Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Сот тармагын реформалоо кеңеши сотторду тандоонун талаптарын өзгөртүп, Жогорку Соттун пленумун жандандырууну, сот калыстарынын санын азайтууну сунуштоодо.

Сот тармагын реформалоо кеңешинин мүчөсү, Жогорку Сот төрагасынын орун басары Качыке Эсенкановдун сунушу кеңештин айрым мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган жок. Ал Жогорку Соттун чечимдерин карап чыгуучу Жогорку Соттун пленумун жандандырууну сунуштаган. Бир катар укук коргоочулар Жогорку Соттун пленумун киргизүү соттук териштирүүлөрдүн жылдап созулушуна алып келерин белгилегендер да болушту.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова бул сот тармагынын көз карандылыгын бекемдейт деген пикирде:

- Азыр үч сот бутагы бар. Эми Жогорку Соттун пленуму кирсе, төртүнчү бутак пайда болот. Пленум Жогорку Соттун чечимдерин кайра карап чыгат. Бул туура эмес. Бул деген сотторго саясий таасирди күчөтүп, соттордун көз каранды болуусуна алып келет.

Кызуу талаш пикирди жараткан дагы бир маселе – сотторду тандоодо сынакка катышкан талапкерлердин беш жылдык соттук стажы болууга тийиш деген талапты алып салуу сунушунан чыкты. Сунуштун ээси, сот тармагын реформалоо кеңешинин мүчөсү Чынара Мусабекова бул талап сот системасын эски коррупциялашкан адамдардан тазалап, жаңы адистер менен толуктоого мүмкүнчүлүк түзөт деген ишеничте. Мусабекова ошондой эле Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөргө да талаптарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жаңы сунуш кылынып жаткан талаптар боюнча, Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөр да толук юридикалык билимге ээ болууга тийиш жана тандоо кеңешинде мүчө болуп турган учурда адвокаттык же башка ишмердигин токтотуп туруусу зарыл:

- Сотторду тандап аткан кишилердин талаптары алардыкынан да күчтүү болушу керек. Соттун ишине баа берүү үчүн аны тандап жаткан кишинин юридикалык сабаты жоюлган болууга тийиш. Ошондуктан тандоо кеңешине күчтүү адамдар тандалса дедик. Мындан тышкары тандоо кеңешинде мүчөлөр убактылуу ишмердигин токтотуп турсун деп жатабыз. Мисалы, тандоо кеңешиндеги адвокаттар кеңеште мүчөлүк да кылып, сот жараяндарына да катышып, ишмердүүлүгүн токтотпой турган болсо, кайсы бир сотту тандоодо анын кызыкчылыгы болуусу ыктымал.

Чынара Мусабекова соттор үч жылда бир жолудан кем эмес адистигин жогорулатып турууга тийиштигин белгилеп, бул үчүн атайын “Сот адилеттигинин жогорку мектеби” түзүлөрүн кошумчалады.

"Сот калыстары кеминде жетөө болсун"

Сот тармагын реформалоо кеңеши кезектеги отурумунда сот калыстарынын санын тогуз кишиден эки кишиге чейин кыскартууну да сунуштады. Бул дагы жыйындын башка мүчөлөрүнүн талаш пикирин жаратты. Укук коргоочу Динара Ошурахунова сот калыстары институтун кыскартуу акылга сыйбас демилге деп эсептейт:

- Жүз кишиден жыйырмага чейин кыскартып, райондук бийлик алардын тизмесин түзөт деп жатышат. Анан ошолордун ичинен да эки гана киши сот калысы болуп, судьянын жанына отуруп калышат экен. Эки киши эмнени чечет? Күнөөлүүбү же күнөөсү жокпу деп экөө жалгыз эле чечип калышабы? Эки киши менен сүйлөшүп алуу да оңой. Дүйнөлүк практикада сот калыстарынын өзүнчө укугу бар, бизде болсо аларды соттун алдына киргизип коюшту. Мындай болсо сот калыстарынын кереги да жок.

Сот калыстары институту Баш мыйзамда болгону менен, иш жүзүндө соттук териштирүүлөргө калыстар катышкан учурлар өтө чанда. Ал үчүн атайын каражат да бөлүнбөстүгүн адистер айтышат. Сот калыстарынын ишин жандандырып, алар катышкан соттук жараяндарды көбөйтүү сот системасына элдин ишеничин арттырмак деген пикирлер басымдуу.

Сот тармагын реформалоо кеңешинин дагы бир мүчөсү, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова сот калыстарын жок дегенде өмүр бою абакка кесилүүгө бара турган беренелер менен каралып жаткан иштерге катыштыруу керек дейт:

- Жок дегенде ошондой оор беренелер боюнча каралып жаткан сотторго катыштырса болмок, ага көп деле каражат кетпейт. Эми болсо, тескерисинче, алардын санын тогуздан эки кишиге чейин кыскартууну сунуштап жатат. Мен буга каршымын. Алардын саны канчалык аз болсо, сапаттуулугу ошончо төмөн болот. Ошондуктан, кеминде жети киши болсун деп ойлойм.

Реформалар сотко ишенимди жакшыртабы?

Бир катар реформаларга карабай, коомчулукта соттордун таза жана акыйкат иштеши мурдагыдай эле курч маселе бойдон калууда. Ушундан улам соттордун коопсуздугун камсыз кылуучу сот приставдарын калыбына келтирүү сунушун да кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү четке кагышты.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова соттордун коопсуздугу – адилет чечимине байланыштуу деген пикирде:

- Сотторду басып алуулар болду дейт. Эмне үчүн болду андай окуялар? Ошо 2005-жылы мартта соттордун адилетсиз чечимдерине нааразы болгон эл басып алып жатты. Биз соттордун коопсуздугун камсыз кылуу маселесин көтөрүүдөн мурун, ага эмне себеп болуп жатканын чечмелеп, ошону менен күрөшүүбүз керек.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы төрт жыл аралыгында дайындалган соттордун үстүнөн пара талап кылганы тууралуу даттануулар түшкөн эмес.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG