Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Израилдин артынан Хамас да атышууну токтотууну жарыялады


Палестиналык үй-бүлөө Газадагы үйүнөн качып кетүүдө, 16-январь, 2009
Палестиналык үй-бүлөө Газадагы үйүнөн качып кетүүдө, 16-январь, 2009

Израилдин артынан Хамас тобу ок атышууну токтотууну чечти. Кыймыл жөөт армиясынын Газадан чыгарылышына 1 жума берди. Ишембиден жекшембиге караган түнкү саат 12ден тартып Израиль ок атышууну бир тараптуу түрдө токтоткон. Бирок Телавив аскерлер тилкеде азырынча кала берет деп жарыялаган.

Ок атышууну токтотуу жөнүндө Хамастын сүргүндөгү лидери билдирди.

- Палестинанын каршылык көрсөтүү фаркциялары Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жөнүндө жарыялайт. Биз бир жуманын ичинде душмандын тилкеден кетишин, чегарадагы өткөөлдөрдүн ачылышын, гуманитардык жүктүн жана калкка эң керектүү нерселердин алынып келишин камсыздоону талап кылабыз, - деп жарыялады Сириянын сыналгысынан сүйлөгөн Муса Абу Марзук.

Буга чейин топ ок атышууну токтотуу чечимин тааныбай турганын айтып, акыркы жөөт аскери чыгарылып кетмейинче каршылык көрсөтүүнү уланта берээрин ырастаган.

Ишембинин түнүндө Израиль өз тарабынан ок атуу токтогондугун билдирген. Жөөт өкмөтүнүн башчысы Эхуд Олмерттин ырастоосунда, Хамаска каршы операция өтөсүнө чыкты. "Кыймыл олуттуу түрдө алсырады, анын көпчүлүк мүчөлөрү жок кылынды. Хамастын ракета сакталган жайлары, Египет менен байланыштырган курал аткезчилиги үчүн колдонгон туннелдер талкаланды. Ошондой эле Телавив Хамастын кайра куралдануусун алдын алуу үчүн эл аралык колдоого ээ болду", - деди премьер.

Коргоо министри Эхуд Барак болсо буларды белгилеген:

- Кургактан жана абадан жүргүзүлгөн 21 күндүк операциянын натыйжасында негизги максатыбызга жеттик деп айта алабыз. Хамас катуу жабыркады жана кыйла алсырады. Кыймыл саясий жактан да обочодо калды.

1 миң 200дөй палестиналыктын өлүмүнө жана Газадагы гуманитардык кризиске камтама болгон эл аралык коомчулук Израилдин ок атышууну токтотуу кадамын кубаттаган. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Газа маселеси жөнгө салынат деген үмүтүн ортого салды.

Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эмки кадамдар төмөнкүдөй болуу керек деп билдирди:

- Бул бир тараптуу жарыя Израиль армиясынын тилкеден чыгарылышынын мөөнөтүн тактоо менен коштолууга тийиш. Ошол эле маалда Хамас согушкерлери тарабынан да кадамдар жасалышы керек. Кармаштардын токтотулушу зарыл.

Бирок көп узабай Израилдин аймагына Газа тараптан бир нече ракета атылганы кабарланган. Жөөт учактары ракета атылган жерге сокку уруп, талкалашты.

Бул аралыкта Египеттин Шарм Эл Шейх курортунда европалык лидерлер жана Пан Ги Мундун катышуусунда Газа жаңжалына арналган саммит башталды.

XS
SM
MD
LG