Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

"Шайлообек сөздүктөн" күү баян.

“От” деген сөздүн кайсыл аймакта кандай мааниге ээ экендигин айта кетели.

Өзгөндө “от” деген сөздүн оокат, тамак-аш дегенди түшүндүргөн мааниси бар. Мисалы, Аксы тарапта, “Өзүбүздү отко коюп алалы” дейт. “Бир аз тамактана коелу” дегенди билдирет.

Ак-Талаа тарапта, “от” деген сөз бирөөлөрдү тыяр кезде же чочуган учурда колдонула турган сырдык сөз. Мисал келтирели, “От, тентек десе, экинчи мындай кылбай жүргүн!” дейт.

“Отан” деп Баткен тарапта үй-бүлөнү айтат. “Бир отандын ишенген карааны элең” дейт.

Лейлек менен Өзгөндө “Отан” деген - Мекен, Ата Журт, орун алган жер деген мааниде. Мисалы, “Шу жерди ата-бавалар отан кылган” дейт.

Жерге-Талда “от жакпас” деген сөз бар. Бир жерге туруктуу байыр албаган, өз алдынча оокат күтпөгөн адамды “От жакпас адам экен” деп койгон. “От жакпасың колдоп калыптыр бүгүн кандай болор экен” дейт.

Баткенде тамак-аш бышырып, идиш-аяк койгон жайды же ашкананы – Откана деп атайт.

Аксыда оттоок малды откер мал дейт.

Баткенде от жаккычты–откуч-деп атайт. Бир колуң–откуч, бир колуң–туткуч деп коет.

Отого – эпостогу жунгар - калмак бийлигиндеги адамдардын кызмат даражасын көрсөтүп турган өзгөчө белги. “Отого ташын сайынган Коңтөрө келди бул жерге” дейт.

Кочкордо Ай жаңырган кезде “Жарыктык Ай отолду” деп коет.

Ысык-Көлдө мал жайылып жүргөн жакты “оттук” деп коет.

Тогуз-Тородо болсо торпокту биттегенде сууруп салчу тамырын “оттук” дейт.

Ат-Башыда илгери карылар ширеңкени “оттук” деп койгон. Ата-бабалардын алтындай болгон бул сөзү да унутулду.

Лейлек тарапта даап айталбай, батыналбай турган абалды “Жүрөгүм отукпай турат” дейт.

Эми “ат” деген сөзгө келели.

Түштүктө “ат” деген “айгыр” дегенди түшүндүрөт.

Түндүктө болсо бычылбаган жылкыны гана айгыр деп айтат. Бычылган жылкынын баарын “ат” дейт.

Ичкилик тарапта бычылган атты “акта ат” дейт.

Ысык-Көл жакта эркектикке жарабай калган адамды “Ал эбак эле “ат” болуп калган” деп коет.

“Ат” сөзүнүн дагы бир мааниси, кыргыздын “ордо” оюнунда оюндун кезегин алуу үчүн калчана турган сака же чүкө. Түндүк тарапта муну “ат калчоо” деп койгон. “Ат калча, ат калчасаң бат калча” дейт.

Баткенде буту-колу жоон, оор жүк тартчу атты “Калмак ат” деп атайт.

Сузакта чыйкан менен сыздоокту “аты жаман” деп тергейт.

Нарын менен Көл, Талас, Чүй тарапта бала ыйлаганда момпосуйду тергеп, “Жанагы ат тескериден берип койгулачы, жаагын баса турсун” дейт.

Түндүк тарапта, “Атаны кокуй сексен сом” деген күү болгон деген сөз бар. Илгери бир кедей жигит байдан карыз алган 80 сомун бере албай, айласы кеткенде “Атаны кокуй сексен сом” деген күү чыгарган дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG