Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40
Жакында үч жумадан ашыгыраак Кыргызстанда жүрүп келип, “жагдай кандай ал жакта?” деп сураган чет жактагы дос-тааныштарга берген жоопторду жалпылап жазгым келди.

Оптимисттер

Белгилүү советтик кинокомедиядагы “Жашоо – керемет, ал эми жакшы жашоо – андан да керемет” деген учкул сөздү башкы ураан карманган мекендештер көбөйүп баратыптыр. Саясатка жата калып кызыкпайт, көзү тешилгенче китеп-гезит окуп, компьютер тиктеп отургандан көрө өз колу менен иш жасап, үй-бүлөсүн багып, тегерегиндегилерге да пайдасын тийгизгиси келет. Баарын тизмелеп айта албасам да, бир нечесин мисалга келтире кетейин.

Классташым Элмира он жыл мурдараак жолдошу кырсыктан каза таап, үч баласы менен жалгыз калган. Ижарага чакан кафе алып, күнү-түнү бир тууган иниси менен кошо жүгүрүп иштеп жүрүп, азыр жеке менчик кафелүү болуп, тапкан акчасына көгүлтүр көл жээгине чакан мейманкана (пансион) тургузуп атыптыр. “Буюрса, эки-үч жылдан кийин биздин пансионатка келип эс аласың” деп ишендирди. Анын жанында бир нерсеге кейип-кепчип, арызданууга дитиң барбайт. Баарын өз мээнети, маңдай тери менен жасап келатат. Бардык жагынан бизден озунуп, бир баласын үйлөндүрүп, эки неберелүү болуптур.

Майдын аягы - июндун башы кымыз буркурап бышкан кез эмеспи, башкаларды туурап, тоого чыгып кымыз ичким келди. Бишкектик тааныштарымдын далайы “кымыз менен дарылоо” деген атайын жайларга барып, эс алып ден соолугун чыңап келгенин угуп жүрчүмүн. Башкалаадан анча алыс эмес тоолорго чыгып, “кымыз-санаторийине” жатайын десем, июндун башында ал жактардын көбүндө орун жок болуп чыкты. “Менчик үйгө барып жатсаңар болот, шарты жакшы деңгээлдеги жайларда орун жок, кардарлар алдын-ала жазылат” деп жооп берип жатышты телефондон. “Тоодо кымыз ичип дарылануу” жайлары жылдан жылга көбөйүп баратса да, талап андан да жогору экенин ушундан билиңиз.
Кымыз ичкени келген балдар

Кымыз ичкени келген балдар


Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына мындан бир нече жыл мурдараак жөн эле барып, суу жээгине дасторкон жайып эс алып кетчүбүз. Азыр ал жакта атайын сөөрү салып, жер төшөк, кийизинен тарта идиш-аягына чейин ижарага бере турган ишкерлер көбөйүптүр. Андайлардын биринен үч сөөрүсүн ижарага алып, дем алыш күнү жамаатыбыз менен эс алып келдик. Тай казандарды тизилте асып, отун жарып, от жагып, эки-үч жаш жигит биздин топко палоо басып, дымдама бышырып, баарын тейлеп жүрүштү. Билимдүү, шаарда жашаган жигиттер ал жерди ижарага алган эженин уулдары экен. “Тапканыңар жашоого жетип атабы?” – деп сурасам, “иштеген тиштейт, эже. Иштегенден чарчагыдай боло элекпиз азырынча”, - деп шайдоот кыймылдап жүрүп тамаша аралаш жооп узатышты.

Кегети капчыгайында курулуп жаткан туристтик комплекс

Кегети капчыгайында курулуп жаткан туристтик комплекс


Бишкектен алысыраак жайларды кыдыра кетели деп, Токмоктун түштүк ыптасындагы Кегети капчыгайына бардык. Ал жакта да тоо этегине чакан мейманкана куруп, алыскы чет өлкөлөрдөн конок тосуп тейлеп жүргөн ишкерлерге жолуктук. Айыл өкмөт башчысы шаарда жашаган ишкер жердешин ээрчитип, ири туристтик комплекс куруу планын талкуулап жүрүшүптүр. Каалаган айылдаштарын үлүшкө кошуп, жалпылап бир мыкты жай куралы деп жең түрүнүп алышкан. “Эки жылдан кийин келсеңиз, жок дегенде жарымын бүтүргөн болобуз” деп убада кылышты. Ишендим, анткени айылдаштарын ушул ишке үгүттөп жүргөн бишкектик чоң ишкер Эркин – ири курулуш компаниянын ээси, башкалаада асман тиреген имараттарды салып, бизнес жүргүзүүнүн эл аралык ыкмаларын чет жакта окуп өздөштүргөн.

Пессимисттер

Пессимисттерди жалпылап сүрөттөсөм, булар баарынан маалыматы бар, абдан акылдуу адамдар. Кайталап айткан төл сөзү: “Ак үй, көк үйдөгүлөрдүн баары ирип-чирип бүттү, аларды кетирмейинче жашоо оңолбойт”. Айткандарын угуп отурсаң, аргументтери абдан күчтүү: “мародерлук, мыйзамсыздык, кадр саясатындагы өң тааныштык, партиялардын ички-тышкы соодалашуусу, мамлекеттик иштерди жең ичинен бүтүрүү, жемкордук” тууралуу фактыларды жатка билишет.

“Акаев менен Бакиевди деле кетиргенбиз, буларды кетириш оңой эле. Жок дегенде парламентти таркатуу керек. Ага аз эле калды”, - деген сөздөрдү ишеничтүү айтса, чын эле ошондой го деп көңүлүңдө ээрчий түшөсүң. “Максат эмне? Булардын ордуна мыктылары келээрине кепилдик барбы?” деп сурасам, “Жок. Тескерисинче, булардан жаманы келиши мүмкүн. Баары бир кетириш керек” деп артка кайтчу түрү жок.

2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлгөн Башкы прокуратуранын кеңсеси

2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлгөн Башкы прокуратуранын кеңсеси


“Кетиргенден тажаган жокпузбу? Мыйзам жолуна качан түшөбүз?” деген өңдүү суроолорду жаадырып, бирок ичимден пессимисттер көбөйүп баратканына тынчсызданып кала бердим. Булар деле кедей эмес, оокат-мүлкү оптимисттерден ашса ашат, түк кемибейт.

20 жылдан бери улам бир кызмат алмаштырып, саясий көз карашын өзгөртүп, бийлик талашып, ысымдары оңду-солду сөз боло берип тамтыгы чыккан жоон топ саясатчылардан эл аябай тажаптыр. Азыркы бийлик ошондой тажатма саясатчыларды улам бир жерге дайындаганын уланта берсе, пессимисттер азыркыдан да көбөйөөрү шексиз.

Албетте, бул эки топко тең кошулбаган, өз арбайын өзү согуп, эч кимден үмүт этпей, баарына кайыл, өз жашоосун өзү башкарып жаткан мекендештер биз сөз кылгандардан алда канча көп. Булар биринчи да, экинчи да ыңкылапка (же президентти алмаштырууга) кенедей да салым кошкон эмес. Мындан ары да кошпойт. Кыргызстанга түркүк болуп, эл-журтту жок кылбай бекем кармап турган дал ушул көпчүлүк баарын жеңет деп ишенгим келет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG