Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Кыргызстандагы окуялар, орусиялык эксперт Алексей Мухиндин ишениминде, азыр Москва менен Вашингтондун ортосундагы келишимге жараша чечилет.

Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” директору Мухин соңку жылдарда Орусиядагы саясий окуялардын өнүгүшүнүн туура божомолдой алган аналитик катары белгилүү.

Төрөкул Дооров:
Азыр Кыргызстанда оппозиция өзүнүн утурумдук өкмөтүн түзүп, бийликти колго алганын билдирди. Президент Курманбек Бакиев болсо отставкага кетпейм деди. Абал жөнүндө сиздин пикириңиз кандай?

Алексей Мухин: Менимче, азыркы кырдаал “жарандык согуш” тутанып кетишине жакын болуп турат. Согуш болбойт го деп үммүттөнөм. Бирок баары азыр утурумдук өкмөт менен президент Курманбек Бакиев кандай мунасага келишээрине жана президент кандай шартта кызматтан кетээрине жараша болот. Компромисти табууга аракет азыр көрүлүп жатат жана жакынкы арада табылып калат деп ойлойм. Анткени Орусия да, башка мамлекеттер да Кыргызстанда “граждандык согуш” башталып кетишин каалашпайт.

Төрөкул Дооров: Орусиянын өкмөт-башчысы Владимир Путин Кыргызстандагы соңку күндөрдөгү окуяларга Москванын эч катыштыгы жок деп билдирди. Бирок расмий Москва менен Бишкектин ортосунда мамиле начарлап кеткени тууралуу соңку мезгилде көп эле айтылган. Сиздин оюңуз кандай?

Алексей Мухин
Алексей Мухин:
Владимир Путин айткан кеп – Москванын расмий позициясы. Ошентсе да айрым фактылар менен ньюанстарга көздү жумуп кое албайбыз. Орусия Кыргызстанга 150 млн.доллар кайтарылгыс грант берди, 300 млн.доллар жеңилдетилген шарттагы кредит бөлдү жана 180 млн.доллардык карызын кечип салды. Бул үчүн Кыргызстандан да айрым кайтарымды, анын ичинде “Манас” аба майданындагы АКШнын аскерий базасынын чыгарылышын талап кылган. Мунун баары, албетте, расмий айтылбаса да, Бишкектен күтүлгөн шарт болчу. Жыйынтыгында, ушул инвестициялык талаптардын бири да аткарылбады. Анысы аз келгенсип, президенттин уулу Максим Бакиев Орусиянын Кыргызстандагы айрым активдерине рейдердик чабуулдарын баштады. Ошондуктан президенттин саясаты “Орусияга душмандык саясат” катары кабыл алынды. Бирок Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштү – мен бул окуяларды “мамлекеттик төңкөрүш” деп атамакмын - Орусия уюштурду деп так айтууга да болбойт. Ошентсе да, өлкөдөгү кырдаал азыркыдай нукта өнүгө берсе, андан эң оболу Москва утушка ээ болот.

Төрөкул Дооров: Соңку мезгилдерде кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү колдоо алыш үчүн Москвага көп каттап калышканы айтылып жаткан. Мындай кырдаалда АКШнын жана Орусиянын Кыргызстандагы аскерий базаларынын тагдыры жөнүндө эмне айтса болот?

Алексей Мухин: Бул, чынында эле, Орусия үчүн эң маанилүү маселе. Орус жетекчилиги өзүн алданып калды деп эсептейт. Анткени Кремль буга чейин Бишкек менен кабыл алынган келишим аткарылышына жетише албады. Эгерде Курманбек Бакиев бийликти колунда кармап кала алса жана буга АКШ катуу киришсе, анда “Манастагы” база калып калышы ыктымал. Андай болбой, антиамерикалык ураандарды чакырып жаткан оппозиция утса, Москва менен келишилгендей, жакынкы арада Американын базасы Кыргызстандан чыгарылат.

Төрөкул Дооров: 7-апрелдеги окуяларда набыт болгондор көп болуп, азыр “Бакиев бул үчүн жоопко тартылсын!” деген чакырыктар айтылып жатат. Мындай учурда президенттин утурумдук өкмөт менен сүйлөшүүлөрдө өзүнө мүмкүн болушунча коопсузураак позицияны сактап калышына шансы канчалык?

Алексей Мухин: Бакиев мырза моралдык жактан кыргыз элинин ишениминен кетти. Бул – факт. Бирок азыр Бакиев өзүнүн жердештеринин жана АКШнын колдоосуна жетишкенге аракет кылат деп ойлойм. Ал Вашингтон менен Москва ядролук куралдарды кыскартуу боюнчакелишимге жетишкенден кийин деле жакын достошуп кетпейт го деп үмүттөнүп жатса керек. Азыр бул суроодо президент Обаманын позициясы белгисиз болуп жатат. Менимче, Вашингтон азыр транзиттик базанын ишин сактап калыш үчүн Москва менен соодалаша баштайт. Ошон үчүн Бакиевдин үмүтү акталбай калышы деле мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG