Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Беш жыл мурун ушул күндөрү ойдо жок окуялар маалында бала-бакырасы менен баш калкалаганга жай издеп айласы кеткен адамдар көп болгон.

Оштун кандуу от катуу каптаган Черемушки районунда жашаган Анвар келинчеги, апасы, эки баласы менен беш күндөй бир жерде камалып отуруп чыккан. Кыргыз достору милициянын коштоосунда беш күндөн кийин аман-эсен куткарып алышкан. Ал күндөрдү Анвар мындайча эскерет.

- Түн ичинде эле "адамдарды өлтүрүп атышат" деген билдирүүлөр келе баштады. Ишенгим келген жок. Эртеси түшкү 2ге чейин таптакыр ишенгим келбей туруп алдым.

"Коңшу мааледе үйлөр өрттөнүп атат, негедир аскерлер элди коргобой атыптыр" деген кабарлар келе баштаганда, айлабыз кетип, жертөлөнү жашынганга камдай баштадык. Ызы-чуу, кымгуут түшүп эле калдык. Эки баламдын бирөө жетиде, экинчиси тогузда эле. Оштун чет жагындагы Южный деген райондо жашаган тууганыбыз бар болчу, ал машине менен жетип келип, баарыбызды чыгарып кетти. Сулайман Тоо жактан ок атылып, шаарды түтүн каптап, коркунучтуу болуп турган. Жашырынчу жерге аман-эсен жетип алдык. Жолдо баратканда шаар бүт эле өрттөнүп жаткандай сезилди.

- Канча күн жашынып отурдуңар? Жертөлөдө отурдуңарбы?

- Эки күндөй катып калгандай эле 15 киши кичинекей үйдө үн-сөзсүз отуруп калдык. Бир эле жолу октордун үнү угулуп, жертөлөгө бир нече сааттай жашындык, калган учурда бир бөлмөдө отурдук.

"Рахмат айтпай эле кой, биз баарыбыз адамбыз, бири-бирибизге жардам берүүгө милдеттүүбүз" деген жакшы сөздөрү эсимде калды.

Үчүнчү күнгө кеткенде эсимди жыйып, кыргыз досторума телефон чалып, "бизди эптеп чыгарып кеткиле" деп сурана баштадым. Алар, албетте, жардам беребиз деп убада кылып атышты. Бир аябай жакшы кыргыз досум, анын ысымын, иштеген жерин айта албайм, бешинчи күнү милициянын коштоосунда үч машине менен келип, баарыбызды жашынган жерден чыгарып кетти. Баарыбыз эле дендароо болуп калыптырбыз, балдарым катуу чочуп калган экен.

- Тамак-аш жетиштүү беле?

- Бизде эми үйдө качан болбосун 2-3 күнгө жеткидей тамак-аш болот эмеспи. Тамакка деле такыр табитибиз тартпады. Тамак жегиң келбей калат экен. Өзүбүздү кыйнап тамактанып аттык, алыбыз кетип калбасын деп. Андан кийин коопсуз жерде жашап аттык. Ошол жакта тамак-аш тартыштыгын сездик. Анткени үйдөгү азык-түлүк запасы аяктап, өзбек маалелери ар тарабы тосулуп калып, гуманитардык жардам жеткирүү көйгөйгө айланды.

-​ Үй-бүлөм, үйүбүз аман калыптыр деп айттыңыз башында. Бирок ошол күндөрү катуу коркуп калганыңар кандай таасир этти өзүңөргө, балдарга? Азыр көчөгө ээн-эркин чыгып, эч нерседен коркпой калдыңарбы?

- Ушунчалык дендароо болгон экенбиз. Ок атышуу токтоп, маалелер ачылып, көчөлөр тазалана баштаганда да 15-20 күндөй үйүбүзгө бара албай койдук. Черемушки аябай коркунучтуу жердей эле көрүнүп туруп алды.

Улуу балам ал окуялардан кийин бир жарым жылдай жалгыз өзү көчөгө чыккандан коркуп жүрдү. Экинчи жылы гана өз алдынча чыга баштады. Азыр эми, кудайга шүгүр, андай эмес. Ар кандай кооптуу маалыматтар тараганда эле чочулай түшөбүз. Бүгүн да милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп атат дешкенинен балдарымды үйдөн чыгарган эмесмин.

Азыр бир тааныш өзбек келин телефон чалып, балдары менен паркта сейилдеп жүргөнүн айтса, "каап, бекер эле балдарды үйдө калтырган экемин" деп ойлоп койдум. Кантели эми, беш жылда жарааттын тагы толук айыгып кетпейт экен.

Бизди аман-эсен куткарып калган кыргыз досума кийин рахмат айтсам, "рахмат айтпай эле кой, биз баарыбыз адамбыз, бири-бирибизге жардам берүүгө милдеттүүбүз" деген жакшы сөздөрү эсимде калды.

"Кыйын күндө жакшы адамдар кол сунушту"

Ош шаарынын Черемушки кичирайонунун тургуну Хайрулла Жалаловду кыргыз досу сактап калган. Ал жүрөк титиреткен ошол күндөр тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

- Беш жыл мурунку каргашада үй-жайыңыз күйүп кеткен экен. Өзүңүз жана жакындарыңыз каерде жан сактадыңыздар?

- 2010-жылкы согушта үйүм да, машинем да күйүп кеткен. Бир дубал ары жашаган кошунам бар, аты-жөнү Кубат Мадаминов. Улуту кыргыз. Анын кызы менен менин кызым жакын курбу. 11-июнь күнү ал мага келип, “Кызым төрөдү, төрөтканага чогуу барып келели”, - деди. Бул кубанычтуу кабар ошол каргашалуу күндөргө туш келип калганын көрбөйсүзбү.

Кубат менин үй-бүлөмдөн кабар алып туруптур. Биздин үйгө да бир топ кишилер бастырып кирген экен. Жакындарымды ошол досум сактап калыптыр.

Кечинде Кубат, мен жана анын жубайы болуп төрөтканага бардык. Кайра келатсак, бир топ адамдар жолубузду тосуп, мени ур-токмокко ала баштады. Кубат досум арача түшүп, мени куткарганга аракет кылды. Алар көпчүлүк болгону үчүн мени бир топ эле сабап коюшту.

“Сага бул ким болот?” деп Кубатты да суракка алышты. Алардын колунан эптеп чыгып, кургак учукту дарылаган ооруканага качып бардым. Босогону аттап эле эс-учумду жоготупмун. Ошол жерде мага медициналык жардам көрсөтүштү. Бир жума дарыландым. Үйгө чыгып барсам, Кубат менин үй-бүлөмдөн кабар алып туруптур. Биздин үйгө да бир топ кишилер бастырып кирген экен. Жакындарымды ошол досум сактап калыптыр.

- Сиз ооруканага кеткенде досуңуз каерде калды эле?

- Ал мени кетирип, жолду торогон жигиттер менен калган. Аларды жолго салып, үйүмө барыптыр. Меникине барган учурда дагы бир топ адамдар биздин үйгө бастырып келген экен. Жубайымды, балдарымды алардан жашырып, сактап калыптыр. Согуш болгон учурда көп эле адамдар ушинтип бири-бирин коргогон.​

- Үй-бүлөңүз Кубат акенин үйүндө болгон учурда сиз ооруканада досуңузга ишенип жаттыңызбы?

- Мен ооруканада жатканда бул жакта эмне болгонун билген эмесмин. Баса, мен кургак учукту дарылаган ооруканада жаткан учурда ал жердеги бир дарыгер да ондогон өзбектерди коргоп калган. Жинденген жигиттер ооруканага чейин келген болчу, “өзбектер барбы?” деп. Дарыгер бизди берген эмес. Аты-жөнү эсимде жок. Башкы дарыгер эле. Ошол 2010-жылы ким башкы дарыгер болуп иштеген болсо да, башымды ийип рахмат айтам. Кире беришке столду тиреп, сырттан эч кимди киргизбей отурду. Палаталарда менден сырткары жаш балдар, кемпирлер, кыздар бар болчу. Бизди бир жумадай карады.

Чынында, жакшы адамдар көп. Ооруканада кыргыз кишилер дарыланып жаткан эле. Алар да колдон келишинче бизге жардам беришти.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG