Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Саламатсыбы, күнөстүү кыргыз жерим!

Амансызбы, кадырман кыргыз калкым!

Мен 64 жаштагы пенсионер апаңармын. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калкыма кайрылууну чечтим. Ар бир адам бирдей төрөлүп, жарык дүйнөгө жылаңач таптаза келет. Бирок айрымдарынын бара-бара аруу сезимдери кирдеп өзгөрөт. Акырында пайда издеп, мансап- бийликке тез жетүүнү самап калат. Ал эми бийлик-мансапка тез жетүүнүн бирден бир жолу пара алуу жана пара берүү. Так ошондойлордун айынан кыргыз эли өнүкпөй жатат. Коррупция мите курттай бийликтин үч бутагынан баштап, бала-бакча, мектеп, окуу жайлар, бейтапканага чейин өзүнүн мителерин чачып келе жатат. Ал мителер чоңойгондон чоңоюп, элдин канын сорууда. Ар бирин бирден айтпаса деле түшүнүктүү.

Бирок ошолордун ичинен келечек муунду өстүрүп келе жаткан таалимгерлер, мугалимдерге кайрылам. Силердин эмгегиңер опол тоодой. Ошентсе да силердин араңарда эл бузарлар бар. Алар студенттерден пара алышат. Ошол акчаны өзүңдүн ак эмгегиң менен да тапсаң болот, же ошол акча өмүрдүн негизги миссиябы? Эгерде келечекте эмгегиңдин үзүрүн көрөм десең, пара албай так иште. Бирок келечек муунда да күнөө бар. Айрымдарыңар берген билимди оң албастан, дипломду сатып алам деп, сайрандап шапар тээп жүрөсүңөр. Силерге айтаарым жакшы окугула.

Кара жемсөөлөр адашкан адамдар.

“Эки дөөнүн ортосунда чымын өлөт” деген сыяктуу, Американын көңүлүн алсаң, Орусия таарынат. Мунун баары карызга белчебизден баткандыктан. Кыргыз элим, карызды жоюга аракет кылуу керек.

Жылда чек арадан бирден чек арачы набыт кетет. Бул да биздин күнөө. Намысыбыз төмөндөдү. Азыркы учурда ар бир ата-эне баласын армияга жөнөтүүдөн коркот. Аларды түшүнсө болот, анткени армиядан уулун жөн кызмат өтөтпөстөн, зордук- зомбулук көрсөтөт. Келечек муун бириң-бириңди кордобо.

Эми эгемендүү күнүңөр менен куттуктайм. Паракорлор оңолсун. Жаратканым бизди айдан аман, жылдан эсен кылсын.

Сония Сатиндиева

XS
SM
MD
LG