Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Кимдин баласысың?


(Cүрөт видеодон алынды жана макалага эч тиешеси жок)
(Cүрөт видеодон алынды жана макалага эч тиешеси жок)

Кайсы бир мектепте 2-класстын окуучуларына мугалими:

- Кана балдар, айткылачы кимиңер жети атаңарды билесиңер? – деп суроо салат.

Билгендердин баары колдорун көтөрөт. Жети атасын санап айтып бергендер арбын экен. Унчукпай отургандар да бар. Ошолордун бирине:

- Айнагүл, сен эмне унчукпайсың? Жети атаңды айтчы, – деп окуткан эжейи ага кайрылат.

- Мм-мм... Мадылбек, Ээ-э... Эшмат, Аа-а... Асанбек... – деп окуучу кыз ылдый карайт.

- Болдубу? – дейт мугалим.

- Ооба... – дейт Айнагүл мукактанып.

- Калганын билбейсиңби?

- Болгону ушул... Менин... апам... үч эле күйөөгө чыккан.

Мына ушундай нукура кыргызча орой тамаша бүгүнкү турмуштан алынган. Арга жок күлөсүң да, ыйлагың да келет... Мына ушундай кейиштүү көрүнүш жыл өткөн сайын күчөп баратат.

Жакында сыналгыдан Кыргызстанда азыр ар бир алтынчы нике ажырашып тынарын уктум. Аталары тирүү туруп “жетим” жүргөн балдар мына ушулардан чыгат, туулбай жатып атасыз калгандар, күнөөсүз күнөөлүүлөр, чүрпөлөр, наристелер... Алардын тагдыры кимдин колунда?

Картайганда балдарынын жыргалчылыгын көрөм деген чоң ата, чоң энелер небере-жээндерин багып, түйшүккө белчеден батып үйдө отурушат. Демек элибиздеги “Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың” деген сөз бекер айтылбаптыр да. Чоң ата, чоң энелери жоктор балдарын мектеп-интернатка, “Себатка” өткөрүп салып, чет жерде жүрүшөт.

Алыста жүргөн көптөгөн кыз-келиндер энелик милдеттерин кантип аткарат? Тарбиянын 70-80 пайызы энеден эмеспи. Ата сөрөйлөрдүн канчалары качып алимент төлөбөй жүрүшөт. Же атадан жок, же ападан жок балдар “томолой жетим” болушууда. Келечекте алар кандай адам болушат? Жети атасын эмес, атасынын ысмын оозуна алгысы келбеген балдар бар.

Анысына карабай кээ бир адамдар жолуккан сайын билерман болуп “кимдин баласысың?” деп такып сурай беришет. Бала ылдый карап “апамдын баласымын” деп жооп берсе, “ а-аа... ата-энең ажырашып кетти беле, эмне болуп?” деп жарасын андан ары чукушат. Мектепке барса аталуу балдар аларды андан бетер мазактап күлүшөт, шылдыңдашат, катарларына кошпой кодулашат.

Анан биз “тарбиясыз, агрессивдүү, ачуулуу, псих, чөнтөкчү, маңбаш, ууру, кекчил, айбан, коркок, өз жанын кыйган, талмасы бар ж.б.у.с. өспүрүмдөр кайдан чыгат...?” деп аңкоо кишидей таң калабыз.

Мына ушуга окшогон “тирүүлөй жетим” балдар өлкөбүздө канча? Ким айталат? Бизде статистика боюнча чоң үлкөн олуттуу комитет бар. Ошондо иштегендер ушуга окшогон көйгөйлүү маселелер боюнча так маалыматтарды бералышабы?

Андан башка эки-үч аял алып расмий түрдө катталбай жашап жаткандардын балдары кандай акыбалда болушат? Материалдык жактан камсыз болушса да тарбиясы, акыл-ою, аң-сезими толук жетилээр бекен? Байбиченин балдары, токолдун балдары болуп эрегишмей башталары бышык. Биринчи аялдын балдары атасын жек көрүп, керек болсо кол көтөргөндөр да бар.

Мисалга алсак, биздин экинчи президенттин балдары атасын жексурдай көрүп калганы эмнеден келип чыкты? Албетте, апасын таштап экинчи аял алгандыгы үчүн. Кезектеги жаңжалдан соң атасы күтүлбөгөн жерден Германияга барып “бөйрөгүнө” операция жасатып, дарыланып келбедиби. Атасына эрегишкен кичүү уулу бүт кыргыз элин малга теңеп салганы жалган беле? Миллиардаган акчаны каалагандай талап-тоноду да куйругун түйгөн бойдон Лондонго кете берди. Атасы болсо качып, экинчи аялы менен Минскиде жашынып жүрөт. Кимден, элденби же баласынанбы?

Мына ушунтип калкыбыздын бир муун жаштары кароосуз өсүүдө. Алардын асты 30-35 жашка келип калды. Эми эмне кылышыбыз керек? Мындан аркы муундарыбызды томсортпой канткенде татыктуу тарбиялайбыз?

Эмесе аз да болсо өз сунуштарымды ортого салайын:

Ата-эне үй бүлөнүн баркы жөнүндө балага там-туң баскандан тартып кулагына куюп туруусу зарыл. Өзүлөрү балдарына үлгү болушу керек. Алардын көзүнчө урушуп, ушак айтпай, нускалуу жашоо керек.

Мектептерде атайын программа боюнча турмуш куруу, үй бүлө тууралуу сабак өтүлүп турсун. Окуучулар керек болсо экзамен беришсин. Жогорку окуу жайларда окутуу улантылсын.

Атайын адистер ата-энелерге лекцияларды окуп турса. Анткени азыркы кээ бир ата-энелер, жогоруда айтылгандай, турмуш курууда өзүлөрү сабатсыз. Жан Жак Руссо “Балдарды эмес, ата-энелерди тарбиялоо керек. Балдар аларды көрүп өзүлөрү тарбияланат” деп таамай айтыптыр.

Эки жаш үйлөнөр алдында алты айлык курста окуганга милдеттүү. Алардын турмуш курууга даярдыгы текшерилип, керек болсо теориялык жактан сыноодон өтүшсүн. Эгер үй бүлө курууга даяр эмес болушса мөөнөт дагы үч айга узартылсын.

Ынтымактуу жашаган үлгүлүү жубайлар мектепке жана башка жайларга барып жаштар менен тез-тез жолугуп турсун. Керек болсо аларды телерадиодон эл алдында чыгарып туруу зарыл.

Өнүккөн өлкөлөр сыяктуу нике келишимине өтүшүбүз керек. Ошондо гана жапайы салтыбыз (“ала качмай” - бул салт эмес) өзүнөн өзү жоголот. Эки-үч аял алуулар кан буугандай токтойт. Алименттен эч жакка качып кутула албайт.

Албетте, ушунун баары мыйзамга киргизилгенде гана ишке ашырылат.

Негизинен үй бүлө бекем болсо мамлекет да бекем. Анткени үй бүлө мамлекеттин түркүгү, уюткусу эмеспи.

Аваз Жусупбеков,

Талас шаары

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG