Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Келгин куштардын ыйы


Рысбек Абдылдаев жазуучу Чыңгыз Айтматов менен.
Рысбек Абдылдаев жазуучу Чыңгыз Айтматов менен.

Ысык-Көл болбосо Чыңгыз агайдын чыгармалары терең, таасирдүү чыгат беле...

Азыркыдай кычыраган кышкы суукта Чыңгыз Айтматов агай менен бир айга жакын чогуу болуп калдым. Адегенде Ысык-Көлдүн жээгинде автордун бир канча чыгармалары жазылган эс алуу үйүндө болдук.

Ысык-Көл. Ала Тоонун айнеги. Мухтар Ауэзов, Алыкул Осмонов баштаган белгилүү инсандардын жүрөгүн багынткан касиеттүү көл жээги.

Мына ушул жерден Чыңгыз агайдын чыгармалары, алардын кайсы жерде, кайсы мезгилде жазылганын өз оозунан уктум. Баарынан да мага “Келгин куштардын ыйы” аттуу чакан чыгармасы, ага эмнеге ушундай ат койгону кызык эле. Көрсө, анын жазылышы деле оңойго турбаптыр. Автор алгачкы вариантты жактырбай, бир топ түйшүк тарткан экен. Мына ошондон кийин гана көл жээгиндеги келгин куштар менен жазуучунун күтүлбөгөн кездешүүсү ушундай керемет чыгармага айланат.

Ушундан улам ой келет: эгер кыргыздын керемет табияты, Ысык-Көлү болбосо Чыңгыз агайдын чыгармалары терең, таасирдүү чыгат беле...

Чыңгыз агай күндө таңында туруп көл жээктей басат. “Бир сааттан ашырдым” деп айтып келет. Эртең мененки тамакка отурабыз, негизинен колго жасалган быштак, өрүктүн кагы, бир аз жаңгак… Көк чай ичебиз, адатыбызча бир топко чейин маектешебиз. Менин өмүр жолумду сураштырат, улуу жазуучуну абдан кызыктырганы кесибимдеги окуялар болду.

"Эмгек жолумду алыстан, Москва шаарынан баштадым. Абдан татаал кесипти тандап алган экем. Мен адеп дарылаган бейтап ак кан (лейкоз) дарты өтүшүп кеткенинен тез эле кайтыш болду, ошондо абдан кайгыргам. Алгачкы окутуучум турмуштун ачуу-таттуусун көргөн, оюн бетке айткан, улгайып калган догдур эле. Менин акыбалымды карап туруп “Сен анчалык капаланбай чыда, алдыда мындай сыноонун далайы күтүп турат. Катуу тийсе же туура эмес айтсам кечирип кой. Бирок биздин кесиптин жазылбаган бир мыйзамы бар. Кесиптик жолдун кайгы, жоготуу менен башталганы - бул сенин келечекте жакшы адис болоруңдун, ийгиликтерге жетериңдин белгиси…” деген эле.

Балким тажрыйбалуу окутуучум мени ушинтип чыйралткысы, колдоо көргөзгүсү келгендир. Бирок мен анын бул кеңешин жактырган жокмун жана бул “мыйзам” тууралуу бир да жолу жаш адистерге айтпадым.

Көбүнчө жаштар чалдыга турган, ошол кезде такыр айыккыс саналган бул дарттын азабын, андан жабыркаган тагдырлар тууралуу Чыңгыз агайга кеп салып берем. Бир аздан кийин бөлмөлөрүбүзгө кетебиз. Бир маалда "басып келели" деп көл жээгине чакырып алат, кайрадан суроолорун улантат. Дайыма маегибиз токтогон жерден башталат, кээ бир окуяларды кайрадан тактап сурайт. Ошол маалда биздин маегибиз жазуучунун калемине жазылып аткандай сезилчү.

"Сиз кайсы чыгарманын үстүндө иштеп жатасыз?” деп сурап калдым бир ирет. "Чоң, көлөмдүү чыгарманын. Негизги каарманым - өмүр бою мектепте иштеген мугалим, үч доорду башынан өткөргөн кыргыз аялынын тагдыры. Айылдык мугалимдин басып өткөн өмүр жолун баяндайм, Улуу Ата Мекендик согуш, андан кийинки турмуш жана азыркы замандагы кыйынчылыктар да айтылат. Бир каармандын өмүр жолу менен биздин заманыбыздагы негизги окуяларга токтолсом, мезгилге ойлорумду, сындарымды тактап берсем деген максатым бар” деди.

Кышында күн кыска эмеспи, бат эле кеч кирет. Чыңгыз агай менен кечки тамакка чогуу барабыз. Бул жердин ашпозчулары тамакты мыкты даярдашат, айрыкча балыгы даамдуу.

Кайрадан маектешебиз. Мени Чыңгыз агайдын өз башынан өткөргөн күндөрү, чыгармачыл тарыхы кызыктырат. Кандай кызыктуу, окуяларга бай жашоо - жазуучу, коомдук ишмер, дипломат, улуттун жана мамлекеттин сыймыгы… Турмушту, мезгилди, тагдырды терең чагылдырган чыгармалардын автору бир топ мамлекеттерде китептеринин басылып чыгарылышы боюнча алдыңкы орундарды ээлеген.

Чыңгыз агай кыргызды ааламга таанытты. Жеке жашоосундагы турмуш сырларычы, аларга болгон таза жана бийик мамилесичи? Биздин маегибизде Чыңгыз агай досу, белгилүү акын Расул Гамзатов тууралуу аңгемелерин көбүрөөк ортого салат. Ооба, Расул Гамзатов ойчул акын, философ болгон. Ошону менен бирге Гамзатов абдан кызык инсан, ырларын да өзгөчө окуйт эле.

Менин биринчи илимий жетекчим белгилүү окумуштуу, энциклопедиялык билими бар, жети тилде эркин сүйлөгөн профессор, мыкты адис эле. “Силердин Чыңгыз Айтматовуңар орусча өзү жазабы же кыргызча жазып, кийин чыгармасын котортобу? Орусча жазат дейсиң, укмуш, маанилүү сөздөрдү колдонот, терең ойлорду чагылдырат. Анын баарын кантип табат, абдан табышмактуу!” деп таң калаар эле.

Бир кездери Чыңгыз агай менен кошуна жашаган дагы бир академик-окумуштуу, белгилүү мамлекеттик ишмер “Айтматов кандай улуу адам! Мен Чыңгыз кошунамдын атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева менен түбөлүк коштошконуна күбө болгом. Бөлмөсү толтура роза гүлдөрү, күнү-түнү кыймылдабай, жалгыз, үн катпай отурган Айтматов. Сүйүүнүн башкаларга угулбаган арман ыйы!” деп айткан.

Балким Чыңгыз агайыбызга келгин куштардын ыйы алгач ошол маалда угулганбы, бул мага түбөлүк табышмак бойдон кала берди.

“Сиз көп элди, мамлекеттерди көрдүңүз. Айтыңызчы, биздей, кыргыздардай бөлүнгөн башка улут, эл барбы? Балким бизден ашып кеткен” десем, “Жок, дүйнөдө бөлүнгөн жагынан алдыга эч кимди салбайбыз. Алыста, бизден бир топ артта казактар келатат талаасын чаңдатып” деп койду.

“Жашоодо эң негизги бир түбөлүк суроо болобу, барбы?” дедим кызыгып. “Бар. Жалгыз түбөлүк суроо: мындан аркысы, эртеңкиси кандай болот?” деген жооп алдым…

Кагазга түшпөй калган Чыңгыз агайдын кызыктуу окуялары, терең ойлору, айтылбай кеткен маалыматтары дале эсимде. “Карачы бул булутту, кандай кооз! Сүрдүү, келбеттүү адамдын элесине окшош экен” деп менин көңүлүмдү көл үстүндөгү түрмөк булуттарга бурду.

Көрсө чыгармачыл адамдар табиятты бизден башкача көрөт турбайбы. Дароо оюма акын Омор Султановдун сөзүнө жазылган Асанкалый Керимбаевдин ыры келди. Омор агай айылына Асанкалый ырчыны ээрчитип барып, көл жээгине отуруп “Ырдачы Асаке, ак булуттарды!” дегенин эстедим. Бул ырды угуп жатып Омор агабыз өксүп ыйлаган экен, Асaнкалый агабыз да бугу чыксын дегенсип сооротпой тим коюптур.

Касиеттүү көл жээги, асмандагы ак булуттар - келгин куштардын мекени, чыгармачыл адамдарга дем берген, сүрдөгөн, ойлорун козгогон, дайыма сагындырган биздин Ала Тообуз, дүйнөдө жок кооз жаратылышыбыз! Эсиме ташкенттик академик досумдун айткандары кылт дей түштү. “Силер, кыргыздар кандай бактылуусуңар! Силердин Чыңгыз Айтматовуңар бар, силердин Ысык-Көлүңөр бар!”.

Бишкекке көлдү айланып кетмей болдук, кышкы узак жолдо ар кандай ойлорду ортого салабыз. Чыңгыз агай менден Ысык-Көл - Алматы тоо жолун сурап калды кандай ойдосуң деп. Мен бул жолдун келечеги жок деген оюмду ачык билдирип, ал жолдун ээсине жаман көрүнүп алганымды айттым. Жай саратанда бул жолдон өтө албай койгондон кийин ал куру амбициянын бири экенин түшүнгөм. Көл башында Каркыра жайлоосуна кеткен ача жолдо дагы бир чыгарма, агайыбыздын “Ак Кемеси” жаралган Чоң-Бет капчыгайындагы Момун аксакалдын эскирип бараткан үйүн эстедим. Мен ал ыйык жерге бир канча чет элдик кесиптештеримди атайын ээрчитип баргам, мына ушул жерде Чыңгыз Айтматов кыргыздын бугу уруусунун илгерки тарыхын уккан жана кийин бардыгынар мактаган “Ак кеме” чыгармасын жазган деп тааныштырам. Момун аксакалдын жыгачтан, карагайдан жасалган үйү дагы эле турат. Момун аксакалдын жалгыз бой уулу ошол үйдө жашачу эле, эч кимге буздурбай.

"Бугу уруусунун элибиздин белгилүү ойчулу, акыны жана акылманы - атактуу Арстанбек Буйлаш уулу атабыз ушул Саруу, Дархан айылдарына жакын жерге коюлган эле” деп кеп салдым. Чыңгыз агайга алыскы Лейлектин кызы, Буурчак чоң энем тууралуу айтып бердим. "Чоң атабыз каза болгондо улуу байбиченин, алардын балдарынын кордугуна чыдабай Буурчак чоң энем кичинекей беш эркек баласын ээрчитип алып төркүнгө кайтып барган. Ошол балдары чоңоюп, эрдикке жарап калганда бир туугандарынын кеңеши менен Лейлектен тескей Ысык-Көлгө, балдарынын ата бабалары байырлаган жерге кайра кайткан экен. Азыр Лейлекте, ошол биздин чоң энебиздин мекенинде Беш Бала аттуу айыл бар" дедим.

Жолдо келатып Барскоон айылындагы акыркы окуяларды кеп кылдык. Цианид менен уулануу кокустугун биринчи болуп каргашалуу окуядан бир жыл мурда айта салып бийликтин опузасына кабылганымды уккан агай “Алтын бар жерде, дайыма чатак бар. Алтындын бир аз эле адамга пайдасы тиет, жалпы калкка негизинен пайда алып келбеген нерсе. Мунайдын жөнү башка, ал негизинен бардык калктын, мамлекеттин өнүгүшүнө себеп болот. Кара майды банкка катып болбойт, өзү баткактай болгону менен жалтыраган алтындан бир топ пайдалуу” деген оюн айтты.

“Сизге Ысык-Көлдүн абдан кооз жерин көрсөтөйүн” десем, макул болуп “Мен мурда көрбөгөн ошондой жер бар бекен?” деп сынап койду. Мен ал жерди бала чагымдан бери билчүмүн жана ар дайым токтоп өтчү адатым бар. Чыңгыз агай ал кереметтүү көл жээгине таң кала, суктанып карады. “Сен накта көлдүк экенсиң, бул керемет сулуулукту мурда мага эч ким көрсөткөн эмес” деди. Эстеликке сүрөткө да түшүп койдук. Ошол көл жээги, ошол убакыт ыйык тумардай болуп жадымда калды.

Бишкекке келсек, Чыңгыз агайга европалык бир элчи кезиксем деп суранып атыптыр. “Эртең мени менен чогуу барчы, тамырын тартып көрөлү эмне кеп айтат экен. Мындай кездешүүгө дайыма баруу керек, себеби ушулар, элчиликтер биздин мамлекет жана калкыбыз тууралуу маалыматтарды башкаларга таратышат” деп калды. Болжолдошкон убакытта элчиликтин имаратында болдук, бардыгы Чыңгыз агайды тизилип күтүп турушуптур. Кездешүүгө катышкан элчиликтин кызматкерлери ыраазылык билгизип, бул кездешүү эстен кеткис окуя экенин сыймыктанып айтып жатышты. Адабият жана эл аралык маселелерге, арасында биздин мамлекетке жана элибизге болгон ойлорун ортого салышты. Чыңгыз агай экөөбүз кез-кезде кыргызча маектешебиз, биздин эне тилибиздеги маегибизге котормочу жок экен. Алар орус тилдеги котормочусун жалдырап карашат, кайра биздин сөзүбүзгө түшүнбөй бушайман. “Бизге, кыргыздарга маселени, мамилелерди башкача койгула. Эгемендик алганыбызга бир аз эле убакыт болду. Силер биздей жаш мамлекет кезиңерде бир топ эле жапайы болчусунар. Атка жайдак минип алып бири-бириңер жана башка элдер менен кырылышып жатчусуңар. Биздин мамлекет силердин жашка жеткенде укмуштуудай ийгиликтерди багынтат. Демократияны айтып жатам” деп орусча сүйлөп, мага болсо кыргызча “буларды бир аз ойлонтолу” деп кошумчалап койду.

Бишкектен Таразга жол тарттык, ал жерде казактын облус жетекчиси, акими сүйүнүп тосуп алды. Чет элдик коноктор токтогон мейманканасына жайгаштык, кечкурун бөлмөгө келсем ички телефон менен орус тилдүү кыздын коңгуроосу жадатып жиберди. “Жалгыздыктан кыйналдым” деп жадата беришкенинен, телефонду сууруп салып тынчып калдым. Эртең мененки тамакта Чыңгыз агай “Кандай эс алдың, телефонуң иштейт бекен?” деп сурады. “Ооба, иштейт экен. Сууруп салып тынч эс алдым” десем күлүп койду. Ичимден “Сизге да телефон чалышкан турбайбы, болбосо мени сынабайт элеңиз” деп ойлодум. Замандын өзгөргөнүн караңызчы, кимдин тынчын алганын билбесе керек бечаралар, улуу жазуучунун чыгармасын окубаган жаштар пайда болгонбу?

Эртеси Таласта болдук, “Биздин айылга бара кетели. Болбосо туугандарым мындан кийин киргизбей койбосун” деп тамашалап калды. Чыңгыз агай кээ бир чыгармаларынын аягында Шекер айылы деп жазган. Демек, кыргыздын бул алыскы айылы дагы ааламга аты тараган жана элибиздин ыйык жерлеринин бири болуп калды. Чыңгыз агай туугандарынын суроо-талаптарын шашпай угуп, аны чечкенге убакыт сурады. Албетте, сүйүнүп, коноктоп да алышты. Алдына келген устуканын мага акырын жылдырып койду, этке анча деле кызыга берчү эмес. Тамакты ылгап жегенинен улам бул Чыңгыз агайдын өзүнө койгон, турмушта катуу сактаган негизги талаптарынын бири экенин түшүндүм.

Бишкекке кайтып келсек казактын белгилүү жазуучусу Мухтар Шаханов телефон чалып менден сурап калды “Чыке качан кайтат кызматына? Мен Алматыга өзүм коштоп барам, узатып коем андан ары”. Чыңгыз Төрөкулович эртең менен жолго чыкмак, Бишкектен ары досу Мухтар Шаханов менен Алматыга, андан ары элчилик кызматына жөнөп кетти. Бул менин Чыңгыз агайыбызды акыркы жолу көргөнүм болду. Чыңгыз Айтматов катуу ооруп калганда чет элдик кесиптештерим айыктыра албады...

"Өмүр абдан кыска, болгону эки каштын ортосундай. Жашоодо түбөлүк жалгыз нерсе - бул адамдын ойлору, сөздөрү жана эскерүүсү. Ал дайыма кала берет, атадан-балага, укумдан-тукумга өтө берет...". Бул саптар элибиздин сыймыгы Чыңгыз Айтматовго таандык. Сөздөн сөз жаралат, ойдон - ойлор. Дайыма ушундай боло берет.

Келгин куштар жаз келери менен алыскы сапарга, түндүк тарапка карай жол тартышат, балапанын чыгарып, чоңойтуп алып күздө кайра түштүккө кайтышат, бул улуу сапар түбөлүккө кала берет. Алар сапарын байыркы кылымда эле кыргыз тоолоруна, Ысык-Көлдү карай жолдоп, ушул жолду тандап алышкан.

Келгин куштар, силердин ыйыңарды уккан жана түшүнгөн адам баласы эми качан жаралаар экен, качан ал улуу инсан менен кезигээр экенсиңер?

Рысбек Абдылдаев, АКШдагы кыргыз профессору

XS
SM
MD
LG