Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Прагага цирк келди! Болгондо да Кыргызстандан


Прагага кыргызстандык цирк келиптир деп угуп, жетине албай көргөнү барып калдык. Айтылуу циркач Манат Эшимбеков көп жылдардан бери ат үстүндө ойногон жигиттер тобун жетектеп, улам жаңы муундун өкүлдөрүн тарбиялап, алатоолук атчан жигиттердин өнөрүн дүйнө кыдырып даңазалап жүргөнүн укчубуз, эми минтип Чехияга коноктоп келип калышыптыр.

Германиялык Роланд-Буш циркинин курамында Чехия, Германияны кыдырып жүргөн Манат агайдын жигиттер тобу жалаң ат үстүндө гана оюн көргөзбөстөн, зым аркандын үстүндө Борбор Азиялык байыркы дарчылардын өнөрүн да тартуулайт экен. Кыл аркандын үстүндө алар жөн гана жай баспастан, Абды Кадыралиев аттуу балбан жигит ийнине эки кишини кондуруп алып кебелбей кадам таштайт. Манат Эшимбековдун уулу, 24 жаштагы Марс зым үстүндө бир дөңгөлөктүү араба тээп, оңго-солго сальто жасап, көрөрмандарды аябай таң калдырды.

Борбор азиялык байыркы дарчылар өнөрү менен Европалыктарды ошентип кыргыз циркачтары тааныштырууда. Зым аркан үстүндө шашпай баскан жаш балбан Абдынын ийнине Бактияр Имакеев чыгып, анын ийнине Манат агайдын келинчеги Дилбар турганда, узун аркан үчөөнү бекем кармап, жерге кулатпаса экен деп ичибизден келме келтирип отурдук.

Оюндан кийин биз менен учкай маектешкен Дилбар Эшимбекова циркте иштегендин оор жана мыкты жактары кандай деп сурасак, жылмайып коюп, буларды айтты:

- Биринчи, жаңы үйрөнө баштаганда абдан эле кыйын. Кийин акырындап көнүп каласың. Бирок аренага күнүнө 2 жолу чыксаң да, улам чыккан сайын толкунданбай койбойсуң. Оюн бүткөндө көрүүчүлөр кол чаап, ыраазылыгын билдиргенде, анда дагы бир жолу толкунданасың.

Өмүрлүк жолдошу Манат Эшимбековго үйдө камкор жубай, сахнада анын карылуу жигиттер тобуна көрк кошкон, кооз көпөлөктөй болуп татынакай гриммденип алып алардан калышпай, бардык номерлеринде кошо чыккан Дилбар менин көзүмө кыргыз аялзатына мүнөздүү эң мыкты сапаттардын баарын камтыган жандай көрүндү. Эки күн чайын ичип, жанында жүрүп калдым, жашоодо өтө токтоо, сабырдуу, аз сүйлөп акырын күлгөн Дилбар “Кыргызстан жигиттеринин” талисманы болуп калса керек.

1972-жылы 17 жаш кезинде циркке кошулгандан бери ушул өнөрдү аркалап, Америка, Европа, Кытай – айтор, ондогон өлкөлөрдү кыдырып, Алатоолук шамдагайлардын ат үстүндөгү оюнун көргөзгөн Манат Эшимбеков “Кыргызстандын жигиттери” аттуу тобуна адатта Бишкектеги гезиттерге жарнама берип, айылда өскөн, атты мыкты чаптырган, дегеле жаны атка жакын жаш балдар арасынан тандап, кийин өзү таптап-тарбиялап машыктырат экен. Ошондой жарнама аркылуу кошулган Шайыр Үмөткулов Манат агайдын тобу менен улам бир өлкөгө саякаттап жүргөнүнө 17 жыл болуптур. Ал оюндан кийин эс алып турган аттарды Кыргызстандан алып келгендерин айтып, бизге күлүктөрдү тааныштыра кетти:

- Бул 4 атты Кыргызстандан алып келгенбиз. Аттары – Бай, Белек, Кара, Малыш. Калган эки аттын бири Испанияда, экинчиси Францияда сатып алынган. Мен кичинекейимен эле атка жакын болчумун. Атты жакшы баксаң, жандосуңдай эле болуп калат.

Сарайдын сыртында калган балдар – Абды Кадыралиев, Талгат Закир уулу, Тимур Сүйөркулов, Бактияр Имакеев, Манаттын уулу Марс Эшимбеков (баары тең 20дан жаңы ашкан уландар) баштарына кара жоолугун байлап, кыргыздын оюулары салынган кийимин кийип алып аренага чыгууга даярданып турушкан экен. Алар менен учурашып атып: “Кыргыз циркинин келечеги барбы? Жаңы династиялар чыгабы?” – деп сурап калсам, тамашакөй Абды: “Албетте, ар бирибиз үйлөнөбүз, келинчегибизди, ага кошуп келечекте 2-3төн балдарыбызды цирк өнөрүнө үйрөтөбүз. Буюрса, аябай көбөйөбүз”, - деп күлүп калды.

Дене-бою чымыр, булчуңдары тартылган жигиттер күн сайын кеминде 2 саат машыгаарын айтышты. “Тамак-ашты тандап ичесиңерби?” – деп сурасам, Абды башкалардан озунуп: “Биз этти көп жешибиз керек. Күн сайын бешбармак болбосо, азып калабыз”, - деп тамаша-чыны аралаш жооп узатты. Эл-жер кыдырып жүрүп, арасында англисче, испанча, болгарча эркин сүйлөгөндөрү бар экен.

Манат Эшимбеков кийинки оюнга даярданып атып, алатоолук атчандар соңку 17 жыл ичинде алты эл аралык байге утканын айтып сыймыктанды. Ошол эле маалда циркачтардын жашоосу оңой эмес экенин, кайсыл өлкөдөн контракт сунуш кылынса, ошол жакка жөнөмөй, ортодо ишсиз калсаң, топту таркатып ийбей, жигиттерди, алар менен кошо оюн көргөзгөн Алатоолук күлүктөрдү да багуу – чоң түйшүк экенин, бирок кыйынчылыктар канчалык көп болсо да, цирк өнөрүн тандаганына эч убакта өкүнбөй турганын кеп кылды.

- Эч убакта өкүнбөйм, цирк менин сүйүктүү кесибим, башка ишти элестете да албайм. Ата-энем убагында циркте иштегенимди кубаттап сүйүнүшкөн. 1972-жылы циркке киргенден бери көп нерсеге жетиштим. Ушул акыркы 17 жыл ичинде Кытайда, Францияда 3 жолу, Италияда, Польшада – бардыгы 6 эл аралык сыйлык уттук. Римде Алтын цирк деген байгени жеңдик. Азыр ноябрга чейин Чехия менен Германияны кыдырсак, андан кийин Францияда бир ай болуп, Голландияда бир жума оюн коебуз. Андан кийин келээрки жылдын январ айында Монте-Карлодо цирк боюнча дүйнөлүк чемпионаткак чакыруу алдык. Бул менин жашоомдогу эң башкы тилегим эле, жаш кезимден бери ушул Монте-Карлодогу мелдешти утсам деп кыялданчумун. Кинодо Оскар сыйлыгы болсо, Монте-Карло - цирктеги эң чоң мелдеш.

Өз үй бүлөсүн гана эмес, жөндөмдүү жигиттерди ээрчитип алып, дүйнө кыдырып жүргөн Манат Эшимбеков – кыргыз циркинин келечеги бар, өзгөчө Бишкектеги Улуттук цирктин башчысы алмашкандан бери үмүтүбүз жанданды деп белгиледи. Бирок, дале баарыбызды тушаган кайдыгерлик мобул жаш жигиттерди чилдей таратып, баарын жоготуп, башка жерде башкалканч издеген бечарага айландырбаса болду деп кейийт.

- Бир гана өтүнүчүм – ушу Кыргызстандын президенти, же парламенти болобу, эске алышса болот эле. Ушул кыргыздын атчан балдары ар башка өлкөдө 6 эл аралык мелдешти утушту. Азыр буюрса Монте-Карлодогу дүйнөлүк чемпионатка даярданып атабыз. Өзүмө эч нерсе сурабайм, ушул балдар – кыргыз циркинин келечеги. Ушуларга бир мамлекеттин атынан эмгегин таанып, бир наам, же сыйлык берип коюшса чоң колдоо болот эле. Келечегибизди эмитен ойлобосок, мамлекетибиздин келечеги жок болуп кетет ко деп корком.

Ошентип, Прагага кыргыз цирки келип, 400-500дөй киши баткан килейген кооз алачыкта бир ай бою өнөр көргөзүп кетти. Мындан ары кышка дейре Чехиянын башка шаарларын, Германияны кыдырып, андан кийин бир ай Францияда, бир жума Голландияда болушат экен. Андан кийин эң башкысы – Монте-Карлодогу дүйнөлүк чемпионатта мелдешке чыгат. “Кыргызстандын жигиттери” тобуна ошол мелдеште башкы байгени утуп, цирк өнөрүн 37 жылдан бери аркалап келаткан Манат Эшимбековдун кыялын турмушка ашырса экен деп тилейбиз. Буюрса, аларды ээрчип Монте-Карлого да барып калаарбыз.



Кыргыз цирки Прагада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG