Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Өткөн айдын аягынан тарта Кыргызстандагы диний билим берген медреселер, алардын жетекчилери менен кызматкерлерин аттестациялоо жүрүп жатат.

Сынактан өтүүгө өлкөдөгү 102 диний окуу жайдын 72си арыз бергени менен алардын жетекчилеринин көбүнүн жогорку билими жоктугу диний билим берүү деңгээлине карата ар кандай көз карашты пайда кылууда.

“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Бактыбек Осмонов жана Кыргызстан мусулмандарынын Муфтиятынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замир Ракиев катышты.

“Азаттык”: Бактыбек мырза, 24-февралдан тарта диний билим берген медресе жетекчилерин жана мугалимдерин аттестациялоодон өткөрө баштадыңыздар. Сынактан өткөрүүгө эмне себеп болду жана максаты эмне?

Бактыбек Осмонов: Кыргызстандын Коргоо кеңешинин ушул маселеге арналып 2014-жылдын 3-февралында өткөн жыйынында кабыл алынган чечимдин негизинде диний мекемелерде жана диний билим берүү жайларында реформа жүрүп жатат.

Азыркы аттестация реформанын экинчи баскычы. Буга чейин казияттын кызматкерлери, имамдар, казылар сынактан өтүшкөн. Экинчи баскычтагы аракетке биз абдан катуу көңүл буруп жатабыз. Буга чет мамлекеттерде динге жамынып алып, экстремисттик, радикалдык маанайда жасалып жаткан иштер жана аларга биздин жарандардын катышып жатканы башкы себеп. Эксперттердин аныктоосу боюнча буга диний билимдин тайкылыгы, жалпы билимсиздик негиз берүүдө.

Ал эми коомдо диний маалыматты берген, экстремизм, радикализм идеологиясына каршылык көрсөтө турган, коомдун диний илимге болгон муктаждыгын канааттандыра турган жер - бул мечит жана анда иштеген имамдар. Ал эми имамдар билимди медреседен алышат.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 92 медресе, 10 жогорку окуу жайы бар. Аттестацияга медресе жетекчилеринин 92 пайызы, мугалим, мударистердин 42 пайызы, жалпы окуу жайлардын 18 пайызы кирбей калышты. Бул мамлекет да, муфтият да диний билим берүүгө көзөмөлдү күчөтүшү керектигин айгинелеп турат.

“Азаттык”: Замир ажы, Кыргызстанда жүздөн ашык медресе бар экен, алар буга чейин бирдиктүү бир стандарттын негизинде билим берип келишкенби? Азыр аттестациялоодон кийин стандарт өзгөртүлөбү?

Замир Ракиев: Буга чейин бирдиктүү стандартты иштеп чыкканбыз. Бирок кээ бир медреселерде билим берүү үч түргө бөлүнгөндүктөн ар биринин өзүнө ылайык программалары болгон. Эми ушул аттестациядан кийин бирдиктүү программалар, методикалык көрсөтмөлөр даярдалат.

Угармандын пикири: Эч кандай программа же стандартсыз эле билим берип келишкен. Сабатсыз адамдар өзүнө окшош сабатсыздардын тобун даярдап жатышат. Биз дагы коңшу мамлекеттердей эле көзөмөлдү катуу жүргүзүп, диний мекемелер менен окуу жайлардын 20 пайызын эле калтырып, калганын жабуу керек.

Замир Ракиев: Мугалимдерди сабатсыз деп эч ким айткан жери жок. Мугалимдердин диний билими менен бирге светтик билими да болсун деп уставда жазылган талапты аткарып жатабыз.

“Азаттык”: Бактыбек мырза, аттестациялоо алдында медреселердин жетекчилеринин 92% жогорку билими жоктугунан сыноого катыша албай калышпадыбы. Азыр медресе башчыларынын араб тилин билүүсүн, мамлекеттик жана диний мыйзамдар боюнча сабатын текшерип жатасыздар. Аттестациялоонун мындай талаптары кандай критерийлердин негизинде даярдалды, кандай суроолорду камтыйт жана алгачкы натыйжалар кандай болууда?

Бактыбек Осмонов: Талаптар мусулмандардын курултайында кабыл алынган уставдын негизинде иштелип чыкты. Бул жерде билими менен кошо мамлекеттеги бардык мыйзамдарды билиши, коом талап кылган адамгерчилик, маданият, этика жагынан да билимдүү болушу шарт.

Баса белгилей кетүүчү бир жагдай бар – диний окуу жайлардын бирөө да Билим берүү министрлигинин каттоосунан өткөн эмес. Демек булардын диплому мамлекет тарабынан таанылбайт. Окууну бүткөндөрдүн көбү жумушсуз калып, экстремисттик, радикалдык агымдарга кирип кетүүгө ыңгайлашып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан социалдык маселесин да чечүү максатында Арабаев атындагы университетте атайын колледж ачылган.

“Азаттык”: Замир ажы, мен өзүм күбө болгон эки көрүнүш боюнча суроого жооп алгым келип турат. Өткөндө бир адамды жерге берүү алдында молдо туура 45 мүнөт маалымат берди. Кыштын күнү үшүгөн эл жадап кетишти. Так ушундай көрүнүш өткөн жайда 40 градуска жакын ысыкта да болгон. Муну маркумду сыйлабоо, аза күтүп келгендердин укугун басмырлоо жана молдонун өзүнүн кызмат абалынан аша чапкан маданиятсыздыгы деп бааласак болобу?

Замир Ракиев: Маркумду жерге берүүнүн алдында шарияттан маалымат берүү 10 мүнөттөн ашпасын деген талап коюп жатабыз. Ал эми ага чейин чогулган элге маалымат бергиле деген суроолор да болот экен, молдокелер ошолорду аткаруу үчүн маалымат берген учурлар бар.

“Азаттык”: Замир ажы, өткөн жумада Ошто 9-класстын окуучусу асынып калды. Анын атасы баласы мечитке көп барганын, ал жерде бейиш жөнүндө айтылган маалыматтар таасир берген болушу керек деп шектенгенин айтты. Имамдардын иштери, көз караштары, берген маалыматтары таразаланабы?

Замир Ракиев: Бирдиктүү кутпа бар. Ал бардык мечиттерге жана имамдарга таратылган. Ал эми баласы каза болуп, аза күтүп турган адам ар кандай нерсени айтышы мүмкүн. Ошон үчүн бул жерде бейишти айтуу себеп болду дегенге таптакыр кошула албайбыз. Бул жерде молдокенин айыбы жок.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG