Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Аманаттан корком


Амирбек Садиров жибирген иллюстрация
Амирбек Садиров жибирген иллюстрация

Амансыздарбы калайык калк. Сиздерди бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Баарыңыздарга бекем ден-соолук, молчулук, бактылуу ɵмүр ошондой эле бакубат жашоону Аллахтан суранам.

Мына билинбей эле баалангыс эгемендүүлүктү алганыбыздан бери чейрек кылымды артка таштай салыптырбыз. Ал убакыт аралыгында биз сабак ала турган бир топ ɵйдɵ-тɵмɵн окуяларды баштан ɵткɵрдүк. Айта кетиш керек, ошол окуяларда кыргыз калкы дүйнɵлүк коомчулук алдында ɵзүн тайманбас, эр жүрɵк, ошондой эле сɵз эркиндигинин деңгээли жогору экенин кубаттап ɵттү.

Кыргызстан акыркы жылдары кɵптɵгɵн чет ɵлкɵлɵр менен тил табышып, жогорку деңгээлдеги карым-катнашка жетишти. Кээ бир ɵлкɵлɵр менен сууп калган мамилебизди акырындык менен стабилдүү нукка сала баштадык. Ошондой эле бир топ жогорку деңгээлдеги келишимдер түзүлдү. Кɵп келишимдер ɵз ишин ийгиликтүү аткарып, өз жемишин берүүдɵ. Бул да болсо кыргыз элине болгон ишенич, бул ишеничти акташыбыз керек.

Ошол эле убакта жашырып жаап, кооз сүйлɵп, ɵзүбүздү ɵзүбүз алдабай, сɵздɵн ишке ɵтүүгɵ убакыт келгенин баарыбыз баамдап турабыз. ”Бетке айткандын заары жок” дейт. Ачык айтууга убакыт келди. Cизге жаңылык деле болбосо керек, Кыргызстан жакыр ɵлкɵлɵрдүн катарында. Дүйнɵ үчүнчү миң жылдыктын босогосун аттап олтурат. Акыркы 200 жылда дүйнɵ эбегейсиз ɵнүгүүгɵ жетишти. Илимде революциялык ачылыштар биринин артынан бири катталууда. Ошол ачылыштарда, прогрессте Кыргызстандын үлүшү барбы... Дүйнɵ эли жарыша ɵнүгүүдɵ, биз ордубуздабыз. Чындыктын чыркыраганына таарынбаңыздар. Акыйкат укол сыяктуу экен, сайганда ачышат, бирок шыпаасы бар. Азыр деле бирок талпынууга эч кеч эмес. Кудайга шүгүр, кээ бир кургак ɵлкɵлɵргɵ, жада калса ɵнүккɵн ɵлкɵлɵргɵ салыштырмалуу бизде суу мол, Менделеевдин системасындагы бардык элементтер бар. Алакандай эл эртели кеч эртеңкисине кам кɵрүүсү керек. Анткени менен кандай гана сөздөр, ойлор болбосун, мен Кыргызстанды жакынкы 50 жылда ɵнүккɵн, толук эгемен мамлекет катары калыптанышына кɵкүрɵгүмдɵ терең ишеничим бар.

Менин бир туугандарым, эгемендүүлүктүн баркын билип, бири-бирибизди алдагандан, аңдыгандан, душман болуудан, ɵзүмчүлдүктɵн эн негизгиси ушактан алыс болуп, мекен үчүн тер агыза иштɵɵгɵ чакырам. Сиздердин алдыңыздарда президенттик аманатымды кудай астында, журт астында тунук аткарууга Аллахтан жардам сурап, сиздерге кол сунам. Баарыңыздарды бирге иштешүүгɵ чакырам.

Жашасын эмгек, жашасын акыйкат! Рахмат!

Амирбек Садиров: Аманаттан корком
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00
Түз линк

Амирбек Садиров,

Кыргыз-Түрк-Манас университетинин 2-курсунун студенти

XS
SM
MD
LG