Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Жогорку Кеңеште жаңы курала турган башкаруучу коалицияга ким кириши мүмкүн? Жаңы өкмөттүн курамы, башчысы жана миссиясы кандай болот? "Азаттык" бул суроолорун саясий илимдердин кандидаты, Жапонияда эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим алып келген серепчи Чынара Эсенгулга узатты.

"Азаттык": Айрымдар парламенттик шайлоо өткөндөн кийин доллар дагы кымбаттап, азык-түлүктүн да баасы өсөрүн, жаңы курала турган өкмөт өрт өчүргүч сыяктуу гана иштеп, орчундуу реформаларга бара албасын айтып келди эле. Мындай ой негиздүүбү?

Эсенгул: Жалпысынан мен бул ойго кошулам. Дүйнөлүк деңгээлде же аймактык, Борбор Азия болобу, постсоветтик өлкөлөр алкагында болобу, азыр чынында кризистик процесстер көп жүрүүдө. Кыргызстан аймактык жараяндарга, долбоорлорго интеграцияланып жаткандыктан таасир чоң болот. Андыктан келген жаңы өкмөт антикризистик менеджмет менен эле алек болуп калышы ыктымал.

"Азаттык": Мунун өзү ички саясий абалга, элге кандай таасир этет?

Эсенгул: Менимче, бир жылга жетер-жетпес убакыт таасир бербейт го. Анткени шайлоо ийгиликтүү өтүп, эл бир аз эйфория абалында турат. Албетте, өкмөт өзүн көрсөтүп алышына убакыт талап кылынат. Туура кадамдарга барса, эл ынанат. Кыскасы, “ишеним кредити” катары убакыт керек болот го.

Бул шайлоодо акчанын ролу чоң эле болгонун баарыбыз көрүп турдук. Эл да добушун сатты. Талапкерлердин добуш сатып алууга акчасы болду.

"Азаттык": Негизи эле шайлоонун өтүшүнө серепчи катары кандай баа берип жатасыз? Өкмөт бир жылдан бери биометрикага камданып, бул ыкма шайлоонун тазалыгына кепилдик болот деп убада кылды эле?

Эсенгул: Мен шайлоонун биометрика боюнча өтүшүн жалпысынан колдодум, жактырдым. Жыйынтык чыгаруу ыкмасы да бул системаны актады деп ойлойм. Албетте, айрым кыйынчылыктар болду. Балким, даярдыкка аз убакыт берилгендиктен кээ бир адамдар чектелип калгандыр. Айрымдары биометрикалык маалыматын бербейбиз деп чечкен. Алардын добушу эске алынбай калганы өкүндүрбөй койбойт. Бирок, “көч бара бара түзөлөт” дегендей, мындан аркы президенттик, кийинки парламенттик шайлоолорго карата оңолуп калабызбы, мындан да жакшы өткөрөбүзбү деген үмүттөмүн.

"Азаттык": Добуш берүүнүн натыйжасында “Кыргызстан” партиясынын башкаларга салыштырганда озуп чыгышы көбүн таң калтыргандай болуп жатат. Сизде кандай пикир жаралды?

Эсенгул: Мен да башында бир аз таң калгандай болдум. Бирок ойлонуп көрсөм, күтүлүү эле нерсе болгондой. Анткени “Кыргызстандын” курамындагыларды карасак, көбү же буга чейинки чакырылышта иштеп, кийин бөлүнүп кеткендер, же акчасы көп, азыркы тил менен айтканда, олигархтар. Бул шайлоодо акчанын ролу чоң эле болгонун баарыбыз көрүп турдук. Эл да добушун сатты. Талапкерлердин добуш сатып алууга акчасы болду. Андыктан, ушундай эле болмок деген ойдомун.

Эгер Бабанов премьер болсо, министрлер кабинетинин көбүнчөсү алмашат. Темир Сариев болсо, 70% ошо бойдон калат го дейм.

"Азаттык": Боршайком мандат тапшыргандан кийин башкаруучу коалиция куроо башталат. Азыр КСДП менен“Кыргызстан” биригип, балким, “Өнүгүү-Прогрессти” кошуп алуу ыктымалдыгы чоң экени айтылууда. Сизде кандай божомол бар?

Эсенгул: Ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Мен бир классикалык вариантын айтайын. Азыркы премьер-министр Темир Сариев жакшы иштеп жатканы көп айтылып, бул ойго көбү макул болууда. Менимче, КСДПнын тизмесин жана жалпы эле бул партияны колдогондор арасынан карап көрсөк, өкмөт башчылыкка андан башка татыктуу талапкери деле жок. Ошондуктан, буга чейинки жолдун уланышы, саясий туруктуулуктун камсыз болушу үчүн учурда жүрүп жаткан интеграциялык жараяндар маалында мүмкүнчүлүктөн азыр колдонбогондо качан дешеттир. Мунун баарын жакшы билген Темир Сариев мырза болгондуктан, балким, коалицияга кирген партиялар, КСДП баш болуп, туруктуулук үчүн жана иштерди жүзөгө ашуруу мүмкүнчүлүгүн берели деген ниет менен ушул эле талапкерликти колдойбу деген ой...

Экинчи вариант, эгер башкачараак, радикалдуу ой жүгүртсөк – бул Өмүрбек Бабановдун келиши. Ал биз жаштарбыз, башкача ойлонобуз, программабызда өзгөчөлүктөр көп деп далайдан бери айтып келатат. Интервьюларында “Мен реформачымын, убадаларымды аткарам!” деген оюн билдирүүдө. Балким, коалициянын көпчүлүгү реформаларга убакыт келип жетти деген ойдо болсо, ошондой мүмкүнчүлүк берилер.

"Азаттык": Мунун ыктымалдыгы канчалык?

Эсенгул: Анча жогору деп айта албайм. Бирок эгер ошондой боло турган болсо Кыргызстандын жөн гана Евразия алкагында интеграция үчүн көп нерсе жасабастан, андан да кененирээк, балким ошол эле Кытайдан инвестиция тартып келүү мүмкүнчүлүктөрү көбөйөбү деген ойдомун. Бул үчүн менеджерлик ой жүгүртүүсү жогору адамдарга, эксперимент кылып Бабановдун командасына мүмкүнчүлүк бериш керек. Албетте, эгер Бабанов премьер болсо, министрлер кабинетинин көбүнчөсү алмашат. Темир Сариев болсо, 70% ошо бойдон калат го дейм.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG