Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

А. Бешимов: Азыркыдай шартта донорлор карыз бербейт


Аскар Бешимов "Азаттыктын" студиясында.

Аскар Бешимов "Азаттыктын" студиясында.

Күн санап өсүп жаткан инфляция, эмдиги жылдын мамлекеттик бюджети алигүнчө түптөлө электиги эл турмушуна кандай таасир этет? Бул суроого экономист Аскар Бешимов пикирин билдирди.

Ушул өңүттөгү суроолорго экономист Аскар Бешимов жооп берет.

- Жаңы жылга бир айга жетпеген убакыт калды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бюджет түптөлө элек. Жаңы жылдан кийин айлык акы, пенсия, пособия төлөө операциялары кандайча ишке ашырылат деген суроо туулат?..

- Элдин турмушу, жашоо мындан ары деле оор болот. Азыртан эле баалар өсүп атпайбы. Кыргызстан анын үстүнө негизинен импорттун эсебинен жашайт, ошондуктан, дүйнөдө кандай кымбаттоо болсо, ошончолук баалар өсөт. Бул биринчи таасири. Экинчиден, бизде монополия бар. Алкоголь, дан-азык, күйүүчү май, ун ж.б. монополияга тиешелүү болуп калбадыбы, ошолор дагы пайда табуунун максатында бааларды көтөрүп атат. Андан сырткары инфляция күчөп атат. Жакында Улуттук банк жаңы акчаларды чыгарды. Мен муну эски акчаларды алмаштыруу деп ойлобойм. Эмнеге дегенде азыр социалдык милдеттерди аткаруу боюнча өкмөттүн милдети турат, ошол милдетти аткарабыз деп акчаларды чыгарды. Бул акчанын сапаты кетет, инфляция күчөйт, баалар өсөт дегенди түшүндүрөт. Социалдык милдеттерди аткаруу боюнча акча чыгарып атат, бирок бул милдеттердин жок дегенде 70% эл аралык донорлордун мойнуна жүктөп койгонбуз. Өзүңүздөр деле билесиздер, өткөн донордук конференцияда алардан 1 млрд. 200 млн. доллар сурадык.

-Сиз буга чейин да Кыргызстанга ушундай шартта эл аралык донорлор деле карыз берүүгө кызыктар эмес деп айттыңыз эле. Себебин кандай түшүндүрүп бере аласыз?

- Кызыктар эмес. Анткени биринчиден, акчаны ала турган өкмөт болушу керек да. Ким мойнуна жоопкерчилик алат, ким келишимге кол коёт? Бул биринчиси. Экинчиден, эл аралык донорлор канча акча берсе, ошого жараша талап-эрежелери бар. Бизде өкмөт болсо, дагы конференция өтсө, ошондо кайсы транш менен, кандай шартта, кайсы долбоорлорго берилет, эмне үчүн берилет, мына ушул суроолор боюнча талкуу жүрөт. Буга өзүнчө эксперттер, консультанттар жана башка адистер катышуусу керек. Мына ушунун өзүнө эле жок дегенде жарым жыл убакыт кетет. Ошого азыр эл аралык уюмдар деле бизге карыз берүүгө кызыктар эмес, өзүбүз убакытты созуп атсак, өзүбүз жоопкерчиликти сезбесек. Же өкмөт жок, же бюджет жок.

Мындан ары экономикалык саясатыбыз кайсы багытты көздөй жүрөт? Биз дагы эле Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары анын мыйзамдары менен жашайбызбы же протекционизмге өтүп, Бажы биримдигине киребизби? Мына ушул дагы деле чечиле элек. Анткени ар кандай саясий сөздөр, жарнамалар болуп кетти мамлекет башчысынан баштап “биз бажы биримдигине деле киребиз” деген сөздөрдү айтып жиберишти. Ошондуктан, азыр Кыргызстандын алдында биз кайсы экономикалык багытты карманабыз деген суроолорго жооп жок.

- Техникалык өкмөт мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы 26 млрд. сомго жетти деп мойнуна алып атат, ал эми “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Акматбек Келдибеков бюджет таңкыстыгы 40 млрд. сомду чапчыды деп айтып чыкты. Эгерде казына бошоп, түбү эңшерилип калган учурда, сырттан дагы карыз болбосо, жаңы жылдан тартып кандай жашоо болот?

- Кандай жашоо болот эле, бир эле жолу бар да. Биздеги бул убакка чейин топтолгон алтын корлорун алып чыгышат. Экинчиси, жаңы акчаларды чыгарып башташты, ошолордун эсебинен курулай эле кагаз менен жабышат да. Башка жол жок. Ошондо ойлогула же сырттан акча келбесе, же өзүбүздүн экономикабыздын көлөмү өспөсө, курулай эле акчаларды чыгаруу менен инфляция ансайын өсөт. Ошондуктан, Келдибековдун айтканы чындыкка жакыныраак болуп атат. Август айында өкмөт антикризистик программа кабыл алган, ноябрдын башында каржы министри маалымат жыйынын өткөрүп “баары жакшы, инфляцияны 13% жыл ичинде кармайбыз, эмки жылы жашоо-турмуш жакшы болот” деп чыкты. Кайдагы 13%, азыркы учурда расмий түрдө 17% болду. Эми дагы кымбатчылык болуп отурса, көбөйүп, жок дегенде 25% барат. Мен ойлойм, маалымат берүүдө биздеги шарттарды жакшыраак көрсөтүү үчүн көз боёмочулук да кылып жиберип атышат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG