Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Кыргызстанда майып балдарды эрте аныктап, аларды мектепке даярдоо программасы ишке ашырылууда.

Чүйдүн Москва районуна караштуу Садовое айылындагы А. Мирошниченко мектебинде 1,5 миңге жакын бала окуйт. Күн сайын бул жакка билим алуу үчүн агылып келгендердин арасынан үч бала мугалимдердин да, тегерегиндегилердин да өзгөчө этият мамилесине муктаж. Алардын бири, 1-класстын окуучусу Аслан тубаса майып. Апасы Роза аны күн сайын колунан жетелеп, кээде уулу баскандан кыйналып кетсе көтөрүп алып келет.

Розанын айтуусунда, майып болуп төрөлгөн баласын башкаларга окшоп кадимки мектепке берүүгө туугандары каршы чыккан.

- Бирок мен эч өкүнбөйм. Баланы мазакташат деп коркушту эле. Андай мамилени байкаган жокмун. Башка балдардын менин уулума жасаган жакшы мамилесин көрүп, өзүмдө да ишеним пайда болду. Атайын бала бакчага, атайын мектепке берүүгө башынан эле каршы болуп келгем. Себеби, кичинесинде реабилитациялык борборго жатканбыз. Ал жерде, билесиздер, абалы мындан да оор балдар бар. Уулум алар менен аралашып жүрүп жакшы болмок түгүл, 1,5 ай ичинде мурдагыдан да начар басып, кыйналып кеткен.

Аслан окуган мектептин директору Мавлюда Саурова инклюзивдик билим берүүнүн, башкача айтканда, дени сак балдар менен катар тең укукта окууга шарт түзүүчү ыкманын артыкчылыгы деп майып балдарды окутуудагы пайдасын гана эмес, алардын жанындагыларды боорукер, толеранттуу кылып тарбиялоодогу ролун атоодо:

- Жогорку класстагы балдар андай окуучуларга экинчи кабатка чыгууга жардам берип, керек болсо колуна көтөрүп чыгарышат. Кыскасы, социалдашуусуна жардам беребиз. Алар мектепке абдан кызыгуу менен келишет. Бир күн ооруп келбей калса жаман болушат. Окуусу да жакшы. Жалаң беш, төрт.

Майыптык – өкүм эмес экенин, мындай балдарды башкаларга аралаштырбай чектөө алардын мүмкүнчүлүктөрүн басынтарын дене тарбия мугалими Василий Дмитриев да айтууда:

- Аслан дене тарбия сабагынан бошотулган. Бирок кээде атасы алып келип калганда көрөм, колдору абдан күчтүү. Турникке жакшы тартына алат.

Мамлекет Аслан сыяктуу балдар өз курбулары менен катарлаш жүрүп, кадимки мектепте окуп, тарбия алуусу үчүн шартты бардык мектептерде түзүп берүү аракетин улантып келатат. Айрым жерлерде пандустар курулуп, тренажерлор орнотулган, атайын китептер, окуу материалдары менен жабдылган.

Бирок мектепке чейинки мекемелерде мындай тажрыйба азырынча жок.

Ал арада адистер майып балдарды коомго аралаштыруу аракети канчалык эрте башталса, ошончолук натыйжалуу болорун эскертүүдө. Дал ушул максатта былтыр 1-сентябрдан тарта Кыргызстандын бардык мектептеринде “Наристе” деп аталган программа киргизилди. Ал 480 сааттка эсептелген. Москва району сынак өтчү аймак катары тандалып алынып, андагы билим берүү системасынын 123 адиси, социалдык тармактын 30 кызматкери атайын окутуудан өттү.

Максат – дени сак балдарды мектепке даярдоо менен кошо райондо жашаган үй-бүлөлөрдүн майыптыгы бар балдарын аныктап, алар менен да иштөө. Программа Билим берүү жана илим министрлигинин Дүйнөлүк банктын техникалык колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан “Мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Ал эми аны жайылтуу, элге маалымат берүү жагынан “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жардам берүүдө.

Инклюзивдик билим берүү боюнча адис Сания Амирханованын ырасташынча, учурда “Наристе” программасы боюнча Москва районунда 1,5 миң бала мектепке чейинки даярдыктан өтүүдө, алардын 18и түрдүү диагнозу барлар:

- Арасында акыл-эси жакшы өнүкпөгөн, начар көргөн, уккан, жакшы сүйлөй албагандар бар. Эгер системалуу түрдө иштесек, сүйлөө жагынан кыйналгандарды бир ай аралыгында эле оңдосо болот. Кекечтенген, жүрөгүнөн тубаса кемтик болуп төрөлгөндөр да бар.

Долбоор алкагында мугалимдер үчүн майып балдар менен ишти уюштуруунун жол-жобосу жазылган атайын методикалык колдонмолор иштелип чыккан жана андай китептер менен ар бир мектеп камсыз болгон.

Учурда Кыргызстанда 18 жашка чейинкилер арасында 24 миңи майып. Алардын 4 миңден ашуунунун түрдүү илдеттин айынан колу-буту кыймылдан калган.

Бирок бул расмий гана статистика. Чыныгы көрсөткүч, укук коргоочулардын айтуусунда, кыйла жогору.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG