Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

Бишкектеги орус дипломаттары такталбаган маалымат таратканы тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Москвага нота жөнөттү.

Ушул жылдын башында Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги эки кыргызстандык бала дене органдарын пайдалануу үчүн сатылганы жаткан жеринен сактап калганын билдирген эле. Кыргыз милициясы муну дароо төгүнгө чыгарган болчу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүлгөнүн бышыктады. Тиешелүү тараптан азырынча жооп келе элек:

- Нота эки балага тиешелүү. Вице-консул Анастасия Антонова 4-6-январда өзү айтып чыккан экен. Орусиялык ММК эки бала органга сатылды деп, ага таянып жазып чыгышты. Бирок ал фактылар аныкталган жок.

Жыл башында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин вице-консулу Анастасия Антонова орус ММКсы аркылуу төбө чачты тик тургузган маалыматты айтып чыккан. Анда орус дипломаттары тилемчилик менен жан баккан кыргызстандык эки баланы өгөй атасы органын пайдалануу үчүн башкаларга сатканы жаткан жеринен сактап калышканын жарыяланган:

- Жетимдерди энеси тирүү кезинде аны менен жашап жүргөн адам цыган улутундагы адамдарга сатып жиберген. Биздин оперативдүү маалымат боюнча, алар балдарды Кыргызстандан алып кеткени жаткан.

Орус элчилиги ошондон бери мындан башка маалымат тарата элек жана комментарий берүүдөн такай баш тартып келет.

Россия 24 каналынын репортажы, 13-январь, 2016

Сөз алты жаштагы Тимофей Романенко менен 14 жаштагы Анна Черницына аттуу энеси бир, аталары бөлөк бир туугандар жөнүндө болуп жатат.

Ички иштер министрлиги алардын таржымалы тууралуу кеңири маалымат тараткан эле. Ага ылайык, балдардын апасы, 1976-жылы туулган Наталья Романенко орус жараны болгон жана Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Шалта айылында 1974-жылкы Алексей Попов аттуу жаран менен жашаган. Ал уулу Тимофейди Алексейден төрөгөн, 14 жаштагы кызынан башка 22 жаштагы Илья аттуу уулу да болгон.

Милиция бышыктагандай, Наталья менен Алексей ичкиликке жакын болушкан жана былтыр сентябрда Наталья мас кезинде өзүн өзү асып алган. Апасы өлгөндөн кийин уул-кызы Алексей Попов менен анын эжесинин үйүндө жашап турушкан. Бирок өгөй атасы ичкиликке берилип кеткендиктен Анна инисин ээрчитип алып Елена Бажинская аттуу апасынын таанышынын үйүнө кетип калган.

Бажинская Романенконун Чеченстанда жашаган ата-энесине кайрылган, бирок алар балдарды багып алуудан баш тарткан. Ирина Качкова аттуу Натальянын Германияда жашаган тууганы балдарды багып алууга макул болгон жана маал-маалы менен акча жөнөтүп турган. Былтыр келип балдарды алып кетейин деген жана балдардын апасы менен кызы Анна орус жараны болгондуктан документтерди даярдоо үчүн Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылган.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баевдин билдиришинче, балдар Орусияга кеткичекти Бишкектеги “Светлый путь” деген балдар үйүндө жашап турган жана алар сатылганы жаткан деген маалымат туура эмес:

- Орус элчилигинин өкүлдөрү Шопоков шаарынын тиешелүү бийлик органдары жана Качкова менен биргеликте балдардын документтерин даярдашкан. Былтыр 29-декабрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин вице-консулу Анастасия Антонова балдарды Орусияга алып кеткен. Балдарды алып чыгып кетүү, документтерин даярдоо тиешелүү органдар аркылуу жүргөн. Балдар сатууга даярдалып жаткан деген маалымат чындыкка коошпойт.

Айтор бул окуя коомчулукту бир топ дүрбөткөн. Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын баамында, бул окуянын чын-бышыгы дипломатиялык каналдар аркылуу тыкыр такталышы керек:

- Эгер бул окуя далилдене турган болсо, чоң, эл аралык деңгээлдеги чатак иш. Эгерде эки балабыздын дене бөлүгүн сатканы жатканы такталган болсо, ушул бойдон калтырбаш керек. Бирок менин байкашымча, кандайдыр бир үчүнчү күчтөр кыргыз-орус элин бири-бирине кайраштыруу, бири-бирине жек көргөзүү сыяктуу маалыматтык согушту жүргүзүп жатат.

Бул окуяны талдоочу Марс Сариев дагы маалыматтык согуш менен байланыштырды:

- Байкасаңар Германияда деле Лиза атуу кыз жөнүндө ушундай жалган маалымат таратылган окуя болгон. Менимче, бул Орусиянын элчилигинен кеткен кемчилик. Мага бул маалымат согушунун бир элементи деген ой келип жатат. Бирок Орусиядан жооп күтөбүз, окуя кандай өнүгөрүн байкап турабыз.

"Органга пайдаланууга сатылганы жаткан" деп бир катар орусиялык телеканалдар элдин үшүн алган маалыматтын каармандары Тимофей менен Анна соңку маалымат боюнча ушул тапта Орусиянын Новосибирск облусунда жашап жатат. Алардын мындан аркы тагдыры кандай чечилери азырынча белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG