Кытай Элдик Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян 2-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Тараптар кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюшарын өкмөттөн кабарлашты.
Кытай өкмөт башчысы 3-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү жыйынына катышат. (SE)