Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Соңку бир жыл ичинде Кыргызстанда үй-батирлердин баасы кескин төмөндөп, арзандоо 20-30% жетти.

Ижарага берилүүчү батирлердин да баасы ылдыйлады. Мындай шартта жеке турак жай курууга уруксаты бар жер тилкелери кымбаттай баштаганы байкалууда.

Ош базарда соодада иштеген Гүлмира Шамшиева радиотүйүнгө келип, жарыялар арасынан ижарага батир издөөдө:

- Буга чейин эки бөлмөлүү батирде жашачумун. Ээси келип калып, аны бошоткула деп жатат. Баалар түрдүү экен. Телевизор жана башкасы бар болсо 15 миңге жакын. Ичинде эч нерсе жок болсо 10 миңдин тегерегинде.

Буга чейин, дээрлик 2-3 жыл мурда шаардан ичи бош болсо да, ысык суу, жылуулугу менен 10 миң сомго батир табуу дээрлик мүмкүн эмес болчу. Азыр шашпай издесе мындай акчага телевизор, муздаткыч, кир жуугучу менен бир бөлмө сунуштагандарды тапса болот.

Адистердин айтымында, мындай арзандоого жалпы базардагы абал таасир этүүдө. Себеби сунуш көп. Батирди ижарага берүүнү өзүнчө бизнес кылып алгандар аз эмес. "Анын үстүнө короосуна окшош бир бөлмөлөрдөн турган 1-2 кабат үйлөрдү сала коюп, квартирант киргизгендер да көбөйдү" дейт радиотүйүндө жарыя кабыл алып олтурган Мээрим Асанова:

- Атайын квартирант киргизем деп бир нече батирлүү там салгандар көбөйдү. Шарттары бар болсо кымбат эле, бирок арзанын тапса да болот.

Үйлөрдү сатуу-сатып алууда деле ушундай эле абал. Кардарга караганда азыр сатуучу көп болуп жатканын рекламалык гезиттердеги жана интернеттеги атайын сайттарга чыккан жарыялардан байкаса болот. Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк рыногун анализдөө боюнча башкы адиси Айдар Сукенбаевдин айтымында, соңку бир жыл ичинде Кыргызстанда мурда салынган үй-батирлердин баасы кескин төмөндөп, арзандоо 20-30% жетти:

Айдар Сукенбаев

Айдар Сукенбаев

- Кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу Чүйдө 34,6% Бишкекте 24%, Ош облусу боюнча 25%, Ош шаарында 31%, Жалал-Абадда 25, Ысык-Көлдө 38%, Таласта 32%, Баткенде 17% төмөндөдү. Нарында 14% гана, бирок ал жакта рыноктун активдүүлүгү да төмөн.

Бишкекте батирлер 24% арзандаса, жер тамдардын баасынын төмөндөшү 38% ашты.

Адистер мунун себебин эки жагдай менен түшүндүрүүдө. Биринчиси, албетте – улуттук валюта сомдун долларга карата арзандашы, экинчиси – Орусияда рубль алсырап, ал жактан которулган акчанын баркы жок болуп жатышы.

“Площадь” кыймылсыз мүлк агенттигинин менеджери Елена Юн азыркы жагдайды жаңы замандык келиши деп атоодо:

- Жаңы заман – жаңы баа дегендей, азыр учур талабын туура түшүнүп, соодалашууга макул болгондор батирлерин сатып эле жатат, ал эми былтыркы баалар боюнча жашагандардыкы өтпөй турат. Алар атаандаштыкка туруштук бере албай калууда.

2-3 жыл мурда Бишкекте, мисалы, 104 сериядагы бир бөлмө батир 38-40 миң долларга чыгып кеткен болсо, азыр оңдолуп-түзөлгөнүн 30 миң доллар, ал эми сырдалып-актала электерин 25 миң долларга сата албай отургандар бар.

Бул базардагы азыркы абал дагы бир жаңы тенденцияны пайда кылууда. Учурда колунда акчасын көтөрүп жүргөн, бирок анысы же батирге, же үйгө жетпегендиктен жер тилкесин сатып алгандар көбөйө баштады. “Суроо талапка жараша сунуш” деген эски эрежеге ылайык, бул өз кезегинде жердин кымбатташына алып келди. Алсак, Бишкектин Сокулук менен чектеш жериндеги “Ак-Ордо” жаңы конушунда 5 сотых жер мындан 4-5 жыл мурда 3-5 миң доллардан сатылып жаткан болсо, азыр 10 миңден ылдый табуу кыйын болуп баратат.

Албетте, үй сатам же сатып алам деп отургандарды жакынкы келечекте кандай болот деген суроо кызыктырбай койбойт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башкы адиси Айдар Сукенбаев буга “кескин арзандабайт дагы, кымбаттабайт дагы” деп так жооп берип, себебин мындайча түшүндүрдү:

- Кескин арзандабайт. Себеби муктаждык бар. Ички миграция. Азыр батирлердинбир чарчы метри 700 доллардын тегерегинде болууда. Мындан ылдыйлабайт. Ал эми кымбаттатууга мүмкүнчүлүк жок. Адатта күзүндө түшүм жыйналып, нак акча колго тийе баштаганда сатып алуу көбөйүшү керек эле. Бирок быйыл дыйкандар өндүргөн продукциясын сата албай, сатса да анысы арзан кетип жатат. Маселен, жайында 25-30 сомдон сатылып жаткан картошка 10 сомго түштү.

Адистин айтымында, бул жагдайга жаңы салынып жаткан үйлөрдүн таасири дээрлик жок. Бирок аларда да 1-2 бөлмө батирлер 20%, 3 бөлмөлүүлөрү 10-15% арзандады. Өтүшү да азайганы байкалууда.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG