Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Союз убагында кыздар арасында пахтачылык бригадасын түзүп, жашоодо активдүү болууга жол көрсөткөн, кыргыз элине таанымал акын Азада Бегимкулованын өмүрү, чыгармачылыгы, өксүгү, өмүрүнүн аздыгы тууралуу баян.

Элүү жыл эрте туулган...

Олдо тагдыр, мынча оор сынагың,
Сынагыңа канча ирет чыдадым.
Кайрат урап, карылыкка бой сунуп,
Күндөн күнгө карт сөөктөй сынамын.

Билген билээр, билбегенге не чара,
Бейкапарга болормун бир бечара.
Топуракка жашынганда турпатым,
Топурашып сөз айтышаар ич ара.


Жүрөктү тешип өтүп, жүлүндү аралаган бул ырдын автору, белгилүү акын Азада Бегимкулова 1996-жылы 46 жашында дүйнө салган. Ошол жылы жадыраган жай айында Бишкекке келип, сырдаш эжеси, акын Меңди Мамазаировага жолугуп кеткен экен. Кечээ тирүү көргөн адамды бүгүн түбөлүккө жоготуу кандай оор? Меңди акын ошол суук кабарды укканда ишенип-ишене албай, төмөнкү саптарды жаратат:

Табышмак болду бизге өлүмүң да

Жай айы эң акыркы көргөнүмдө,
Толукшуп кадимки эле көркөмүңдө.
Эң асыл тилектерди айткан элең,
Бирине ошолордун жетпедиң не?

Ким бурду терс тарапка тагдырыңды?
Күүлөнгөн канатыңды ким кайрыды?
Табышмак болду бизге өлүмүң да,
Түз жолдон таманыңды ким тайдырды?


- Акыркы кездешүүбүздө түшүнөн чочугандай “Эже, мен жакында өлөм” деди. Денем бирөө ийне менен сайгандай дүркүрөй түшүп: ал эмне дегениң Азада, тамашаласаң да жөн сүйлөп жүрчү деп урушкан элем. Алдан-күчтөн тайып калбаса, жаркылдап күлүп, сонун пландарды айтып отурса кантип ишенесиң? Кичине дарыланып алайын деп ооруканага жаткан. Ошондон кийин эле өлгөнү тууралуу кабар келди. Жашоосу, жүргөн-турганы табышмактуу жан эле. Өлүмү да биз үчүн табышмак бойдон калды. Кээде олтуруп, бул кыз жашоого элүү жыл эрте жаралып алган го деп ойлойм. Мына карачы, убагында аны жаман көрүшкөнү менен ал кийген улуттук кийимдерди эми баары кийип жүрүшөт.

Азада Бегимкулованын “каяшасы”

А​кындын калеминен жаралган "Мүдөө", "Өтүнүч", "Жаштыгыңды аядым", "Сизге", "Кыргызымдын мырзасы" аттуу обон коштогон ырлары аликүнчө эл оозунан түшө элек. Музыкасы Жаныш Кочкоровго таандык, “Өнөрдү сүйгөндөрдүн эсиндемин” деген ырын акыркы кезде белгилүү ырчы Роза Аманова аткарып жүрөт.

"Ыр дыйканы" менен жер дыйканы.

"Ыр дыйканы" менен жер дыйканы.

Акын жазган ырдын ар бир сабы тагдырга болгон ачуу таарынычты, өксүктү катып турат. Бирок акын турмушта анысын билгизбей жашады. Дайыма өз укугу үчүн күрөшө билген чечкиндүү, айтканынан кайтпаган өжөр болчу. Өмүр өткүчө турмуштагы теңсиздик менен күрөштү. “Биздин кыргыз эркектер аял деп аябайт, алар жолундагы каршылашын "ушул алсыз жан экен" дебей тебелеп кеткенге даяр” деп калаар эле. Ошол эле маалда адамдарды сүйө билген назик, боорукер жан болчу. Бир ордуна туралбай, терисине батпай кеткен шашмалыгы өзүнчө сөз.

Билген айтаар: өжөр эле сөзү шар,
Бир келди да, бир кетти деп айтышаар.
Капарга албай кандай жашап өткөнүм,
Канчалары мүрзөмдөн тек кайтышар.

Катар жүргөн — жылуу сөзүн айтканда.
Кайрат болмок, кубат бермек дарманга.
Сөз кылды не, сөз кылбады не пайда,
Сөөгүм куруп жер алдында калганда...


99 же 101

1993-94-жылдары Оштогу университеттин тарых факультетинин 1-курсунда окучу элем. Бир күнү "акын келиптир, жолугушуу болот экен" деп дүрбөп калдык. Каш-кирпиги капкара, көздөрү жайнаган айымды ошондо биринчи жолу көргөм, таңгалгам, таасирленгем, суктангам, сүрдөгөм. "Күнүмдүк тириликтен да жогору нерсе бар, жашоо үчүн күрөшүү гана керек” деп кеңеш берген ошондо. “Мээримим адамдарга” деген кичинекей китебин тартуу кылган.

Ошол жолугушууда Маматибрагим Жаныбеков аттуу агай эжени “сиз 99суз же 101сиз” деп тамашалап, баарыбызды күлдүргөн. Эмнеге антип айтканын өзүнөн уксак:

- Эжени 90-жылдагы Ош окуясында көргөм. Ошол кезде мен Оштогу университетте иштечүмүн. Кошуундарды уюштуруп, шаардагы тынчтыкты сактоо аракетинде жүргөнбүз. Азада эже да бир топту жетектеп жүрүптүр. Бир убакта менин бир жигитим менен Азада эженин бир кызы жоголуп кетип, экөөнү бир жерде жолугушуп олтурган жерден таптык. Аларга болушуп Азада эже экөөбүз урушуп кеткенбиз. Кийин тынчтык мезгилинде мен чыгармачылык кечемди өткөрүп калып, сөз сураганынан бербей койдум. Анан кече бүткөн соң өзү келип таанышты. Ошондон кийин көзү өткөнчө бирге, сырдаш, кесиптеш, бир тилектеш болуп жүрдүк. Жанагыдай кечелер болгондо ээрчитип алчу. Ичинде кири жок, жан дүйнөсү таза, шарылдаган ачык мүнөз эле. Шашмалыгынан эч нерсени карачу эмес. Бир жолу эшикте күтүп турганбыз. Эже чыкпайсызбы? - деп терезеге келип кыйкырсак, ич көйнөкчөн келип алып, “азыр чыгам” деп жооп берди. Анан бат эле чыга келди. Карасак көйнөгүн тетири кийип чыгыптыр. Аябай күлдүк.

Эмгекти сүйгөн акын

Пахтачы кыздар менен

Пахтачы кыздар менен

Көп кырдуу талант Азада Бегимкулова 1950-жылы жетинин айынын онунда жарык дүйнөгө келген. 1974-жылы Бишкек кооперативдик техникумун, андан соң Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн. Кийин биротоло чыгармачыл чөйрөгө ооп, Ош облустук китепкөйлөр коомунун төрайымы, Кыргызстан жазуучулар бирлигинин Жалал-Абад облустук кыргыз тил коомунун жетектөөчү адиси болуп иштеген. Кай жерде болсо да жетекчи, уюштургуч, топ ичинде лидерлик сапаты менен айырмаланып тураар эле. 80-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районунда пахта талаасында иштеген комсомол кыздардын бригадасын жетектеген.

Ошол бригаданын мүчөсү болгон Апиза Орозматова азыр Ош шаарынын четиндеги Жапалак айылында жашайт:

- Мен Азада эже жетектеген бригадага 83-жылдары келдим окшойт. Эже ишине өтө так, анан кыздарды катуу кармайт эле. Биз колхозго кол кабыш кылып сакман бактык, пахта тердик, чөп жыйнадык. Кээде ыр ийримин уюштуруп, жер-жерлерге концерт берээр элек. Жумушубузга ыраазы болгон өкмөт жер кыдырууга шарт түзүп, Европага чейин барып келген учурубуз болгон. Ошонун баары Азада эженин мээнетинин аркасында болгон эле.

Бакыттан өксүү

Азада Бегимкулованын жүргөн-турганы, кийген кийиминен тарта башкаларга окшошчу эмес. Бирде секелек кыздарга окшоп чачын майда өрүп таштап, башына үкү тебетей кондурса, бирде кош этек көйнөктү кийип көйкөлө басчу. Андайда күйөөсүн кызганган аялдар мурдун чүйрүп, эркектери шыпшына карашып... Кашы-көзү капкара болуп, каректеринен нур чачырап турган ажарын айт... Бирок кайран акын жеке жашоосунан аксады. Балким ушул издеген теңин табалбай калышы, анын аз жашоосуна себеп болгондур? Балким жар сүйүп, бала жыттаса азыркыдай күчтүү ырлар жаралмак эместир? Ким билет?

Аялыңмын никем кыйбаган,
Арманымсың жаным кыйнаган.
Сараңдыгын көрчү тагдырдын,
Жашооңо жолдош кылбаган.

Аялыңмын тоюм болбогон,
Азабымсың жүрөк толгогон.
Бир кемдигин көрчү дүйнөнүн,
Бир өзүңө буйруп койбогон.


Ырда уланган экинчи өмүр

Замандаштары

Замандаштары

1990-жылдагы Ош окуясын эстегенде ар бир адамдын жүрөгү түпөйүл тарта ошол окуя көз алдыга тартыла түшөт. Шаарды каптаган тири шумдук сөздөр эки элдин каарын кайнатып турган. Ошондо Азада эже жоолугун чечип, чачын жайып, жаалданган элди ынтымакка чакырганы аликүнчө аңыз.

- “Ош окуясында камалгандарга кечирим бергиле” деп пикетке чыгып жүрсөм мени телевизордон көрчү экен. Бир курултайда өзү менен таанышып калдым. Ошондо “Сенин пикетке чыкканыңды көрүп, телевизордун маңдайында отуруп алып ыйладым" деп жазган ырын окуп берди. Өзбекстандык Улукбектин тагдырын айтып ыйлаганын көргөндө "бул эмне деген аял?" деп таңгалгам, түшүнбөгөм. Көрсө адамды тирүүсүндө билбей, баалабай коёт экенбиз. Мындай адамдардын экинчи өмүрү болот тура. Азада эже азыр ошол экинчи өмүрүн жашап жатат - деп баалады журналист Жаркын Темирбаева.

Жаркын эжебиз айткандай, акындын өмүрү ырларында уланды. 2000-жылы акындын "Экинчи өмүр" деген ырлар жыйнагы жарык көрдү. Анда Азада Бегимкулованын жарыялана элек чыгармалары, замандаштардын эскерүүлөрү камтылган. Чынында Бегимкуловадай талант жашоону, адамдарды сүйгөн, адаттагыдан башкача мүнөздүү акын бир эле келет экен. Ал жер жүзүндөгү бардык баалуулуктардан бир гана адам көңүлү бийик деп баалайт:

Мен үчүн акча деле кымбат эмес,
Кичинекей ширеңкеден күйүп кетет,
Мен үчүн амал деле кымбат эмес,
Жашым өтсө, жашы келсе алып кетет.
Мен үчүн кыз деле кымбат эмес,
Тааныбаган бирөөнү ээрчип кетет.
Мен үчүн уул деле кымбат эмес,
Аял алса анын көзүн карап кетет.
Мен үчүн үй деле кымбат эмес,
Катуу бир жер силкинсе урап кетет.
Мен үчүн өмүр деле кымбат эмес,
Ажал жетсе бир күнү алып кетет.
Мен үчүн бир гана көңүл кымбат,
Кичинекей шамалдан үшүп кетет...
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG