Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:47

Кытайда Жанкороздун чокусу бар, бул чоку кыргызстандык коомдук ишмер, экс-депутат Жанкороз Каниметовдун атынан коюлганын ар ким эле биле бербесе керек.



Маекти бул жерден уга аласыз:





Жанкороз Каниметов жакында Кытайдан келди. Кытайда ал Текес казак аймагындагы Көк-Терек кыргыз аптоном айылында болуп, Манастын бабалары тууралуу китептин ачылыш салтанатына катышкан эле.

Бул жактардан кыргыз улан-кыздарын Кыргызстанда окутууга жардам берип келаткан эск-депутатка ыраазы болгон көктеректиктер бир чокуга анын ысмын ыйгарышкан.

"Азаттык" менен маегинде Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти алды менен Көк-Терек айлына кандайча барып калганын баяндады:

Жанкороз Каниметов: Биз Кытай тарапка бир чети тууганчылап барганбыз. Ошол жерден «Манастын бабаларын» айткан Көк-Терек айылынан чыккан Сатыбалды Аалы уулу деген кишинин көзү өтүп кетиптир. Ал кишинин айткандарын жаздырып, чыгарышкан экен, китеп абдан калың, 700-800 беттен турат. Ошол китептин бет ачаары болду. Райондун акими, облустун жетекчилери, «Манас изилдөө» борборунун башчысы, айылдыктар катышты. Китепти кыргыз тилинде чыгарган экен. Мен да сөз сүйлөдүм. Эл абдан толкунданды. Ал жерде мындан башка да Исмаил, Өмүрзак деген кишилердин ж.б. көп китептерин чыгарышкан. Бирок «Манастын бабалары» китебин чыгарышканы мен үчүн абдан сыймыктуу болду.

Жаңыл Жусупжан: Бул китеп 1200 нуска менен басылган экен. Аны мамлекет каржылаптырбы, же манасчынын балдары өздөрү чыгарыптырбы?
Көк-Теректеги салтанатка жалаң калпакчандар келишти

Жанкороз Каниметов: Мамлекет тарабынан каржылоо болуптур. Мамлекет жалгыз эле бул эмес, ошол жерде кыргыз тилдүү адабий китептерди чыгарып берет экен. Жогорку класстары кытай тилинде болуп атыптыр, бирок төмөнкү тогузунчу класска чейин кыргыз тилинде окуган мектептер бар экен. Быйыл дагы кыргыз тилинде окутабыз деп атыптыр, ар бир майда улуттарды колдойбуз, майда улуттардын тилин, маданиятын, адабиятын жоголуп кетпесин, сактайбыз деп кам көрүшөт экен.

Жаңыл Жусупжан: Көк-Терек - кыргыз аптономдуу айыл. Ал кандай жер экен, элдин турмушу кандай экен?

Жанкороз Каниметов: Көк-Терекке Шинжаң облусундагы улуттук айыл деп автономдук атайын статус берилген, ал жерде 13 миң эл жашайт экен, 10 миңи кыргыздар. Алар кыргыздардын мурунку каада-салтын, үрп-адатын, тилин, маданиятынын баарын сакташат экен. Биз орусташып, европалашып, башкараак болуп атпайбызбы. Ат чабыштар, кыз куумайлар көп болот экен. Мен ал жакка мындан жети жыл мурун баргам, ошол жылдарга салыштырмалуу азыр элдин турмушу такыр башка, Кытай абдан жардам берип атыптыр, мал бакканына, эгин эккенине. Жетим-жесирлерине быйыл эле 100гө жакын эки бөлмөлүү үй салып бериптир. Ал жерде «Манас изилдөө» борборунда иштеген жигит менен дагы бир маселени сүйлөшө келдим. Кыргызстанда Эрнис Турсуновдун жазуусунда Боронбай манап жөнүндө китеп чыккан. Ошону араб алфавитине которуп чыгармак болушту.

Жаңыл Жусупжан: Сатыбалды Аалы уулу маркумдун айтуусундагы, «Манастын бабаларын» кириллицага, же биздин бүгүнкү Кыргызстандагы кыргыз арибине которуу маселеси көтөрүлдүбү? Сиздин бул жаатта кандай ойлоруңуз бар?

Жанкороз Каниметов: Көтөрүлгөн жок. Бирок кыргыз мамлекети чыгарам десе эч каршылыгыбыз жок дешти. Араб алфавитинен кыргызчага тамгаларды 90 пайызын компьютер чыгарып коёт экен. 10 пайызы гана сөздүн маанилерин, ө, ү тамгаларын которсо болот дейт. Бул эң жеңил жолу экен.

Жаңыл Жусупжан: Көк-Теректе манасчылар көп бекен?

Жанкороз Каниметов Көк-Терек кыргыз аптоном айлындагы китеп салтанатында (солдо)
Жанкороз Каниметов: Манасчылар көп экен. Тойлоруна катыштык, ооз эки айтыштар, акындардын айтыштары, жөнөкөй ырчылары жана манасчылар бар экен. Биздегидей чоң манасчылар айылдарда азыраак экен. Бирок жаттап алгандар тынбай айтып атышты. Ал эми Кызыл-Суу облусунда Ак-Чийде булар «Манасты» жайылтышыптыр. Кызык формасы бар экен. Манас изилдөөнүн башчысы айтып отурду мага, Ак-Чий айылында он миң манасчы «Манасты» бирдей айтып атты, жаттап алып дейт.

Жаңыл Жусупжан: Гиннестин рекорддор китебине кирели дешсе керек да. Бизде «Манастын бабалары» жөнүндө эпос, дастан болгон эмес деп жатышат. Сатыбалды Аалы уулу кандайча Манастын бабаларын айтып калыптыр?

Жанкороз Каниметов: Биз сурап көрдүк. Бул киши мурунтан «Манастын» варианттарын айтчу экен. Башка манасчылардан айырмаланып «Манастын бабаларын» айтыптыр. Бүгүн илимде айтылып атпайбы, бул тукум куучулук, деми күчтүү болсо, сөзсүз күчтүү болот деп. Ошол сыяктуу Манастын бабаларынан бери келаткан кыргыздын улуулугу ушунда бар экен. Ошону менен бирге Манастын улуулугу бүгүнкүгө чейин берилип аткандыгы деген мааниде айтышты.

Жаңыл Жусупжан: Кытай мамлекети улуттук азчылыктарга көңүл бурат, алардын жолдорун, үйүн салып берип, интернетти коюп берип атат. Бирок эсиңизде болсо керек, Саякбай, Сагынбайдын айтуусундагы «Манас» чыкканда, СССРде «Кытай менен дос мамиледебиз, кытай менен кыргыз согушуптур деген сөздү алып салыш керек» деген талап болгон. Ушул сыяктуу «Манас бабалары» китебин чыгарганда дагы текшерүү болуптурбу, же манасчынын айтканын айткандай жазыптырбы?

Жанкороз Каниметов: Айтканын айткандай жазды дешти. Кытай менен кыргыз өткөн кылымда согушкан. Дүйнөдө кимдер гана согушпаган, бүгүн биз башка доордо, башка мезгилде жашап атабыз.

"Манастын бабалары" 200 чакты конокко белекке берилди
Жаңыл Жусупжан: Сиз тууганчылап бардым деп жатасыз, мурдагы заманда алар Ысык-Көл тараптан өтүп келсе керек, ушундайбы?

Жанкороз Каниметов: Ооба, Кытайга Үркүнгө чейин көлдүк туугандар өткөн. Илгери көлдүк туугандар байланышып турган. Мен Боронбай ханды (ред. - көлдүк бугулардын манабы) изилдеп жүрөм, анын туугандары, балдары ошол жакта. Бир чети кудага бардык, экинчи чети мурунку кезиккен адамдарга учурашалы дедик. Ошол жерде Өмүрзак деген атактуу адам бар, Мергенбай, Темирбек деген мыкты адамдар бар, аларга кезигип келдим. Кыргыздын нак салттарын дагы бир жолу көрүп, кубанып келдик.

Жаңыл Жусупжан: Ал жерде көбүнчө бугу уруусу болсо керек? Бугулар үстөмдүк кылат бекен, же тең мамиледе бекен?

Жанкороз Каниметов: Кыргызстандын төрт тарабынан бар экен, бирок негизинен бугу уруусу экен. Ал жерде кимдин баласысың, кайсы уруудансың деген биздин илгерки нерселер бар экен. Анан тамашалары бар экен, ал уруунун мындай жакшы, мындай кемчиликтери бар экен деген. Бирок ошончо улуу элдин ичинде аз улут жашагандан кийин, булардын биримдиги бекем экен. Тойдо туугандар эле эмес, бардыгы барып тойлошот экен, жакшылыгын, кыйынчылыктарын тең бөлүшөт экен. Чоң ынтымак бар экен.

Жаңыл Жусупжан: Азыркылар урууну, ата-текти сүрүштүргөндү билбей баратпайбы, Кытайда бул салттын сакталып калганы жакшы экен. Дагы бир маселе, сиз «жогорку класстарда кытайча окуп калыптыр» деп айтып жатасыз, кайра азыр кыргызча окуй турган болуп жатыптыр. Эгерде мектепти кыргыз тилинде окуп бүтсө, андан ары окуп кеткенге мүмкүнчүлүк барбы, же кыргыз тилинде жогорку билим алыш үчүн Кыргызстанга келгенге туура келеби?

Жанкороз Каниметов: Булар эки жагын карайт экен. Жогорку класстарда кыргызча эмес, кытайча окуганы туура. Бизде деле өзбек улутундагылдар боюнча проблема бар. Бүгүнкү жаш муундар кыргыз жана кытай тилдүү болуп калыптыр. Мунун жаман жагы жок. Эң чоң маселе - кыргыз улутунун маданиятын, тилин сактап калуунун шарттары бар экен.

Жаңыл Жусупжан: Сиз Кытайдагы кыргыздардын балдарына Кыргызстанга окуганга келгенге жардам берип жүрүптүрсүз. Кыргызстанда кайсы окууга көбүрөк кызыгышат?

Жанкороз Каниметов: Мен 7 жыл мурда барганда, булардын бир эле суранычы бар эле, «биздин балдарды Кыргызстандан окутсаң, ошол жерге барып-келип турсак, билим алса, үйлөнсө жакшы болот эле» деген көп маселелерин айтышкан. Ошондо мен «жакшы окуучуңарды бул жака жибергиле» дегем. Кызыл-Суудан (Кытайдын кыргыз аптоном району)

Китеп чыгарууга каралашкандарга сый-белек берилди
Кыргызстанда азыр балдар көп окуйт. Ал жактан мектепти жакшы бүтүп келгендердин он чактысы ар кайсы жогорку окуу жайларда окуп атышат. Айрыкча «Манас» университетин каалашат экен. Ошолорго жардам берип, көз салып, үйгө чакырып, туугандык мамиле кылып жүрөм. Бүгүн кыз алышып, байланыш түзүп, окууларын улантып атат. Бул дагы чоң кубаныч.

Жаңыл Жусупжан: Кытайдагы кыргыз боордоштордун тарыхый мекенине чоң сагынычы бар. Бирок Кыргызстан тууралуу маалыматты кайдан алышат? Ортодогу байланышты жакшыртуу үчүн сиз кандай кеңеш берет элеңиз?

Жанкороз Каниметов: Негизги маалыматты «Азаттыктан» алышат экен. Экинчи маселе - биздеги кыйынчылыктар, революцияларга, президенттердин алмашуусуна абдан кейишет экен. «Кыргызстанда жакшылык болсо экен, Кыргызстан баары бир биздин мекенибиз» деп тилешет экен. Келчү кишилер да бар экен. «Келет элек, бизге шарттын деле кереги жок, паспорт берүүдө жеңилдик болсо барат элек» дейт. «Керек болсо үй сатып алат элек, жер иштетет элек, Кыргызстанга жардамыбыз тийбесе да, зыяныбыз болбойт» деген адамдар бар экен ал жерде. Казакстанда кайрылмандарга насыя берип, үй салып берип кетип атышыптыр. Бизде дагы кайрылман жөнүндө мыйзамыбыз бар, бирок толук эмес. Паспорт ала алышпай жүрүшөт. Ошондуктан Кыргызстан мыйзамдарын кайра карап көрүп, этникалык кыргыздарды өзүнө алса эч бир зыяны тийбейт. Булар эмгекчил, малды тың багышат, булар бүгүн такыр башка заманга өтүптүр.

Жаңыл Жусупжан: Текесте эң бийик чокулардын бирин «Жанкороздун чокусу» деп сиздин атыңыздан коюшкан экен, Кыргыздар баары Кыргызстанга келип алса, ал чокуну атын өзгөртүүгө туура келет го?!

Жанкороз Каниметов: Алар өздөрү коюшту (менин атымды), мен суранган жокмун, ыраазычылык айтам. Тамаша катары көргөм, бирок бүгүн ошентип айтылып кетиптир. Менин ал жерге салымым болбосо дагы, таасирим бар. Мен алардын баарынын келип калышын каалабайт элем, бирок келсек деген жаштары, адамдары бар экен. Ал эми ошол жерде кыргыздын туруп турушу, Кытайдын колдоп, улуттук аянт болуп турушу биздин Кыргызстан үчүн чоң сыймык.

Жаңыл Жусупжан: Арыбаңыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG