Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде насыбайга тыюу салуу маселеси көтөрүлүүдө.

Жакында эле Түркмөнстанда чылым сатууга толугу менен тыюу салынды. Бирок байкоочулар тамеки сатылбай калганы Борбор Азияда насыбайдын соодасы кызыганын айтышууда.

Кыргызстанда ушу таптка насыбайдагы уулуу заттар саламаттыкка олуттуу залака тийгизет деген жүйө менен, ага тыюу салуу сунушталууда.

Насыбай ден соолукка кандай зыян алып келет? Анын курамындагы заттар тууралуу илимий далилдер барбы?

Бул суроолорго жооп алардан мурда Бишкектеги Ош базарына барып, насыбай сатуучуларга жолуктук. Алардын бири Анарбай Ормонов азыр 66 жашта. Ал насыбай чеккенине быйыл туура 50 жыл болгонун айтты:

Насыбай саткан жер

Насыбай саткан жер

- Муну сатканыма эки жыл болуп калды. 50 жылдан бери тартам. Өзүмдүн кайсы жерим ооруйт айтпай эле коёюн, бирок бир мисал келтиргим келет. Маселен, көптөр азыр насыбай рак оорусун пайда кылат, эркектерди тукумсуз калтырат дешүүдө. Бирок мен Тажикстанды эле мисал келтиргим келет. Ал жакта эркектердин дээрлик 80 пайызы насыбай атат. Эгер тукумсуздук насыбайга байланыштуу болсо, анда азыр алардын саны бизден көп болмок эмес да? Анан рак менен оорутат дешет. Муну кайсы лаборатория, кайсы окумуштуу изилдептир? Аныктамасы барбы?

Адистердин айтымында, ушу тапта нысыбайды мектеп жашындагы балдар да тартууда. Бирок алардын бул заттын зыяны тууралуу маалыматы барбы? 12 жаштагы Султан аттуу окуучуга ушул суроону бердик:

- Мугалим эжелерим түшүндүрүп берген: насыбай рак оорусун пайда кылат экен. Мектептен чоң балдардын бири-бирине берип жатканын көрүп эле жүрөм. 9-10-класстын балдары дааратканада отуруп чегишет. Мен оозума салып көргөн эмесмин.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиология мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Асылбек Сыдыканов азырынча насыбай курамындагы заттарды изилдей турган лаборатория Кыргызстанда жоктугун билдирди. Анын айтымында, мындай лаборатория жакынкы күндөрү Орусиядан алынып келет.

Так анализ жок

Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун чылым чегүүгө каршы күрөшүү боюнча координатору Чынара Бекбасарова насыбай курамындагы заттар тууралуу мындай маалымат берди:

Насыбай

Насыбай

- Насыбай​дын ичинде тамекиден тышкары ага кошула турган заттар бар. Ал эми кайсы жакта жасалганына жараша болот. Маселен, түндүк аймактар менен түштүктө жасоо ыкмалары ар башка. Кээ бирлери акиташ, айрымдары күл кошот экен. Тилекке каршы, азыр насыбайдын курамындагы заттар тууралуу колубузда так анализ жок. Кандай уулуу заттар бар экенин билбейбиз. Мына ушул кырдаалдын өзү опурталдуу.

Насыбайдын курамындагы заттар тууралуу аны тыюу демилгесин парламентке көтөрүп чыккан депутат Махабат Мавлянова батыш лабораторияларынын иликтөөлөрүнө таянып, Жогорку Кеңеште буларды айткан:

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттык уюмунан уруксат алган Стокгольмдогу лаборатория изилдөө жүргүзүп, анын курамындагы химиялык заттарды аныктаганда хромдун көлөмү нормасынан 16-18 эсе, никель 4,6 эсе, ал эми мышьяк болсо 86 эсеге көп болуп чыккан.

Бирок базарда насыбай соодасы менен алектенген Улан мындай аныктоолорду эмнеге Кыргызстанда ишке ашырбай туруп чет элдик лабораторияларга таянышат деп суроо коёт:

- Мурда тооктун заңы кошулат дешчү, кийин төөнүкү да кошулат деп айта башташты. Аларды укканда өзүбүз да таң калып кетебиз. Чычкан өлтүргөн мышьяк да бар дешет. Андай болсо адамдар өлүп калбайт беле? Алгач бул жакка келип, биздин насыбай​ды анализдеп көрүшсүн да. Анан жыйынтык чыгарышсын. Кадимки тамекиге эле күл аралаштырып жасайбыз.

Насыбай ооз менен ашказанга зыян

Курамындагы заттар тууралуу так маалымат алалбасак да, дарыгерлерден анын пайда-зыяны тууралуу сурадык. Адистердин айтымында, насыбайдан ооз көңдөйү жабыр тартат.

Нурлан Бримкулов

Нурлан Бримкулов

Бишкектеги №3 стоматологиялык бейтапкананын башкы дарыгери Марат Нурдинов насыбай чеккен адамдын оозунан жагымсыз жыт уруп турарын айтты:

- Насыбайга акиташ кошушат. Аны эми баарыбыз эле билебиз да. Колдун терисине тийгенде оюп кетет. Тиштин түбүнө же тилдин алдына салганда да ооздун былжыр челин күйгүзүп жиберет. Тиштин түбүн чиритип, ар кандай таштардын чогулуусун шарттайт. Ооз көңдөйү чирип, ал бара-бара ракка айланат. Тиштин эмалын бузуп, саргайтып жиберет. Насыбай тарткан кишинин оозу сасып турат. Айла жок дарылайбыз. Бирок ал дарылоо эч кандай жыйынтык бербейт.

Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор Нурлан Бримкулов болсо чылым тартуу көбүнчө адамдардын өпкөсүн жабыркатса, насыбай ашказан менен ичегини талкалай турганын айтты:

- Насыбай ашказан, ичеги карындын ар түрдүү ооруларын козгойт. Ракты пайда кылат. Чылым тартканда өпкө, дем алуу органдары жабыркаса, насыбай ооз көңдөйүн, ичеги-карынды талкалайт. Насыбайды даярдоонун эч кандай санитардык, тазалык нормаларын сактоо тууралуу эрежелер жок. Аны жасоодо жаныбарлардын кыгы, ар кандай кир заттар кошулгандыктан, жугуштуу оорулардын да өөрчүшүнө алып келет.

Борбор Азияга эле таандык болгон бул байыркы затка көнүп, аны чегүүнү адатка айландырган өспүрүмдөр көбөйүүдө. Чылымды мектеп окуучуларына сатууга тыюу салынганы менен насыбай көзөмөлгө алына элек.

Аны даярдап, сатып пайда тапкандар болсо эгерде мамлекет бул заттын зыян экенин далилдеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин мыкты деңгээлде өткөрсө, башка жол менен акча табууну деле өздөштүрмөкпүз дешет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG