Линктер

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Орто-Токой жана Үңкүр-Тоо аймагында акыркы күндөрдө түзүлгөн кырдаал көп талкууга жем таштоодо.

Кошуна өлкөлөр менен тирешкен мамилелердин жеңилдебей жатышына эмне себеп болууда, чек араларды тактоо боюнча сүйлөшүүлөр эмнеге жемишин бербей жатат, Өзбекстан, Тажикстан менен мамлекеттин чек ара маселесин чечүү үчүн кандай саясат жүргүзүү керек? “Арай көз, чарай” берүүбүздө ушул суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга Чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Саитжан Эратов, мурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Баткенден чек ара маселелери боюнча серепчи Хаиталы Айкынов катышты.

“Азаттык”: Саиджан мырза, Кыргызстандын Орто-Токой жана Үңкүр-Тоо аймагында болгон окуялардан кийин кыргыз-өзбек чек арасындагы бүгүнкү абал, кырдаалды кандай мүнөздөсөк болот?

Саитжан Эратов: Кечээги окуялар катталгандан бери эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Биздин талабыбыз - кечээ Үңкүр-Тоого учак менен келип түшкөн жети милиция кызматкерин алып кетүү, биздин аймакты бошотуу болууда. Алардын талабы – 13-августта кармалган алардын милиция кызматкерин кое берүү, экинчиси, Орто-Токой суу сактагычына коюлган милиция постторун алып салуу, үчүнчүсү, Орто-Токой аймагындагы “Достук” айылына электр энергиясын берүүнү улантуу, ошондой эле суу сактагычка жакын айылдарга азык-түлүк киргизип алууга уруксат берүү. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айтсак, өзбек чек ара кызматынын жетекчиси “Үңкүр-Тоо аймагында Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өздөрүнүн атайын операцияларын жүргүзүп жатат, ал биздин компетенцияга кирбейт, эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин иши” деп жатат. Биз болсо, “маселе чек ара тилкесинде болуп жаткандан кийин чек арачылар жооп бериш керек, милицияларды тезинен алып чыгып кеткиле”, деп дагы бир жолу талап кылдык. Биздин талабыбызды өзбек жетекчилерине жеткиребиз деп айтышты. Эртең да сүйлөшүүлөр улантылат. Бүгүнкү күндө чек ара кызматы тарабынан керектүү күч каражаттары тартылды.

Биз кандай кырдаал болбосун өзбек кесиптештерибиз менен жакшы мамиле кылууга аракет кылабыз, өз ара түшүнүүчүлүк бар.

“Азаттык”: Марат мырза, кыргыз-өзбек чек арасында жазында да ушундай эле тирешкен кырдаал түзүлдү эле, кайрадан эле ошондой кооптуу абалдын кайталанышынын негизги себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Марат Иманкулов: Бул бүгүн эле чыга калган маселе эмес, мурда эле чечилиш керек болчу. Азыр аябай ырбап кетти, эртең мындайлардын көбү болот. Муну президенттердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жолу менен түп-тамырынан чечпесе болбойт, башка жол менен чечилбейт. Саясий бийлик жетекчилери принципиалдуу маселелерди макулдашып, чечип, калганын өкмөт, чек ара кызматтары чечсин деп тапшырма берсе ошондо иш алга жылат. Тилекке каршы, биздин мамлекеттердин жетекчилери андай жолго бара албай жатат.

“Азаттык”: Быйыл жай айында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Ташкенде жолугушуп, чек ара маселесин чечүүнү алга жылдырууну биринчи суроо катары койгон эле го...

Марат Иманкулов: Чек ара маселеси кайсы бир чогулуштарда, эл аралык конференцияларда же президенттердин учкай жолугушууларында чечилбейт. Эки өлкөнүн президенттери атайын ушул маселени чечиш үчүн жолугушуусу керек, биз тарап Ташкенге барсын же алар Бишкекке келишсин. Өзбекстанда президенттин макулдугусуз бир дагы маселе чечилбейт. Азыр айтып отургандай, алар “бул Ички иштер министрлигинин иши” дешип ар кандай шылтоону айтып жүрө беришет, эртең дагы бир шылтоону айтышат. Бул жерде чек ара аймактарында жашаган элдин эле шору. Жөнөкөй эл саясатчылардын курмандыгы болуп, барымтасында калып отурат.

“Азаттык”: Хаиталы мырза, Баткен облусунун Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларыбызда абал кандай, кошуналар менен мамиле кандай болууда?

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда көптөгөн келишимдер бар. Ошолордун эң негизгиси “Түбөлүк достук келишими” деп аталат. Анын негизинде биздин чек араларыбыз ачык болуш керек болучу.

Хаиталы Айкынов: Мурдагы жылдарга салыштырган акыркы убактарда кошуналар менен болгон чыр-чатактар азайды десек болот. Бирок, маселе мамлекеттик жогорку деңгээлде чечилбесе абал жеңилдебейт. Эртең чек аранын кайсы бир жеринде, Сохто же Кадамжайда жаңжал болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан мамлекеттин чечим чыгаруучу органдары аракеттерди көрүшү керек. Албетте, чек ара маселеси бир күндүк иш эмес. Эл аралык тажрыйбаларды эске алып, үлгү кылып чечүүнү тездетүү керек. Адилеттүүлүк үчүн айтсак, акыркы жылдары чек ара аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап эки чек ара заставасы курулду ж.б. көп суроолор чечилди.

Саиджан Эратов: Биз кандай кырдаал болбосун өзбек кесиптештерибиз менен жакшы мамиле кылууга аракет кылабыз, өз ара түшүнүүчүлүк бар. Былтыр чек ара тилкесинде он окуя катталса, быйыл кечээкини кошкондо алтынчы окуя катталды. Маселени чечүүдө бир эле чек арачыларды карап отурбай өкмөт, башка күч органдары чогулуп, комплекстүү түрдө көптөгөн иш-чараларды жасашыбыз керек.

Марат Иманкулов: Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда көптөгөн келишимдер бар. Ошолордун эң негизгиси “Түбөлүк достук келишими” деп аталат. Анын негизинде биздин чек араларыбыз ачык болуш керек болучу. Өзбекстан бир тараптуу жаап салып, өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн деп жатат. Анткени, Өзбекстанда биздин мамлекетке, биздин бийликке ишеничи жок. Алардын бүгүнкү мамилеси “силер менен сүйлөшө албайбыз” деген билдирүүсү десек болот. Мындан бир топ жыл илгери эки өлкөнүн жарандары бири-бирине эркин өтүп, соода-сатыгын кылып эле жүрүшчү эле го. Азыр ага эмне жолтоо болууда, бул чоң саясий маселе.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG