Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Кушчубеков: Кыргыз-кытай мамилеси мыкты


Бүгүн Бишкекке расмий сапар менен Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян келет. "Азаттык" кыргыз-кытай алакасы тууралуу тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубековду кепке тартты.

"Азаттык": Кыргызстан эгемендик жылдары Кытайдан алган түз инвестициянын көлөмү 1,2 млрд доллардан ашыптыр. Бул өлкөгө карызыбыз жалпы тышкы карыздын үчтөн бирине барабар экен. Айрым экономисттер ушул нерсени эске алууга убакыт келип жетти деп кооптонуу менен айтып жатат. Сиз дипломат катары бул кооптонууга кошуласызбы?

Кушчубеков: Негизи мындай коркунучту эске алып жумуш кылыш керек деген сөздү айтат элем. Бирок ошол эле мезгилде реалдуу түрдө караганда азыркы шартта ушундай чоң инвестицияны бере алчу, ишке ашырчу жалгыз өлкө Кытай болууда. Аны да эске алышыбыз керек. Ошого байланыштуу мен экономист эксперттерге кошулат элем.

Мүмкүнчүлүктөрү кең өлкөлөрдүн бири - бул Кытай. Керек болсо Америкада да андай мүмкүнчүлүктөр жок.

Эгер Кытайдан чоң насыя алсак, аны жеп коё турган тармакка эмес, экономикага өсүш берип, элдин турмушун ондой турган эң маанилүү, стратегиялык майдандарга колдонуш керек.

"Азаттык": Азыр ошондой болуп жатабы? Себеби чынында эле Кытайдан келген инвестициянын көбү инфраструктуралык долбоорлорго гана жумшалып, өндүрүшкө, Кыргызстанга пайда алып келе турган тармактарга жумшалбай жатканы да айтылып калат...

Кушчубеков: Буга чейинки долбоорлор ошондой болуп калгандыр...

Биз үчүн стратегиялык багыттар деп гидроэнергетиканы атаса болот. Мына, Орусия менен келишимдерибиз ишке ашпай, долбоорлор токтоп калды. Ошол эле мезгилде CASA-1000 долбоорунун катышуучусу катары биздин да милдеттерибиз бар экени айтылып жатпайбы. Бул үчүн гидроэнергетика секторунда жаңы долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек.

“Азаттык”: Кытайдын ошол долбоорлорго келиши, кызыгуусу ыктымалбы?

Кушчубеков: Камбар-Ата ГЭСтери жагын айтыш кыйын го. Ал жагын көбүрөөк сүйлөш керек болот. Бирок, мисалы, ошол эле Сары-Жазда кытайлыктар, кыргызча айтканда, “айланайын” деп эле кура турган ою бар болуш керек. Себеби ал жерде топтолгон суу алардын айыл-чарбасына жардам берет.

Мындан тышкары темир жол долбоорун канчадан бери айтып келатабыз, аны да ишке ашыруу керек. Ал курулуп калса, жакшы жери, Кыргызстандын экономикасына эң чон таасир көрсөтөт. Аракет кылып темир жол менен түндүк жана түштүк аймактарыбызды байланыштырып алсак Кара-Кече аркылуу, бул да чоң иш болор эле.

“Азаттык”: Кытайдын өзүнүн экономикасы соңку 10 жылда катуу өскөнү менен, азыр пастап калганы айтылууда. Мындай шартта ага негизги өнөктөштөрдүн бири катары ишеним артуу канчалык туура?

Кушчубеков: Эми ал дүйнөлүк кризистин тийгизген таасири эле да. Ошондой болгон күндө деле азыр бардык жактан алып караганда эң өнүгүп жаткан, мүмкүнчүлүктөрү кең өлкөлөрдүн бири - бул Кытай. Керек болсо Америкада да андай мүмкүнчүлүктөр жок.

“Азаттык”: Ал эми саясий кызматташтыгыбызга кандай баа берет элеңиз?

Кушчубеков: Эң жогорку. Ушунча жылдан бери Кытай менен болгон маселелерибизди акырындап чечип алдык. Чек ара, мисалы. Чек ара меселеси чечилгенде “эми кыргыз-кытай мамилесине кандайдыр бир көлөкөсүн тийгизе турган проблема жок, демек, кайсы гана тарап болбосун, саясий-экономикалыкпы, маданиятпы, карым-катнашты бекемдеп, өнүктүрө турганга жол ачылды” деп айтылган. Ошол жол менен карым-катнашыбыз бекемдеп келатат.

XS
SM
MD
LG