Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Урматтуу Кыргыз элим !

Мамлекетибиздин эгемендүүлүк күнүнүн 23 жылдыгы менен куттуктайм!

Албетте ушул мезгил ичинде мамлекетибиз өнүгүүнүн жолун таптыбы же жокпу өзүңөр жакшы билесиңер! Көз карандысыз, өнүккөн күчтүү мамлекетте татыктуу жашоо үчүн эки жолу революция жасадыңар! Жакшы жашоону эңсеп үмүт кылдыңар! Бирок үмүтүңөрдүн толук актала электигин мен да жон терим менен сезип турам. Одоно айтсам кечиресиңер: сасык нерсеге үйүлгөн чымындарга окшоп, кубаласаң айланчыктап кайра конгон сыңары биздин эски чиновниктер кайрадан эле бийлик бутактарына кандайдыр бир жол менен келип алышат экен. Мен да президент болгонумда силердин үмүтүңөрдү тез аранын ичинде актоо үчүн шашылып өз аракеттеримди чукул баштагам. Бирок суук тумшуктар, жасалма атактуулар, алдамчылык менен алдыга чыккандар бутуңа оролушуп, командаңда иштеп калгандыгын байкабай калат экенсиң! Ал үчүн силерден кечирим сурайм!!! Ошондуктан менин бүгүнкү кайрылуум өзгөчө жана адрестүү болмокчу!

Мен эң алгач азыркы учурда бийликте иштеп жаткан чиновниктерге, элитага же кээ бир жасалма атактууларга кайрылам:

- Тизгиниңерди чукул тартып, өз кызыкчылыгыңарды токтотуп, Кыргыз мамлекети жана улуту, эли үчүн иштөөңөрдү талап кылам.

- Байлык жыйнаганды, кашыктап элибиз жыйган акчага чалкалап, кара ЖИПтерди минип, элибиздин жонунан кайыш тилүүнү токтоткула.

- Жалпы элибиз байкап, сезип турат силердин эмне жумуш менен алек болуп жатканыңарды, ошондуктан эсиңер барында этегиңерди жаап, колуңардан келбесе менин столумдун үстүнө арызыңарды коюуңарды талап кылам.

- Жыйнаган байлыгыңарды, учурдагы бийлигиңерди сактап калуу үчүн силер мамлекетибизди, улутубузду садага чаап жиберүүгө даяр экениңерди мен да билем.

Андыктан “Күчтүү мамлекет, жоголгус улут” болуу үчүн ак ниети, жүрөгү менен иштеп бере турган кадрларга орун берүүңөрдү талап кылам, элибиз ушуну күтүүдө.

Эгер ага да макул болбосоңор мамлекетибиздин, улутубуздун келечеги үчүн силерге мыйзам чегинде чара көрүп, революция маалында шейит кеткендердин арбагына таазим кылып, керек болсо өз бийлигимди садага чабуууга да даяр экенимди силерге эскертип кетем.

Азыр элибиз, улутубуз куру сөздөргө ишенбей, чукул натыйжалуу, акыйкат реформаларды күтүп жаткандыгын акыркы жолу эскертем.

Учурда иштебеген сабатсыз башыңар менен шилекейиңерди чачыратып өнүгүү жөнүндө сүйлөп элибиздин башын эскиче айландырбай, жер планетасында дүйнөлөштүрүү саясатын буйтап өтүп, түбөлүк сакталып калуу жөнүндө терең ойлонушубуз керек!

Кемчилдикти моюнга алуу, колдон келбегенден кийин орунду бошотуп берүү мамлекетибиздин, улутубуздун келечеги үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болууда. Бул сунуштарды бардык атка минерлер май баскан көзүңөрдү чоң ачып, эске алууңарды талап кылам!!!

Күтүүлөр натыйжа бербей, үмүттөр акталбагандан кийин кадрдык революциялык курмандыктар, садага чабуулар болоорун эскертем! Бул талаптар мамлекетибиздин, улутубуздун келечеги үчүн сөз бойдон калбайт!

Экинчиден жалпы элиме, Кыргыз элиме, улутума кайрылам:

- Баарына чыдап жакшы жашоо келет деп сабыр кылып ишеним артып, үмүттөнүп турганыңар үчүн ыраазычылык билдирем.

- Бирок жакшы жашоону алып келүү бир тараптан гана болбосун билесиңер. Ошондуктан силер тараптан да чоң аракет, жардам керек!

- Кыргыз улуту, эли улуу эл экенибизди сыймыктанып эле айтып жүрө бербей жан дүйнөңөрдө да жакшы жакка карап төңкөрүш жасооңор керек!

- Ар бириңердин жан дүйнөңөр жалындап, билим, маданият, ыйман менен сугарылып, Кыргыз улутубуздун генетикасынын күчтүүлүгүн колдонуп, денеңерди, рухуңарды чыңдооңор керек.

- Сырткы күчтөрдүн, кээ бир арам тамак ички күчтөрдүн азгырыгына азгырылбаш керек! Келечегибиз болгон балдарыбыздын генетикасын туруктуу сактап, ата-энени сыйлагандай рухун өстүрүшүңөр керек.

- “Улутту кырып геноцид кылганга караганда улутту саясатташтырып бузуу” чоң кылмыш экенин ар бириңер сезип, азгырылбай, аң сезим менен мамиле кылууңар керек!

- Мен сезип турам: жалпы коомдо жан дүйнөбүз ач болуп, жарды болуп бара жатат. Мамлекетибиздин, улутубуздун келечегин ойлогон адам калбай, өзүмчүлдөр, алдым жуттумдар ашып бара жаткандай сезилет! Бирок андай шайтан ойго алдырбашыбыз керек! Баарыбыз жапа тырмак киришишибиз керек.

- Андыктан алдыдагы шайлоолордо чыныгы татыктууларды тандап, улутубуз жана мамлекетке кызмат кыла тургандарды акыйкат тандап берүүңөр керек! Бул өтө зарыл!

- Ар бириңердин үйүңөрдө бүтүн наныңар, кийе турган кийимиңер, үстүңөрдө жылуу үйүңөр болуп, эң кымбат жерибиздин сантиметр квадратын сактаган “күчтүү мамлекет, жоголгус улут” болушубуз керек!

Ар бириңерге ден соолук, ырыскы, ачык асман, жан дүйнөңөргө ыйман, мекенчилдик каалайм.

Шайбеков Исмаилжан Дөөлөбаевич

Жергиликтүү кеңештин депутаты (президент)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG