Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, балалык кези тууралуу көптөр айтып, жазып жүрүшөт. Ошентсе да жазуучунун балалыгы кандай өткөнүн, кандай ага болгонун бир тууган карындашы Роза Айтматовадан угалы.

- Роза айым, албетте алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун балалык кези чыгармаларына чейин жазылып, айтылып эле жүрөт. Дагы көп жазылат деген ойдобуз. Бирок биз жазуучунун туулган күнү алдында анын бала кези кандай өткөндүгүн, кандай ага болгондугун сиз менен бирге эскерүүнү туура таптык.

- Биздин үйдүн тагдырына байланыштуу Чыңгыз агам бала кезинен эле үй-бүлөнүн түйшүгүн мойнуна алгандай болду. Анктени, 1937-жылы атабыз репрессияланып кеткенде ал сегизден тогузга караган курагы болчу. Анан апам төрт баласын алып Москвадан Шекерге келип, Чыңгыз агам балдардын улуусу катары да үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрөт. Ошол кезден тартып эле бизге кам көрүп, кийин деле биздин тагдырыбыз кандай болот, биз тандап алган жол туурабы, жокпу көз салып турчу эле. Ошол себептүү менин сезимимде Чыңгыз агам ага да, ата да болуп калды. Дайыма апам экөө акылдашып биздин маселелерди чечкенге аракеттенчү.

- Чыңгыз агай сиздерге тарбия берип, жол көрсөткөн учурларынан көбүрөөк эмнеси эсиңизде калды?

- Мындай бир учур болуп калды. Бала кезде билбейсиң да, ысык-суукка карабай сууга түшүп ойной берип кулагыма суук тийип, артына жарага окшош бир нерсе чыгып алды. Ошол кезде биз Жийде деген айылда турчубуз. Ал эми амбулатория Киров районунда, азыркы Кызыл-Адыр айылында эле. Жолдун алыстыгына карабай мени күнүгө ошол жакка алып барып, кулагымы токко кактатып келиши керек болчу. Күлүктөр да жок. Колхоздукун алганга мүмкүн эмес. Ошентип, Чыңгыз менен Илгиз экөө кезектешип жонуна көтөрүп амбулаторияга алып бара турган. Жолдун алыстыганан ар жерге дем алып, анан барчубуз. Менимче жолдун жарымы болсо керек, бир кудук бар болчу. Ошол жерге дайыма токтоп, апам салып берген нанды жеп, андан ары кетчүбүз. Амбулаторияга алып барып, кулагымы кактатып, башыма жоолукту салып кайра көтөрүп алып келишет эле. Ошондо алар деле “мен барбайм, көтөрбөйм” деп койсо болмок да. Менимче агалык сезим менен, экинчиден, апамын сөзүн эки кылбай жоопкерчилик менен караган го деп ойлойм.

- Чыңгыз агайды бала кезинде эле жазуучу болоорун сезчү белеңиздер. Дегеним ошол кезде эле жазып, китепке жакын беле?

- Китепке жакын болчу. Бирок ал кез согуш жылдары, азап көп. Бир жагынан эл душманынын үй-бүлөсү, экинчиден согуштун запкысы. Чындыгында, китеп окуганга деле мүмкүнчүлүк жок болчу. Балдар колхоздун талаасына, үйдүн огородуна иштейт. Ал убакта бир гана Чыңгыз агам эмес, анын тең туш балдарынын бардагы ушундай жүк көтөргөн. Тагыраак айтканда, мойнуна жоопкерчилик түшпөгөн бала жок болсо керек. Илгиздин айтуусуна караганда, согуш башталганга чейин баяндамаларды жакшы жазып, аны мугалимдер алып башка класстарга үлгү катары көрсөтүп, окуп жүрчү экен. Биздин үйдө деле балдар үчүн китептер болчу. Мен да ошондон окуп үйрөнгөм. Ал эми мен 5-класска жетип калган кезде, анда Чыңгыз агам техникумда окуп жүрсө керек “Сен китепканадан китеп алып оку, азыр эле алып келчи”, - деп кийин “эмне болду, окудуңбу” деди, окудум десем “азамат, сен бүгүн чоң иш кылдың. Бул китепти алып барып, дагы башкасын алып келип оку”,- деп айткандары эсимде. Анан китеп окуп эле отурганга мүмкүнчүлүгү жок эле.

- “Тоолор кулаганда” китебининин ачылыш аземинде Чыңгыз агай дагы жаңы чыгарма жазып жатканыны, бирок азырынча мазмуну сыр бойдон калсын деп айтты эле. Ал эмне болгон чыгармалар экен. Алардын тагдыры эмне болот?

- Чыңгыз агам кандай чыгармаларды жазып баштаганын мен да билбейм. Бирок эсимде, үстөлүндө көп эле кол жазмалары бар эле. Көңүлгө да жараша болот окшойт, бирөөнү баштап, аны таштап башкасын баштап койгондору да бар болчу. Менимче, архивинде көп эле баштап, анан бүтпөй калган чыгармалары болсо керек. Бирок алардын идеялары кандай экенин мен билбейм.

- Сиз өзүңүз да китеп жаздыңыз эле. Анда Төрөкул ата менен Нагима апаны эскерүүлөргө басым жасалган. Ошол китебиңизди улантып жазуу планыңызда жокпу?

- Мен ошол китебимди орусча чагарайын деп ойлогом. Андан кийин китепке бир аз кошумчалайын деп жатам. Чыңгыз агамдын көзү тирүүсүндө ал кишинин биздин жашоого тийгизген таасири жөнүндө ой жүгүртпөптүрмүн. Материалдарды деле жыйнабаптырмын. Азыр эми ар кандай ойлор келип атат, эскерүүлөр болуп атат. Ал китепте ата-энеме тиешеси жок, жалгыз Чыңгыз агам жөнүндө айтылган, жазылган эч нерсе жок. Ошондуктан өзүмүн эскерүүлөрүм, ойлорум кошулат.

- Кыргызга эле эмес, дүйнөгө аты таанымал жазуучунун карындашы болуш сизге эмне берет?

- Бир жагынан албетте сыймык, менин ушундай агам бар экенине сыймыктанам. Экинчиден, чоң жоопкерчилик. Анткени, бассаң-турсаң элдин көзүндө болосуң, жазуучунун карындашы эмне кылып атат, эмне жасап жатат деп. Ошондуктан, атанын жана аганын атын булгабайын деп, булардын деңгээлине татыктуу болууга аракет кылам. Ошол кишилердин образына менин таасирим аркылуу жаман сөз тийип калбаса дейм.

- Чыңгыз агайдын туулган күнүн буга чейин кандай белгилечү элеңиздер?

- Албетте, бала кезде туулган күн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Кийинчерээк туулган күндөрдү өткөрүп эле жүрдүк. Туугандар чогулуп, бир дасторкондо отуруп, куттуктап кадимкидей эле белгилечүбүз. Эми эскерүү болуп жатат...




пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG