Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Текебаев: КСДП коалициядан чыгуу демилгесин түшүндүрүшү керек


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция саясий кызыкчылыктардан улам тарашы ыктымал. Андыктан КСДП фракциясы коалициядан чыгуу демилгесин түшүндүрүп бериши керек. Мындай пикирин “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Эл өкүлүнүн болжолунда, КСДПнын коалициядан чыгуусуна Конституцияны өзгөртүү боюнча парламенттеги пикир келишпөөчүлүктөр негиз болушу мүмкүн.

Текебаев коалициядан чыгаардан мурда премьер-министрдин жана өкмөттүн ишине баа берилиши керектигин, ошондон кийин гана КСДПнын коалициядан чыкканы туура болоорун кошумчалады.

КСДП көпчүлүк коалициядан чыгарын “Азаттык” радиосуна аталган фракциянын депутаты Дастан Бекешов бышыктаган.

КСДП көпчүлүк коалициядан чыга турганын Бюджет жана каржы комитетинде депутат Төрөбай Зулпукаров да айтты. Коалициянын тарашы боюнча расмий билдирүү чыккандан кийин өкмөттү отставкага кетирүү маселеси каралат.

Парламенттеги көпчүлүк коалицияда КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары бар.

XS
SM
MD
LG