Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Саламатсыздарбы, урматтуу калкым!

23 жыл мурда жаратканыбыз жалгап, эгемендикке жетиштик. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, дүйнө тарыхында азаттыкка жетүү үчүн курмандыкка чабылган элдер көп болгон.

Курмандык бергендери үчүн эркиндикти баалап келишкен.

Биз 19-20-кылымдарда далай курмандык бердик, ошондуктан көзү өткөн ата-бабаларыбыздын урматына көз карандысыздыгыбызды баалай билели.

Урматтуу калайык калкым!

Албетте, эгемендикти тилөө жакшы, бирок ал бир гана курулай тилек менен ишке ашып калбайт. Ал үчүн ар бирибиздин салымыбыз болушу абзел!

Өткөн иш өттү, аларды өзгөртө албайбыз. Келечек али келе элек, азыркы учур абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө кайдыгерликти жеңе алсак, келечегибиз дагы кең жана эгемен болот деген ишенимим бек!

Келиңиздер, таза барак ачалы!

Келиңиздер, бири-бирибизге ишенгенди кайра жандандыралы!

Бул ишенимден мындан аркы эркиндигибиз көз каранды.

Келиңиздер, мамлекетке болгон ишенимди кайтаралы. Ишенимдин жана ынтымактын аркасы менен социалдык-экономикалык маселелерибизди чечели.

Ааламдашуу доорунда бири-биринен көз каранды болбогон өлкө жокко эсе.

Биз кызматташкан өлкөлөр менен кандайдыр бир деңгээлде эки тараптуу көз карандылык бар. Социалдык-экономикалык абалыбызды жакшыртуу аркылуу биздин башка өлкөлөргө болгон көз карандылыгыбыз алардын бизге болгон көз карандылыгынан ар дайым аз болушу керек.

Социалдык-экономикалык маселелерди чечүү - саясий туруктуулук жана жаңы жүздөр аркылуу ишке ашмакчы.

Өлкөнүн нукура эгемендүүлүгү ал өлкөдөгү эгемендүү жарандардын көптүгү аркылуу аныкталат. Келиңиздер, ар бирибиз эгемендүүлүккө умтулалы, болгон эгемендүүлүктү чогуу сактайлы жана өнүктүрөлү!

Урматтуу калайык калкым!

Биздин чыныгы майрамыбыз али алдыда! Ар бир улут, ар бир диндин өкүлү нукура демократиялуу өлкөдө укуктары басмырланбастан мындан ары дагы жашай алмакчы.

Бүгүнкү күндө кандай гана деңгээлде болбосун, колубуздагы эгемендигибиз үчүн шүгүр кыла билели! Бул эгемендикке жете албаган өлкөлөр дагы көп.

Урматтуу калайык калкым!

Эгемендүүлүк майрамыңыздар кут болсун! Бүгүндөн тарта өзүмдөн баштайм. Сөз берем, бизге жеткен ата салтын, мурасын, ыйык сактап урпактарга жоготуусуз беремин!

Үйүңүзгө ар дайым эмгекчилдик, аракетчилдик, ынтымак, ырыскы жана береке орносун!

Азаттыгыңыз, эгемендигиңиз, көз карандысыздыгыңыз, эгемендүүлүгүңүз кут болсун!

Гүлжигит Исаков

Кыргыз Республикасынын жараны

XS
SM
MD
LG