал жакта иштеп калгандар. Эгемендиктен кийин Түркияга барган кыргызстандыктардын көпчүлүгү Стамбулду байырлап калышкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG