Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Президенттин партиясы кандай иштеди?


КСДП партиясынын шайлоо өнөктүгү, 2010-жылдын октябрь айы.
КСДП партиясынын шайлоо өнөктүгү, 2010-жылдын октябрь айы.

Парламенттеги Кыргызстан социал-демократтар партиясын президенттин партиясы деп атоого толук негиз бар. Мамлекет башчы Башмыйзамга ылайык өзү түптөгөн партиянын мүчөлүгүнөн чыкканы менен иш жүзүндө фракция азыр толук ага көз каранды. Анткен менен бийлигин бир топ бекемдеп алган КСДП эмки парламенттик шайлоодо сөзсүз көп мандат алаарына ишенген саясатчы-ишкерлер бул партиянын катарына кошулууга азыртан жан үрөп жүрүшөт. Бирок убада деген убада, бул партиянын 2010-жылы элге берген айрым убадаларын бир сыйра эстеп койсок.

“Бийлик бир колго...”

Партиянын шайлоо алдындагы программасынан үзүндү келтирели: “Акыркы жылдары бийликти бир колго топтоо күчөгөн, президент жана анын аппараты бийликтин бардык органдарын өзүнө баш ийдирип, жадагалса парламент башкалардын көрсөтмөсүн аткарып, куралга айланган. Биздин партия мындайга жол бербөө үчүн жаңы саясий системаны, парламенттик-президенттик башкарууну колдоду.”

Бирок азыр иш жүзүндө парламенттик системаны кабыл алган өлкөдө парламент алсызданып, күчтүү президенттик башкаруу орноп бараткандай таасир калды. 25 мандат алып парламентке келген КСДП фракциясы азыр болгону президентке жөлөк-таяк болуп берип иш алып барууда, анын айткан-дегенин аткарып, сунуштаган адамын өкмөткө алып келип, өлкө башчысынын демилгесин элге жеткирүү, түшүндүрүү менен гана алек. Президентке толук көз каранды. Демек көрсөтмөнү гана аткарган парламенттин имиджин оңдойбуз деген КСДП тескерисинче бийликти бир колго топтоп берген, жетекчинин айтканын гана аткарган, өтө жумшак фракция болуп чыга келди.

Депутат Исмаил Исаковдон башка бул фракциянын бир да депутаты президент колдогон кайсы бир маселеге ачык каршы чыгуудан жалтанышат. Маселен, “Кумтөр” боюнча президент эмне десе депутаттары ошону колдошот, Бажы биримдиги боюнча да элдин каршылыгы, түйшөлүүсү көп болгону менен КСДП депуттары такыр үн катышкан жок.

Ошол эле убакта КСДП парламенттик башкаруунун жакшы жактарын да кыянатчылык менен пайдалангандай таасир калтырат. Шаар, район, керек болсо айыл өкмөттөргө чейин тажрыйбасы жок, жөндөмсүз болсо да өз партиясынын өкүлдөрүн жетекчилик кызматтарга дайындаганы да элдин нааразылыгын жаратып келатат. Профессионал кадрларды саясий көз карашы үчүн өгөйлөгөн саясат жакшы натыйжа бербей турганын буга чейин бир нече саясат талдоочулар да эскерткен.

“Сот реформа болот...”

Бул партия өлкөдөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгон сот реформасын ишке ашырууну убада кылган. Натыйжада ал реформа да толук ишке ашпай, башталган иш аягына чыкпай, сот реформасы ара жолдо калды. Элдин сотко болгон ишеними такыр жогорулаган жок. Азыркы чакырылыштын мөөнөтү аяктап баратканына карабай КСДП депутаттары сот реформасын ишке ашырууга далалат жасаганы деле байкалбайт. Демек, бул убада да аткарылган жок.

“Милицияны оңдойбуз...”

КСДП эгерде парламенттик шайлоодо утсак күчтүү жана заманбап милиция системасын түзөбүз дешкен. Кана ошол убада? Тескерисинче жарандык коомдун милицияны реформалоо боюнча программасына кызыгып да коюшпады. КСДП фракциясынын кайсы депутаты парламент трибунасынан милицияны реформалоо тууралуу сөз козгогонун уккандар барбы? Азыр милициянын иши коомчулукту канааттандырбайт. Эл аралык институттун сурамжылоосу боюнча кыргыз коомунун 15% гана милицияга ишенет. Ушул эле КСДПнын бир нече депутаты милиция реформасын ийгиликтүү ишке ашырган, 80% кадрларды жаңылаган Эстония менен Грузияга бир нече ирет барып келишти. Бирок биздеги реформадан дайын жок го? Жок дегенде четке чыккан жол кире менен жатакана акысын актасаңар болмок. Бул убада да ишке ашпады.

КСДП сөз эркиндигин катуу коргоого алып, ачык-айкындыкты орнотобуз деген. Чынында Бакиев убагындагыдай журналисттерге аёосуз мамиле азыр жок, бирок мамлекеттик телеканал, радио, гезиттер дале болсо бийликти сындаган тарапка орун бербей келишет. Ошол эле убакта бийлик бир беткей мактоого алынат.

Бул фракциянын депутаттарынын 80% кайсы бир олуттуу маселе тууралуу журналисттердин ачык талкууларына келүүдөн качышат. Эмне үчүн элдин салыгынан жашаган депутат элди кызыктырган маселе тууралуу сүйлөшүүдөн качышы керек?

Айтор, 2010-жылдан кийин КСДП фракциясы такыр оппозицияда калган жок, төрт жылдан бери башкаруучу коалициянын курамында болуп, керек болсо аны курап, өкмөттү түздү. Өлкөдө жарытылуу, эл күткөн реформаларды жасаганга толук мүмкүнчүлүк болду, ар кайсы шылтоону айтууга такыр негиз жок. Бирок реформадан такыр дайын жок. Убадаларга, убакытка ким жооп берет?

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG