Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Келгиле, журтташтар, биригели!


Келгиле, биздин жаңыланып ишке киришип жаткан "Журтташтар" микросайтыбызда Кыргызстандагы, биз жашаган жерлердеги жалпыбызга кызык боло турган темаларды талкуулап, мыкты идеяларды, туруктуу өнүгүү жолундагы коомду куруу жагынан сунуштарыбызды айтабыз.

Илгери, 1950-60-жылдары биздин радионун берүүлөрү алыскы Мюнхенден: "Азаттык радиосу - сиздердин чет жактардагы журтташтарыңыздардын үнү" деген сөздөр менен башталчу экен. Андан бери заман да, эл да таанылгыс болуп өзгөрдү.

Ошол кездеги салтты улай, биз дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп жаткан жердештерге арналган апталык рубрикабызды "Журтташтар" деп атап алганбыз. Убакыт өткөн сайын журтташтардын жашоо-турмушуна аптасына бир жолу кайрылган аз экени айкын болуп, улам арылаган сайын андай берүүлөргө көбүрөөк орун берилип келатат. Чет жактардагы мекендештер Кыргызстандагы окуялар, көрүнүштөр тууралуу гана ой-пикирин билдирбестен, өздөрү жашаган жердин каада-салтын, үйрөнө турган үлгүлүү жактары, элибизге пайдасы тие турган сабагын айтууга абдан куштар экенин байкадык.

Биздин интернет барагыбызга баш баккан окурмандардын жарымынан көбүрөөгү кыргызстандыктар болсо, калган жарымы Орусия, Казакстан, АКШ, Украина, Корея, Түркия, Өзбекстан, Германия, Кытай жана башка жактардан кирет экен. 100дөн ашуун өлкөгө чачыраган окурмандарыбыздын эң азы - бештен окурманыбыз Чили, Македония, Перу жана Алжирде катталыптыр. Башкача айтканда, окурмандарыбыз дүйнөнүн чар тарабында жашап, иштеп жатышат. Алардын баарын бириктирген тема - Кыргызстандагы жана анын тегерегиндеги окуялар. Канткенде биз баарылап кыргыз коомуна прогрессивдүү идеяларды, өнүгүү жолуна түшүүнүн өрнөктүү усулдарын жайылта алабыз, канткенде мамлекеттин азыркы өткөөл тарыхын жаратууга тагдырдын буйругу менен алыс жактарда жашап калган журтташтарды да катыштыра алабыз?

Келгиле, биздин жаңыланып ишке киришип жаткан "Журтташтар" миросайтыбызда Кыргызстандагы, биз жашаган жерлердеги жалпыбызга кызык боло турган темаларды талкуулап, мыкты идеяларды, туруктуу өнүгүү жолундагы коомду куруу жагынан сунуштарыбызды айтабыз. Өз жашаган жерибиздеги кыргыз коомчулугунун, жамаатынын жашоо-турмушундагы жаңылыктар, проблемаларды бөлүшүп, журтташтардын ар кайсы тарапта жашаганына карабастан бөлүнүп-чачылбай, бирдиктүү коом, журт катары калыптануусуна салым кошобуз.

Жашоо-турмушка, келечекке кайдыгер эмес окурмандарыбыздын баарын атайын микросайтыбыздагы талкууларга кызуу катышып, үн кошууга, аңгеме-баян жазып, чет жактардагы журтташтардын ой-санаасын, аруу тилектерин жалпы коомчулукка жеткирүүгө чакырабыз, үндөйбүз! Сиздерге арналган сайтыбыз сиздердин салымыңыздар, күчүңүздөр менен чогуу жасалат.

"Журтташтар" сайтына жума сайын жаш болсо да интернеттеги социалдык тармактар аркылуу көпчүлүккө таанылып калган кабарчыларыбыз кезеги менен модераторлук кылышат. Баарыбызга ийгилик, узак сапарга аттанаар алдында "жолубуз шыдыр, жолдошубуз кыдыр болушун" каалай кетели!

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG