Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Улуттук боштондук көтөрүлүштүн ирегеси: Кара-Балтадагы 1910-11-жж. жер маселеси

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Чүй өрөөнүндөгү Кара-Балта болуштугунда орусиялык келгиндердин ээлеп алышынын айынан жергиликтүү кыргыздар өз жерлеринен ажырай баштаган доорго байланыштуу айрым архив материалдарын сунуштайт. 1910-11-жж.

Биз бүгүн сунуштап жаткан архивдик документтер Чүйдөгү Кара-Балта болуштугуна тийешелүү. Жаңыдан өз алдынча көчүп келген келгиндерге арендага жер бербейбиз деген кыргыздардын чечими 1911-жылы ар кыл пикирлерди жаратып, маселе Түркстан генерал-губернаторлугуна чейин көтөрүлгөн.
Бул документтерде “жакынкы жылдардын ичинде чөлкөмдө жер маселесине байланыштуу катуу кагылыш болоору” да эскертилген.
Анда сиздердин назарыңыздарга Пишпек үйөзүнүн Кара-Балта болуштугундагы жергиликтүү элдин келгиндерге арендага жер бербейбиз деген чечими жана ага карата падышалык төбөлдөрдүн мамилеси чагылдырылган архивдик документти сунуштайбыз (Казакстан Мамлекеттик архиви; фонд № 44; иш кагаз № 43081).

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG