Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Урматтуу кыргыз калкым, Эгемен күнүң менен куттуктайм! Өркүндөп- өсүүнүн жолу - эркиндик колубузда. Бирок ошол жолду курутуудан сак болуу абзел. Башка өнүккөн мамлекетти үлгү катары көрсөтүп суктанып отурбастан, биз кыргыз калкы аӊ-сезимибизди өнүктүрүп, өзгөртүп, анын туу чокусуна жетүү менен алдыга жылабыз. Бизде патриоттуулук жоголуп бараткандай. Жөн гана курулай шаӊдануу менен жашап жаткандайбыз. Ата Мекен, эл-жерди курулай сөз менен эмес, эмгегиӊ менен сүйө бил, мекендешим.

Сыртынан жөнөкөй болгону менен түбү тереӊ чырмалышкан маселелер бар: 1) Мектеп маселеси. Айталы, окуучулар арасындагы зордук-зомбулук, салык салуу, эксплуатациялоо. 2) Армия маселеси. Армияда кызматын өтөп жаткан жаш уландар бирин-бирин коркутуп- үркүтүп, уруп-сабоо көбөйүүдө. Муну угуп туруп аларда кайдагы патриоттук сезим. 3) Алкоголизм маселеси. Бул да чоӊ көйгөй. Ошондуктан аракты, аны менен кошо тамекини тып-тыйпыл кылып жоюп жиберүү.

Алгач биз чачыранды болбой биригишибиз абзел. Депутаттардын айлык -маянасын кескин тɣрдө азайтып, мугалимдерге кошуп берүү. Эгерде бир депутат бир жуманын ичинде бир маселени чечпесе, аны жумуштан алуу. Билимдүү жаштарга жардам, көмөк көрсөтүү.

Мен бардыгын тез арада өзгөртɣп, өнүктүрө алам деп сөз бербейм. биз чогуу иш алпарып, маселелерди чечебиз. Кыргыз жерим, элим бейкуттукта бактылуу өмүр сɣрөт деп ишенем.

XS
SM
MD
LG