Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Укук коргоочу адис: Аялдарга каршы зомбулук өстү


Бүбүсара Рыскулова, аялдардын укугун коргоочу адис.
Бүбүсара Рыскулова, аялдардын укугун коргоочу адис.

Зордук көргөн аялдар үчүн Бишкекте көзгө басар уюм - "Сезим" кризис борбору бар. Борбордун жетекчиси, белгилүү укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова Кыргызстанда зомбулукка учураган аялдардын саны улам көбөйүп баратканына тынчсыздануусун билдирди.

Бул борбордо бир турганда 20га чукул зордук көргөн аялдар токтолот, терезелери темир тор менен тосмолонгон жайды Бүбүсара Рыскулова жетектейт.

Рыскулова айымга 30 жаш курактагы келинди кучактап, сооротуп турган жеринен жолуктум.

Запкы көрүп баш паана издеп келген кээ бир айымдар "Сезим" борборунда бир-эки аптадай байырлашат, бирок бул келиндин келгенине жарым жылга чукулдап калган экен:

- Бул келин күйөөсүнөн качып келген. Беш айдан бери ушул жерде. Күйөөсү келип, терезелерди талкалап, канча чаң салды. Баарынан да беш жаштагы кызы чайналып бүттү. Келин да, өзүңөр көрдүңөр, колу калтырап, токтоно албай калган.

"Сезим" борборундагы керебет
Бүбүсара Рыскулова "Сезим" борборун 12 жылдан бери жетектейт, аялдардын укугун коргоо ишин 1995-жылдары "Үмүт" борборунан баштаган.

Анын айтымында, Кыргызстанда чоң муштум күйөөдөн аялды коргогон мыйзам мындан жети жыл мурда кабыл алынган, бирок мыйзамдын аткарылышы начар, аялдарга карата жалпы коомдук мамиле оңолбогондуктан да, аларды зордукчулуктан коргоо көп учурда дээрлик мүмкүн эмес:

2003-жылы кабыл алынган мыйзам иштебей атат. Бул келиндин күйөөсүнүн тааныштары бар экен, аларды ортого салды. Кайтарууга соттук буйрук (ордер) берилген, анын мөөнөтү бүттү. Сот жүрүп атат.

"Сезим" борборуна кайрылгандардын ичинен эң оор учурлар зордукталган кыздарга байланышкан, бирок кылмышкерлер ким экени белгилүү болгон күндө да, бул иштер көпчүлүк учурда сотко жетпейт.

"Сезим" борбору жакында эркектер топтошуп алып зордуктаган бир өспүрүм кыз менен иштеген:

Ал кызды таанышы Ош базарынан машинага салып, алып кеткен. 18ге чыга элек кыз экен. 3-4 бала аны Таласка алып барып, 3-4 күн кармап, мыкаачылык менен зордукташкан. Кыз качып келиптир.

Ардагер укук коргоочу активист Рыскулованын айтымында, зордукчулар адатта колунда бар бүлөлөрдөн чыгып, «көпкөн балдар» болушат. Зордуктоого 7-12 жыл түрмө мөөнөтү каралган.

Мартабалуу ата-энеси балдарын мындай оор жазадан куткарып калуу үчүн болгон күчүн үрөшөт, болгон акчасын аяшпайт.

Бирок Рыскулова зордукчулардын жазасыз калышы жакшы жышаан эмес экендигин эскертти:

Мындай зордукчул кылмыштар улам көбөйүп баратат. Кылмышкер кутулуп кетсе, анда «биз жаза албайт турбайбызбы, кимди да болсо сатып алса болот турбайбы» деген ишенич пайда болот. Ал эми байкуш кыздар «менин колуман эч нерсе келбейт» деп ойлоп калат.

"Сезим" борборунун "тургундары" жасаган оокат-кечек

Жогоруда сөз болгон зордукталган кыз "Сезим" борборуна кайрылган, бирок кийин кылмышкерлерди сот жообуна тарттыруу нийетинен баш тартып кеткен:

- Билбейм, акча беришкенби, же коркутуштубу, ал кыз телефонун өчүрүп салды, туугандары да кайрылган жок.

Биз анын коопсуздугун камсыздап, ишин сотко жеткирели дегенбиз. Бирок бир айча болуп калды, аны таппай калдык,
- дейт Б.Рыскулова айым.

Видео тасма.

Азаптуу аялдар тагдыры тууралуу тасма маек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00
Түз линк



Азаптуу аялдар тагдыры (тасма маек)

Зомбулук көргөн аялдардын укугун коргогон Бишкектеги бейөкмөт уюм - "Сезим" кризис борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова айым Кыргызстанда зомбулукка учураган аялдардын саны улам көбөйүп баратканына терең тынчсыздануусун билдирди. JCh. 25.11.2010.

XS
SM
MD
LG