Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

АКШ Транзиттик борборун чыгаруу демилгеси козголууда


"Манастагы" АКШнын Транзиттик борбору
"Манастагы" АКШнын Транзиттик борбору

Аликбек Жекшенкулов баштаган бир катар саясатчылар АКШ базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча референдум өткөрүүнү сунушташты.

Мындай демилгени айрым талдоочулар саясий оюн, Москванын буюртмасы деп аташты.

Саясий буюртмабы?

“Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов баштаган айрым саясатчылар атайын билдирүү менен чыгып, Бишкектин “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборун өлкөдөн чыгаруу маселесин референдумга алып чыгууну сунушташты. Сунушка ылайык, АКШ базасын чыгаруу боюнча референдумду президенттик шайлоо менен кошо өткөрүп, учурдан пайдаланып калса болот.

Мындай демилгени “Эл үнү” партиясынын жетекчилери Болот Марипов, Жеңишбек Байгуттиев, “Кыргызстан элдеринин кеңеши” партиясынын төрайымы Гүлмиза Сейталиева, “7-апрель жаштар кыймылы” партиясынын тең төрагасы Мирлан Бекитаевдер колдошууда. Алардын ишениминде, АКШга көп өлкөлөр каршы болгондуктан Транзиттик борборду жаап, АКШныкындай душманы жок Орусиянын базасын калтыруу керек.

Аликбек Жекшенкулов 20 жылдан берки көп багыттуу тышкы саясат ишке жарабай калганын, эми ким менен болуу керектигин так аныктап алчу мезгил келгенин айтып, ал өлкө Орусия экенин кыйытты. Анын айтымында, АКШ базасын 2014-жылды күтпөй эле чыгарып, ошол эле маалда Канттагы Орусия базасына тийбеш керек:



- АКШ аба базасын (мурдагы “Ганси”) Кыргызстандан чыгарып жиберүү зарыл. Коопсуздук жагынан алганда биз үчүн ким менен болушубузду аныктап алганыбыз оң. Тилекке каршы биздин көп багыттуу саясат концепциябыз өзүн актаган жок. Биз өзүбүздүн өнүгүү багытыбызды так аныктап алуубуз керек.

Айтмакчы, АКШ базасын чыгарууну каалагандар маалымат жыйынды бир гана орус тилинде берип, кыргызча суроолорго да орусча жооп беришти.


Мындай жагдайды саясий серепчи Кубанычбек Өмүралиев Кремлге көрүнүп алуу далалаты же ал жактан келген буюртманы “аткардык” деген ишара катары баалоодо. Анын айтымында, азыркыдай оор шартта АКШнын да, Орусиянын да базасына тийишпей турган оң. Өлкө каруусуна толуп алганда экөөнү тең чыгарып салса болот:

- Армиябыз ушундай алсыз болуп турганда, баягы Баткен окуясынан кийин жана азыр террордук күчтөр күчөп аткан кезде, Ооганстанда кыйын болуп турганда базалардын бул жакта турганы, аз да болсо коопсуздугубузду сактайт эле. Эгер кетсе экөө тең эле кетсин да. Бирөөнүн экинчисинен эмне артыкчылыгы бар? Бул маселени да караш керек эле. АКШ базасы жылына 60 миллион доллар берип, анан ар кыл кызматтардын аркасынан 100 миллиондон ашып кетет экен. Ал эми Орусияныкы кандай түрдө?

Саясий упай топтоо аракетиби?

“7-апрель жаштар кыймылы” партиясынын тең төрагасы Мирлан Бекитаев болсо АКШ базасын чыгаруу демилгесин миңдеген жаштар колдой турганын, эгер чыгаруу талабы аткарылбай турган болсо 2 саат 45 мүнөттө базаны чогулуп барып жайпап кетишерин айтат. Бирок ал бул демилгени кайсы миңдеген жаштар колдоорун, аны кантип аныктаганын, 2 саат 45 мүнөт кайдан чыга калганын түшүндүрө алган жок.

Социал демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдиргендей, АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн. Анын мөөнөтү 2014-жылга чейин белгиленген жана ошол аралыкка чейин экономикага кошумча пайда алып келип турганы жакшы. Ал эми базалардын бирин бүгүн эле чыгарып жиберүү саяктуу талаптар жөн гана саясий упай топтоо аракети:


- 2014-жылга чейин 3 эле жыл убакыт калды. 3 жыл күткөндөн Кыргыз мамлекетине зыян болбойт. Тескерисинче момундай экономикалык оор абалда алардан кошумча каражат түшүп атат да. Пайда болуп атат, зыяны тийе элек. Муну эске алыш керек. Анан эле ушуга окшогон саясатчылар чыга калып, башкаларга жага турган өлкөлөрдөн упай ала калалы, беркилерге каршылардан упай ала калалы деп жарыялай беришсе, анан ошолордун ойлоруна кошула берсек бул өлкөнүн келечеги болбойт. Мен ушинтип эле так кесе айтат элем.

“Манас” аба майданында жайгашкан АКШ базасы 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк шаарында болгон террордук чабуулдан кийин ачылган. Ошол жылдын декабрынан тарта Ооганстандагы операцияга колдонула баштаган.

2009-жылдын 3-февралында мурдагы президент Курманбек Бакиев Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ базасын жаба турганын жарыялап, ошол жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеш эки тараптуу келишимди жокко чыгарган мыйзам кабыл алган. Бирок 2009-жылдын 22-июнунда АКШ менен Кыргыз Республикасы жаңы келишимге кол коюп, “Манас” базасынын ордуна ошол эле функцияны аткарган Транзиттик жүк ташуучу борбор түзүлгөн.

Эскерте кетсек, Орусия Канттагы аба базасынын ижара акысына 4 миллион доллардын тегерегинде каражат төлөсө, АКШ өкмөтү Транзиттик жүк ташуучу борбордун ижара акысына 60 миллион доллардан төлөйт.

XS
SM
MD
LG