Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Жогорку Кеңеште “Кыргызмунайгаз” ишканасы боюнча дооматты иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү.

Ал арада аталган ишкананын жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш иши сотко өттү. “Кыргызмунайгаздын” өкүлдөрү болсо коррупция тыйылгандыктан соңку жылдары пайда-киреше көбөйгөнүн, бирок аягы тыйылбаган негизсиз текшерүүлөр жүдөткөнүн айтып чыгышты.

“Кыргызмунайгаз” күйүүчү майын өз баасында жергиликтүү дыйкандарга сатпай, Тажикстан менен Ооганстанга жөнөтөт деген доомат 23-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтылды. Маселени “Ата Мекен” фракциясынан депутат, Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мүчөсү Улан Нуркулов козгоду. Ал дыйкандардын арызынын негизинде жумушчу топ түзүүнү сунуштаганын айтууда:

- Чоң-чоң жерлерди иштеткен дыйкандар бар. Ошолорго күйүүчү май завод баасында дегеле берилбептир. Завод баасы Казакстан, Орусиядан келген күйүүчү майдын баасына караганда кеминде 6-7 сомго арзан. Ал жерде коррупциялык айла-амал бар. Төрт-беш адам отурат, алардын башка бирөөнүн атына каттатып койгон, бирок өздөрүнө эле таандык фирмалары бар. Күйүүчү майдын баарын ошолорго сатып, алар болсо Тажикстанга, Ооганстанга өткөрүп олчойгон пайда көрүп жатышат. Ал күйүүчү майды дыйкандарга губернатор да алып бере албайт экен.

"Кыргызмунайгаз" ишканасынын нааразылыкка чыккан жамааты. 14-март, 2014-жыл.

"Кыргызмунайгаз" ишканасынын нааразылыкка чыккан жамааты. 14-март, 2014-жыл.

“Кыргызмунайгаздын” атынан бул дооматтар боюнча аталган ишкананы коргоо үчүн түзүлгөн “Элдик комитет” коомдук бирикмесинин жетекчиси Муктар Анаркулов "Азаттыкка" комментарий берди. Ал жергиликтүү дыйкандарга күйүүчү май сатылбайт деген сөздөрдү негизсиз деп атады жана бул маселени көтөрүп чыккан депутатты жеке кызыкчылыкты көздөп жатат деп айыптады:

- Биздин сайтыбыз бар. Ал жерде жума сайын күйүүчү майдын баасы жарыяланат. Мына биз февраль-мартка чейин күйүүчү майды сата албай турдук. Кампаларыбыз толуп кеткендиктен комиссия аркылуу баасын бир-эки сомго арзандатканга мажбур болдук. Мен бизге келип, бирок күйүүчү май бербей койду деген бир дагы дыйкан чарбаны көрө элекмин. Бул маселени козгоп жаткан депутат жигитти билебиз, ал кандайдыр бир жеке кызыкчылыгын көздөп жатат. Күйүүчү майды биз Ооганстанга сатпайбыз, жеке фирмалар балким бизден алып барып сатышса керек. Келген дыйкан чарбалардын баарына эле сатабыз, бирок карызга, насыяга бере албайбыз. Анткени биз өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз да.

Ушул жылдын апрель айында газ уурдоо фактысы боюнча “Кыргызмунайгаз” ишканасынын эки жетекчи орун басарына жана газ сатуу бөлүмүнүн жетекчисине кылмыш иши козголгон. "Жергиликтүү милициянын жетекчилери газ уурдоо фактысын жаап-жашырганы ашкереленди, мунун айынан өлкө казынасы 5 миллион сомдон ашык зыян тартты" деп жарыялаган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Максат Жаманкуловдун билдиришинче, бул кылмыш иши тергелип бүтүп, ушул аптада сотко өттү:

- 2014-жылдын март, апрель, май жана июнь айларынын ичинде акиташ бышырган жеке ишкерлерге газ сатууда 830 миң куб метрге жакын газ жоготууга учураган. Жалпы чыгым 5 миллион сомдон ашык деп эсептелген. Тергөө маалыматында бул акчалардын баары төлөнүп, мамлекетке кайтарылды. Газ жалпысынан 21 ишкерге берилген. “Кыргызмунайгаздан” аларга тиешелүү өлчөмдө газ кеткен, бирок аларга анча көлдөмдө газ жеткен эмес деп жазылган. Ортодон газ уурдалган. Ишкана жетекчилери төрт ай бою буга чара көргөн эмес.

“Кыргызмунайгазды” коргоо үчүн түзүлгөн “Элдик комитет” коомдук бирикмесинин жетекчиси Муктар Анаркулов газ уурдоо фактысын кылмыш иш козголгон жетекчилер өздөрү ашкере кылганын айтууда:

- Эки жетекчи уурулукту билгенден кийин алардын ишин сотко ашырууну юристтерге дайындаган. Бирок акиташ бышыргандар келип суранып, биз муну эки жыл ичинде төлөп беребиз деп нотариалдык контора аркылуу милдеттенме алышкан. Бирок ошол 22 адамдын алтоо андай милдеттенме алгандан баш тарткан. Уурулукка барбаган үч жигитибизге негизсиз кылмыш иш козголуп, иши сотко жетип отурат. Электр энергиясын мисалы ошону текшерип келген адам менен жең ичинен сүйлөшүп алып уурдайт да, же өзү бир жерден жылчык ачып алып уурдайт. Анан уурулук жетекчи менен келишип алып жасалбайт да.

Ыр-чыры бүтпөгөн ишкана

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында жайгашкан, союздун тушунан бери иштеп келаткан “Кыргызмунай” ишканасы 1997-жылы “Кыргызмунайгаз” болуп кайра түзүлгөн. Эгемендиктин алгачкы жылдарында мунайды өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча иш начарлап, каатчылыкка баткан. 1996-жылы Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү “Кыргызпетролеум” кыргыз-канада заводу ачылгандан тарта иши оңолгон.

“Кыргызмунайгазга” байланыштуу ызы-чуу, нааразылык апрель ыңкылабынан кийин чыккан жана маселе саясатташып кеткени белгилүү.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин ишканага “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Каныбек Мисиров дайындалган. Парламенттик шайлоодон кийин коалициялык өкмөт түзүлүп, кызмат орундар бөлүштүрүлгөндө “Кыргызмунайгаз” “Республика” партиясынын энчисине тийген. Партиянын атынан ишканага башчы болуп Кеңешбек Мисиров дайындалган. Бирок ишкана жамааты жаңы жетекчиге каршы чыгып, Бишкек-Ош жолун бууган, бир катар нааразылык акцияларды өткөргөн. “Ата Мекен” менен “Республика” партиялары ачык араздашкан. Чатакка ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев кийлигишип, Жеңишбек Жумашевди жетекчи кылып койгон. Жалал-Абаддын ошол кездеги губернатору Бектур Асанов апрель ыңкылабынан кийин дайындалган жетекчини ачык коргоп чыккан жана мунун айынан Атамбаевден эскертүү да алган:

- 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин мурдагы бакиевчил күч менен жаңы келген жетекчилик ортосунда тирешүү болгон. Мен губернатор катары жаңы келген жетекчини колдогом. Бул абдан кирешелүү ишкана, келечеги чоң.

“Кырызмунайгаздагы” андан кийинки нааразылык “Кыргызпетролеум” ишканасына байланыштуу тутанган. “Кыргызмунайгаз” 2012-жылга чейин аталган ишкананын жарымына гана ээлик кылып келген. 2012-жылы калган 50 пайыз акциясын канадалык “Петрофак” корпорациясынан 4 миллион 700 миң долларга сатып алган.

“Кыргызпетролеумду” компаниянын мурдагы жетекчилери, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрү Адоп Саркосян менен Адил Бадрини сатып алууга аракет жасаган. “Кыргызмунайгаздын” кесиптик кошуун комитетинин төрагасы Акынбек Райымкулов алардын максаты ишке ашпай калганын кеп салды:

- Бул негизи баасы 25-30 миллион доллар турган завод болчу. Анан кандайдыр бир себептерден улам 4 миллион 700 миң долларга бааланып калды. Инвестициялык келишим боюнча алар үлүшүн сатууну кааласа, биринчи бизге, “Кыргызмунайгазга” кайрылышы керек. Эгер биз баш тартсак, анда башкаларга кайрылат. Ошол кезде бизди сатып алалы деген компаниялар болду. Биз макул болгон жокпуз. Бул Акаевдин тушунда курулган завод. Бул “Кыргызмунайгаздын” башы. Бул заводсуз биздин ишибиз токтоп калат. Союздун тушунда бизге 20 пайыз мунайды Өзбекстан кайра иштетип берчү. Союз тарагандан кийин анын көлөмү 70 пайызга чыккан. Бирок бул бизге пайдасыз болуп, өзүн актабай калган. Анан биз ушул заводду чоң аракет менен курдурганбыз.

2013-жылы Мамлекеттик мүлк фонду менен Экономика министрлиги “Кыргызпетролеумду” “Кыргызмунайгаздан” бөлүп, өзүнчө акционердик коом кылып түзүү тууралуу өкмөткө сунуш киргизген. Аталган фондду ошол кезде Айбек Осмоналиев жетектеп турган. Ал эми экономика министри Темир Сариев болчу. Ишкананын жамааты аларды “Кыргызпетролеумга” көз арткан Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгына иштеп жатат деп айыптап чыккан. Темир Сариев дооматты четке каккан жана ишкананы коррупцияга белчесинен баткан деп айыптаган.

“Элдик комитет” уюмунун жетекчиси Муктар Анаркулов Жантөрө Сатыбалиевдин өкмөтүнүн чечимине карабай, “Кыргызпетролеумду” “Кыргызмунайгаздан” ажыратуу аракеттери азыр да токтой электигин айтууда:

- Заводго кызыккан адамдар көп. Канадалык мурунку жетекчилер, дагы башкалар арзан баада алабыз деген ниет менен аракет кылып жатканда, бул ишкананы биз өзүбүзгө алып калдык. Андан бери бөлөбүз, реорганизация кылабыз деп үч-төрт жолу аракет жасалды. Жантөрө Сатыбадиев өкмөт башчы болуп турганда комиссия да түзүлдү. Өкмөт бул эки ишкананы бөлсө болбой турганын, анткени кара майды казуу, өндүрүү, сатуу баары бир түрмөк экенин аңдагандан кийин сатканга болбойт деп чечим чыгарды. Бирок азыр деле ишкананы Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп, сатууну көздөгөн адамдар, пландар бар. Бирок буга жамаат жүз пайыз каршы.

“Кыргызпетролеумду” “Кыргызмунайдан” ажыратуунун дагы бир себеби катары анда өндүрүлгөн мунайды Кара-Балтадагы “Жунда” заводуна алып келүү максаты айтылып келет. Бирок мунайды Жалал-Абаддан Чүйгө унаа менен ташуу өзүн актабасын эксперттер айтып келет.

Биз “Кыргызмунайгаз” боюнча өкмөттүн пикирин билүү үчүн Өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Жунушалиевге кайрылдык. Бирок ал алгач эмнегедир “Кыргызмунайгаз” деген ишкана жок деп айтып алды, андан соң комментарий берүүдөн баш тартып, жооп бербей телефонду коюп койду.

“Кыргызмунайгазга” байланыштуу дооматтар, соттук териштирүүлөр эмне менен аяктары азырынча белгисиз. Ишкананын кесиптик кошуунунун төрагасы Акынбек Райымкулов соңку учурда тынымсыз, негизсиз текшерүүдөн жүдөшкөнүн кеп салды:

- Өзү “Кыргызмунайгазды” “Ата Мекен” партиясына жакындатышат. Аларды Текебаев коргоп-сактап турат деп айтышат. Бирок эгер Текебаевдин коргоп чыкканы чын болсо, анда “Ата Мекен” мындай ызы-чуу чыгарбайт болчу. “Кыргызмунайгазга” көзөмөл кылган Текебаев, же башка партия жок. Атүгүл кайсы бир партиялар ушунча акча алып турат деген сөздөр да бар. Эгер ошол сөздөр чын болсо анда бизге киреше кирмек эмес. Бизди дайыма күч структуралары текшерип турат. Биринин артынан бири келе берет. Иштегенге мүмкүнчүлүк деле бербейт. Жетекчилер текшерүүдөн жүдөдү.

Ишкананын маалыматы боюнча “Кыргызмунайгаз” Кочкор-Ата шаарын толугу менен багат. Ал эми Ноокен районундагы салык, социалдык төлөмдөрдүн 80дей пайызын, облус боюнча 40 пайызга жакынын төлөйт. Анда кеминде 2,5 миңдей адам иштейт.

“Кыргызмунайгаз” былтыр 600 миллион сомго жакын киреше тапкан. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 32 эсеге көп. Ушундан улам мындай кирешелүү ишканага көз арткандар, анын айланасында саясат жасагандар тыйылбайт шекилдүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG