Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

8-март: Шаамерчемдин куттук ыры


Кыргыз айымдары өз укуктарын коргоп Бишкекте жүрүшкө чыккан учур. 2010-жылдын 8-марты. “Азаттыктын” архиви.
Кыргыз айымдары өз укуктарын коргоп Бишкекте жүрүшкө чыккан учур. 2010-жылдын 8-марты. “Азаттыктын” архиви.

“Азаттык” үналгысынын “Сөз таануу” куржунуна омоктуу терминдик сунуштарын үзбөй жиберип турган окурманыбыз Шаамерчемдин Эл аралык аялдар күнү майрамына карата алатоолук айымдарга арнап жолдогон ыры.



ЖАГДАЙ

Ош дегениң - чо-оң базар...
(Бир көчөдө он базар:
Калпак базар... кант базар...
Тоок базар... тон базар...

Чыгыш жакта там базар...
Батыш жакта шам базар...
Урук базар... ун базар...
Арак базар... Ар базар...

Өйдөрөөктө дүң базар...
Четирээкте жүн базар...
Балык базар... Бал базар...
Күндүз базар... Түн базар...)

Ылдыйраакта кул базар...
Күйгүзгөнү шул базар...
Мөгдөп туру бир киши
Кызмат жасап пул табар.

Көрсөтпөскө көз жашын
Жерге салат ал башын...
Улутунуп күңкүлдөйт
Балдарынын карды ачын...

"Акча берсең тизем" дейт...
"Акча берсең тилем" дейт...
"Казам, жасайм, шыбайм..." дейт...
"Акча берсең бийлейм..." дейт...

Күйгүзгөнү - кул базар!
Күйүт базар - бул базар...
Араак барса ортолоп
Гүл жыттанат гүл базар!

Гүл жыттанат гүл базар!
Күн жыттанат гүл базар!
Ар дестенин арасы
Аалам шаңын сыйдыраар...

Жоогазындын дестеси
Кылыктанат: "Жездеси!
Эжем чанып энтеңдеп
Жүргөн чагың эстечи!"

Кызгалдактын түйүмү
Жеңекемдей күйүмдүү!
Сырдуу карап шыбырайт:
- Барктай бил, деп, Сүйүүңдү!

Кызгантманын* топтому
Кызык өтмүш Оштогу...
Саамайында үлбүрөк -
Шоктонуу, ах шоктонуу!...

Өрүмкашка* бууму
Бантик менен буулуу...
Балкым жүзү албырган
Шүүдүрүмгө жуулуу!...

Тотунайдын* орому
Той ырына оролуу...
Тоолук кыздай жыпары
Чын ышкыга королуу!...

Айсоорундун* тутамы -
Дестелердин султаны
Илеп серпет көз ымдап:
"Селки таңы - гүл таңы..."

Астайымдын* байламы -
Дестелердин каймагы!
Күлө багып назданат:
"Гүл - үмүттүн майрамы!.."

Үр жыттанат гүл базар!
Нур жыттанат гүл базар!
Илхам бүркүп көөдөнгө
Ыр жыттанат гүл базар!..

...Эрте туруп мен бүгүн
Гүлгө байлап үмүтүм
Кул базарды кыйгап өтүп
Гүл базарга жөнөдүм!..

* * * * * * *

Терминдик сунуш жана түшүндүрмө:


КЫЗГАНТМА* - хризантема????

ӨРҮМКАШКА* - ромашка????

ТОТУНАЙ* (ГҮЛ) - гладиолус????

АЙСООРУН* (ГҮЛ) - акация????

АСТАЙЫМ* (ГҮЛ) - астра????


Келе жаткан 8-март майрамыңыздар кут болсун, урматтуу бийкелер жана айымдар!

Шаамерчем,
Азаттыктын” окурманы.
XS
SM
MD
LG